Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

1-август: Тарых барактары


Н. Г. Чернышевский атындагы Мамлекеттик китепкана 1934-жылдын 1-августунда чоң салтанат менен ачылган.
Н. Г. Чернышевский атындагы Мамлекеттик китепкана 1934-жылдын 1-августунда чоң салтанат менен ачылган.

Кыргызстанга 1825-жылдын жай айында келген Т. В. Нюхалов менен Ф. К. Зибберштейндин экспедициясы 1-августта Жыргалаң суусуна жеткен. Дарыгер Ф. К. Зибберштейндин «чөнтөк дептеринде» кыргыз жергесинин ажайып жаратылышы тамшангандай сүрөттөлөт.

Жыргалаң айылында орус адамдарын жергиликтүү калк жылуу тосуп алган. Экспедиция өкүлдөрүн Акымбек бий менен Шералы бийдин айылдары коноктошкон. Саякатчы кыргыз меймандостугуна ыраазы болуп, ошол эле кезде аларды бөлүп-жарган уруулук араздашуу, барымтачылык сыяктуу терс көрүнүштөрдү кайгыруу менен белгилейт.

Кокон хандыгынын түндүк-батыш аймагында орун алган Чаткал жергесинде хандыкка каршы башталган кыргыздардын көтөрүлүшү 1874-жылдын август айынын башталышында кульминациялык чегине жеткен. Момун Шамурзаков баштаган 10 миң кыргыздар Алабука капчыгайы аркылуу Касан шаарына бет алышкан. Чартак жана Йаны курган чептеринде жайгашкан хандык бектер Сафид булак кыштагына бекинишкен. Кыргыздар 1874-жылдын 1-августунда кокондуктарга кол салышып, аларды кайра чепти карай сүрүшкөн. Кагылышта эки тарап тең оор жоготууга учурап, Касан шаар башчысы Намангандын кашындагы Төрө курганга качкан. Бош калган шаарды кыргыздар каршылыксыз ээлешкен.

Флигель-адъютант, полковник Витгенштейн Чоңсуу капчыгайы аркылуу качкан Абдылдабекти кууп, 1876-жылдын 1-августунда Курчак капчыгайы аркылуу Чоңсууга чыккан. Жоодон качкан Абдылдабек жигиттери менен Кашкарга кетчү Туюксуу капчыгайына кирип изин таптырбай кеткен. Генерал-майор М. Д. Скобелевдин маалыматына караганда Мунгуш уруу бийи Болот, Курманжан датканынын уулуна жазган каты боюнча Абдылдабекти издеп чыккан. Бирок анын кайда кеткендиги туурасында кабар алалбаган полковник Витгенштейн кайра кайтууга мажбур болгон.

Кыргыз АССРинин партия комитетинин чечимине ылайык Н. Г. Чернышевский атындагы Мамлекеттик китепкана 1934-жылдын 1-августунда чоң салтанат менен ачылган.

Юстиниан I 527-жылдын 1-августунда Византиянын императордук тагына отурган.

Швейцариялык Швиц, Ури, Унтервалден кантондору Швейцария конфедерациясына жол ачкан «түбөлүк биримдик» туурасындагы келишимге 1291-жылдын 1-августунда жетишкен.

Эдуард IV 1461-жылдын 1-августунда Англиянын башына келген.

Христофор Колумб европалыктардан биринчи болуп 1498-жылдын 1-августунда Венесуэлага жеткен.

Англис окумуштуусу Жозеф Пристли 1774-жылдын 1-августунда кислороддун химиялык элементин ачкан.

Швеция 1780-жылдын 1-августунда мамлекеттин бейтарапсыздыгы туурасында жар салган.

Абукир салгылашында англис флотунун адмиралы Нельсон 1798-жылдын 1-августунда француз флотун жеңген.

Германия 1914-жылдын 1-августунда Орусияга согуш жарыялаган.

Литва Республикасынын биринчи Конституциясы 1922-жылдын 1-августунда күчүнө кирген.

Советтер Союзундагы "Кызыл Туу" ордени 1924-жылдын 1-августунда кабыл алынган.

Советтер Союзунун Баатырдык «Алтын Жылдыз» медалы 1939-жылдын 1-августунда киргизилген.

Бүткүл Союздук айыл чарба көрсөтмөсү 1939-жылдын 1-августунда ачылган.

Советтер Союзунун тышкы иштер министри Вячеслав Молотов 1940-жылдын 1-август күнкү СССР Жогорку Кеңешинин сессиясында сүйлөгөн сөзүндө «Латвия, Литва жана Эстониянын эмгекчилери аталган республикалардын Советтер Союзунун курамына киргендигин кубануу менен кабыл алышты» деп билдирген.

Немистик фашисттерден Польшаны бошотуу максатында чыккан Варшава көтөрүлүшү 1944-жылдын 1-августунда башталган.

Швейцариялык окумуштуу Огюст Пикар баласы Жак менен биргелешип иштеген «Триест» батискафынын курулушу 1953-жылдын 1-августунда бүткөн.

«Маяк» радиостанциясынын чакырыгы 1964-жылдын 1-августунда обого чыгарылган.

Тринидад жана Тобаго 1976-жылдын 1-августунда эгемендик алган.
XS
SM
MD
LG