Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:14

2-август: Тарых барактары


Ирак аскер күчтөрү 1990-жылдын 2-август күнү Кувейтке кол салган.

Ирак аскер күчтөрү 1990-жылдын 2-август күнү Кувейтке кол салган.

Жыргалаңдагы бугу уруусунун арык тукумунан чыккан Олжобай Түлөбердиевдин айылында 1825-жылдын бул күнү кыргыз аксакалдары менен бийлеринин курултайы өткөн. Курултайда Кыргызстанга келген Т. В. Нюхалов менен Ф. К. Зибберштейндин экспедициясынын максатын түшүндүргөн кат тапшырылган.

Ф. К. Зибберштейндин жазганына караганда, ушул эле маалда бугу кыргыздарына Кокон хандыгынан элчилик келген. Алар кыргыздарды бөлүп-жаруу жолу менен хандыктын курамына киргизүү максатында сарыбагыш кыргыздарын «түгөл кыруу үчүн биргелешип аракет көрүүнү» сунуш кылышкан. Бирок бугулар кокондуктардын кайраштырма саясатын кабыл албай, абийирсиз сунушту четке кагышкан.

Хандык аскерлердин 1874-жылы Сафид булакта жеңилгендигин уккан Худаяр хан 2-августта Абдурахман Автобачи менен Иса Аулие баштаган 7 миң аскерди Кокондон кыргыздарга каршы аттандырган. Көтөрүлгөн кыргыздардын саны 10 миңге жеткени менен алар начар куралданып, жоокерчилик тартиби болгон эмес. Анын натыйжасында Төрө кургандагы салгылашта кокондуктар аларга катуу сокку уруп, согушта 300 чамалуу кыргыз шейит учкан. Момун Шамурзаков баштаган калган кыргыздар болсо Чаткалга качып келишкен.

Кокон ханы Насреддинге жакын адамдардын бири Мирза Хаким, 1875-жылдын 2-августунда хандыктын калкы орустарга каршы «газават – ыйык согушуна» чыкпай тургандыгын кабарлаган. Анын айтымына караганда, ыйык согуш идеясын жалгыз Абдурахман Афтобачи жар салып жүргөнү жана аны эч ким колдобой турганы маалым болгон.

Пишпек уезддик жаштардын 1-съезди 1920-жылдын 2-августунда ишин аяктаган. Жаштар жыйыны Жибек жолу менен Ю. Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги бир кабат кирпич үйдө өткөн. Ал үйдү көпөс Докучаев салдырып, өз убагында ал борбор шаардын архитектуралык үлгүсү эсептелинген. Кийин мында «Серп и молот» типографиясы, «Эркин Тоо», «Батрацкая правда» гезиттеринин редакциялары орун алган.

Канн алдындагы салгылашта Карфаген аскер башчысы Ганнибал б. з. ч. 260-жылдын 2-августунда 80 миң чамалуу рим армиясын талкалаган.

Гай Юлий Цезарь б. з. ч. 49-жылдын 2-августунда Помпейдин аскерин Лерида кашында талкалаган.

Гай Юлий Цезарь б. з. ч. 47-жылдын 2-августунда боспор падышассы Фарнак II колун талкалап, сенатка «Келдим, көрдүм, жеңдим» деген билдирүү жөнөткөн.

Батыш Рим императору Майориан 461-жылдын 2-августунда өзүнүн офицери Рицимер тарабынан өлтүрүлгөн.

Франция, Англия, Австрия жана Голландия мамлекеттери 1718-жылдын 2-августунда Испанияга каршы Төрттүк биримдигин курушкан.

Испандык көчкүндөр 1769-жылдын 2-августунда Нуэстра Сеньора ла Рейна де Лос Анжелес де Порциунцила деген кыштакты түптөшкөн. Азыр ал жөн гана Лос-Анжелес деп аталат.

Наполеон Бонапарт 1796-жылдын 2-август күнкү Лонато салгылашында австриялыктардын армиясын талкалаган.

Наполеон Бонапарт 1802-жылдын 2-август күнкү плебисцит боюнча өмүр бою Франциянын консулу болуп чечилген.

Нью-Йорк шаарындагы айтылуу Бешинчи авеню көчөсү 1824-жылдын 2-август күнү ачылган.

Бурбон династиясынын акыркы монархы, француз королу Карл X 1830-жылдын 2-август күнү тактан баш тарткан.

Португалиядагы атактуу «Порту» футболдук клубу 1906-жылдын 2-август күнү уюшулган.

Москва аскер округунун машыгуу маалында 1930-жылдын 2-август күнү биринчи жолу абадан аскер десанты түшүрүлгөн. Ошентип бул дата Советтер Союзунда Аскер Аба күчтөрүнүн күнү катары белгиленип калган.

Германия рейхс-президенти Паул Гинденбургдун көзү өткөндөн кийин 1934-жылдын 2-август күнү Адольф Гитлер өлкөнүн фюрери деп аталган.

Египет менен Ливия бир мамлекетке биригүү туурасындагы келишимге 1972-жылдын 2-август күнү кол коюлган.

Ирак аскер күчтөрү 1990-жылдын 2-август күнү Кувейтке кол салган.

Терең сууга ылайыкташтырылган “Мир” аппараты 2007-жылдын 2-август күнү дүйнөдө биринчи жолу Түндүк Муз океанынын түбүнө түшүрүлүп, ал жерге Орусиянын туусу орнотулган.
XS
SM
MD
LG