Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:57

28-июль: Тарых барактары


Луи Лэссинг (Коннектикут) 1900-жылдын 28-июль күнү гамбургерди ойлоп тапкан.
Луи Лэссинг (Коннектикут) 1900-жылдын 28-июль күнү гамбургерди ойлоп тапкан.

Фергана аскер губернатору генерал-майор М. Д. Скобелевдин Алай чапкыны туурасындагы рапортуна караганда орус отряды 1876-жылдын 28-июлунда Үч-Дөбөгө келген. Ал орус отряды Үч-Дөбөдө эс алып отурган маалда Шабдан баатырдын жигити Абдылдабек менен сүйлөшүү ийгиликсиз аяктаганын кабарлаган. Алынган маалыматка ылайык, Абдылдабек колго түшүүгө макулдугун берип, ал эми анын айланасындагылар орус бийлиги менен согушту улантууну туура көрүшкөн.

Фергана аскер губернатору генерал-майор М. Д. Скобелев 1876-жылдын бул күнү флигель-адъютант, полковник Витгенштейнди бир рота аскер жана эки замбирек менен Үч-Дөбөгө бекинген Абдылдабекке каршы жөнөткөн. Орус аскерлери Талдык ашуусуна караганда кыйла татаал, бирок жолду кыскарткан Арча дават багытын тандап алышкан.

Фрунзе Шаардык кеңеши 1928-жылдын 28-июлунда «Добролет» ыктырдуу коомуна аэродром куруу үчүн шаардан жер бөлүп берүү туурасында чечим чыгарган.

Совет мезгилиндеги Кыргызстан үчүн сейрек конок, Вьетнам Демократиялык Республикасынын президенти Хо Ши Мин 1959-жылдын 28-июлунда республикага иш сапары менен келген. Вьетнам коммунистеринин лидерине шаардын маданий борбору, ири мүйүздүү малды жетиштирген «Стрельников» атындагы чарба көрсөтүлгөн.

Көл кылаасындагы жаңы шаар 1989-жылдын 28-июлунда пайда болгон. Мурдагы Рыбачье шаар макамын алып эле тим болбой, анын аталышы өзгөтүлүп, эми ал Ысык-Көл аталып калды. Кыска убакытка ал бириккен Ысык-Көл жана Нарын областтарынын борборуна айланып, мында коомдук-маданий мекемелер үчүн жаңы имараттар курула баштаган.

Бишкекте “Дүйнөлүк соода уюму жана Кыргыз өкмөтүнө караштуу мекеме аралык комиссия: анын ролу жана милдеттери” деген темада эл аралык семинар 2003-жылдын 28-июлунда ишин баштаган.

Мурдагы Пущин (азыркы Тыныстанов) көчөсүнүн кесилишинде өзбек мечити менен медресе орун алган. Андан кийин совет бийлигинин убагында ал жерге Биринчи май ички иштер бөлүмү жайгашкан. Ал эми Жибек Жолу менен Ю. Абдрахманов (мурдагы Совет) көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпөс Докучаевдин бир кабат кирпич үйүндө 1920-жылдын 28-июль күнү Пишпек уезддик жаштар Союзунун Биринчи съезди ишин баштаган. Андан соң ал үйдө 1924-жылы «Серп и молот» типографиясы орун алып, ушул эле жерде биринчи Кыргыз мамлекеттик «Эркин-Тоо» басмаканасы, «Батрацкая правда», кийин “Крестьянский путь” гезитинин редакциясы жайгашкан.

Англиялык мамлекеттик ишмер Оливер Кромвел 1540-жылдын 28-июлунда жазага тартылган.

Сэр Томас Хэрриот 1588-жылдын 28-июлунда биринчи жолу Европага картошканы алып келген.

Казак элүү башчысы Владимир Атласов жетектеген экспедиция 1697-жылдын 28-июлунда Камчатка дарыясынын өзөнүнө келген. Ошентип Камчатка жарым аралын Орусиянын курамына алуу иши башталган.

Император Пётр I 1713-жылдын 28-июль күнкү жардыгына жараша Рига губерниясы уюшулган.

Витус Берингдин кемеси 1741-жылдын 28-июлунда Аляскага жеткен.

Петербургдагы Васильевск аралындагы таштан салынган Андреевск собору (архитектор А. Ф. Вист) 1764-жылдын 28-июлунда түптөлгөн.

Максимиллиан Робеспьер жана Луи Антуан Сен-Жюст баш болгон Улуу Француз революциясынын 22 ишкерлери 1794-жылдын 28-июлунда жазага тартылышкан.

Перу 1821-жылдын 28-июлунда Испаниядан бөлүнүп эгемендик алган.

Ыйык Владимир атындагы Киев университети 1834-жылдын 28-июлунда ачылган.

Күндүн толук тутулушу биринчи жолу 1851-жылдын 28-июлунда сүрөткө тартылып алынган.

АКШнын аймагында төрөлгөн адамга жарандык берген Конституцияга өзгөртүү 1868-жылдын 28-июлунда киргизилген.

Луи Лэссинг (Коннектикут) 1900-жылдын 28-июль күнү гамбургерди ойлоп тапкан.

Санкт-Петербург шаарында Орусия менен Жапония өлкөлөрү деңиз арстандары менен котиктерди коргоо келишимине 1907-жылдын 28-июлунда кол коюшкан.

Биринчи дүйнөлүк согуш 1914-жылдын 28-июлунда башталган.

Бельгиядагы каржы кризиси 1926-жылдын 28-июлунда башталган. Франктын куну кетип, өлкө королу Альберт I абалды турукташтыруу үчүн өкмөткө 6 айга өзгөчө укуктарды ыйгарган.

Советтер Союзунун коргоо боюнча Элдик комиссары 1942-жылдын 28-июлунда «Артка бир кадам да жок» деген № 227 буйрукка кол койгон.

Брест шаары фашисттик баскынчылардан 1944-жылдын 28-июлунда бошотулган.

Москва шаарында жаштар менен студенттердин VI Эл аралык фестивалы 1957-жылдын 28-июлунда ишин баштаган. Фестивалга 131 өлкөдөн 34 миң жаштар чогулган.

Социалисттик өлкөлөр бойкот жасаган Лос-Анжелес шаарындагы XXIII Жайкы олимпиада 1984-жылдын 28-июлунда ачылган.

Советтер Союзунун тарыхында митинг, демонстрация жана жүрүштөргө биринчи жолу 1988-жылдын 28-июлунда уруксат берилген.

Латвия ССРинин Жогорку Кеңеши 1989-жылдын 28-июлунда Латвиянын эгемендигин жарыялаган.

Молдованын Конституциясы 1994-жылдын 28-июлунда кабыл алган.

Чыңгыз хандын 840 жылдыгын майрамдоо алкагында Монголияда «Мамлекеттик улуу таазим» салтанаты 2002-жылдын 28-июль күнү өткөн.
XS
SM
MD
LG