Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

29-июль: Тарых барактары


Аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча Улуттук агенттикти (НАСА) уюштуруу туурасындагы мыйзамга 1958-жылдын 29-июлунда кол коюлган.
Аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча Улуттук агенттикти (НАСА) уюштуруу туурасындагы мыйзамга 1958-жылдын 29-июлунда кол коюлган.

Коммунисттик партиянын Орто Азия бюросунун Борбордук комитети 1925-жылдын 29-июлунда кыргыз саясатчыларына байланыштуу чечим чыгарган. Партиялык чечимде Абдыкерим Сыдыковдун буга чейин үч ирет партия катарынан чыгарылгандыгы айтылат.

Орто Азия бюросунун Борбордук комитети А. Сыдыковду партия катарын бузган аракети аныкталды деп, анын мындан ары партия катарына кабыл алыныш шарты соңуна чыккандыгын белгилеген.

Орто Азия бюросу «Ишенаалы Арабаевди жикчил саясат жүргүзгөндүктөн партия катарына кабыл алуу мүмүн эмес, бирок советтик кызматта пайдаланса болот» деген чечим чыгарган. Мындан тышкары Орто Азия бюросунун Борбордук комитети бир канча кыргызстандык жооптуу кызматчыларга сөгүш жарыялаган.

Кыргызстандагы поляк патриотторунун лидери Виктор Конопко 1944-жылдын 29-июлунда Лондондо уюшулган Польша өкмөтүнө каршы пикирин билдирген. «Биз Лондондогу фашисттерге ыктаган өкмөткө каршыбыз. Кыргызстандык поляктар «Катынь өч алуучулары» аталган танк колоннасы үчүн 160 миң рубль акча чогултканбыз» деген билдирүүсү Кыргыз телеграф агенттигине жарыяланган.

Кыргызстанга келген Вьетнам Демократиялык Республикасынын президенти Хо Ши Миндин сапары 1959-жылдын 28-июлунда соңуна чыккан. Кыргызстан үчүн ошол убакта сейрек конок эсептелген Вьетнам коммунистеринин лидерине шаардын маданий борбору, «Стрельников» атындагы чарба көрсөтүлгөн.

Кыргыз көркөм өнөрү 2003-жылдын 29-июлунда оор жоготууга учурады. Белгилүү драматург, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бакы Өмүралиев 71 жашында дүйнөдөн кайтты. Б. Өмүралиев Жумгал районуна караштуу Жаңы-Арык айылында 1932-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал Ташкендеги Островский атындагы театралдык институттан билим алып, Кыргыз драма театрында, «Кыргызфильм» киностудиясында, Республикалык куурчак театрында иштеп, Кыргызстан жазуучулар кошуунунда, Театр ишмерлер коомунда жооптуу кызматтарды аркалаган. Б. Өмүралиевдин «Тагдырдын өгөй балдары», «Жаңырык», «Ата сөзү – ар намыс» жана башка ондогон драмалык чыгармалары Кыргызстандагы бардык театрларда коюлган.

«Маалымат алуудагы кыйынчылыктар жана келечек» проблемасына арналган эл аралык конференция 2004-жылдын 29-июль күнү Бишкек шаарында ишин баштаган. «Сорос фонду», «Трансперенси интернешнл» жана Адилет башкаруу боюнча улуттук кеңештин катчылыгы тарабынан уюштурулган конференцияда маалымат каражаттарынын, коомчулуктун маалымат алуу мүмкүнчүлүгү талкууга алынган.

Орусия Федерациясынын Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон Борис Березовскийдин 2006-жылдын 29-июль күнү Кыргызстанга жашыруун келип-кетиши коомчулуктун бүйүрүн кызытып, саясий чөйрөгө бүлүк эле салбастан, Орусия менен Кыргызстан арасын ача жаздаганы маалым. Качкын олигархтын тымызын сапарын кыргызстандык оппозиция бийликке каршы жүйө катары колдонсо, бийлик «Б. Березовский келген жок, көргөн жокмун» деп чычалады. Анткен менен Орусиянын Башкы прокуратурасы Борис Березовский жеке учагы менен Платон Елевин ысмына жамынып 2006-жылдын 29-июль күнү Бишкекке келгендигин тастыктаган.

Ермак 1586-жылдын 29-июлунда Тура дарыясынын жээгине Тюмен шаарын түптөгөн.

АКШ мамлекетинин кысымы менен Жапония 1858-жылдын 29-июлунда чет өлкөлүктөр үчүн Токио жана Осака шаарларын ачкан.

Сэр Роберт Бейден-Поуэлл 1907-жылдын 29-июлунда Британияда бойскаут уюмун уюштурган.

Большевиктер Максим Горький негиздеген «Новая жизнь» гезитин 1918-жылдын 29-июлунда жаптырышкан.

Адольф Гитлер 1921-жылдын 29-июлунда НСДАПтын лидерлигине дайындалган.

Борбордук Аткаруу Комитети Советтер Союзунун Баатырдык наамы туурасындагы Жобого байланышкан Токтомду 1936-жылдын 29-июлунда кабыл алган.

Ж. Р. Р. Толкиндин «Шакек ээси» аттуу трилогиясынын биринчи бөлүгү 1954-жылдын 29-июлунда жарык көргөн.

МАГАТЭ Уставы 1956-жылдын 23-октябрында кабыл алынып, ал 1957-жылдын 29-июлунда күчүнө кирген.

АКШ президенти Дуайт Эйзенхауэр аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча Улуттук агенттикти (НАСА) уюштуруу туурасындагы мыйзамга 1958-жылдын 29-июлунда кол койгон.

Рим Папасы Павел VI 1968-жылдын 29-июль күнкү «Humanae Vitae» (Адам жашоосу) аталган энцикликте балдардын төрөлүшүн көзөмөлдөгөн кандай гана жасалма ыкма болбосун, бардыгына тыюу салган.

«Пионер-11» аппараты 1971-жылдын 29-июль күнү Сатурн жана анын шакекчелерин сүрөткө тартып алган.

Советтер Союзунун КГБ төрагасы Юрий Владимирович Андроповдун 1974-жылдын 29-июлундагы буйруну менен террорчуларга каршы күрөшүү үчүн «Альфа» тобу уюшулган.

Калинин шаары 1990-жылдын 29-июлунда Тверь аталышына өзгөртүлгөн.
XS
SM
MD
LG