Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

4-август: Тарых барактары


Африка Улуттук Конгресс уюмунун лидери Нельсон Мандела 1962-жылдын 4-августунда түрмөгө камалган.
Африка Улуттук Конгресс уюмунун лидери Нельсон Мандела 1962-жылдын 4-августунда түрмөгө камалган.

Алгазы Шераалы уулу, Акымбек Олжобай сыяктуу кыргыз бийлеринин мөөрү басылган кат 1825-жылдын бул күнү Батыш Сибирь генерал-губернаторуна жолдонгон. Кыргыз уруу башчылары мындагы абал жана орус бийлигинен күтүлчү урмат-сый белектердин чоо-жайын сурашкан.

Кыргызстанга 1825-жылы келген саякатчы Ф. К. Зибберштейн Санташтан, Сон-Көлгө чейин кыргыздардын бугу уруусу жердей турганын жазган. Анын 4-август менен белгиленген күндөлүгүндө бугу уруусу - белек, арык, желдең жана кыдык болуп төрткө бөлүнөрү айтылат. Ал убакта белекти Шераалы, арык тукумун Олжобай, желдеңдерди Жапалак, кыдык балдарын Өмкү бийлер башкарган. Саякатчы алар жердеген аймакты жана мында канча түтүн адам жашарын тизмектей кабарлаган.

Түркстан аскер округунун командачысы К. П. Кауфман 1875-жылдын 4-августунда Кокон ханы Насреддинге кат жолдогон. Катта генерал аны Кокон ханы экендигин расмий түрдө таанып, эки тарап ортосундагы эски келишимди жандандыруу сунушун айткан.

Кыргыз атчандар дивизиясынын эки эскадрону 1930-жылдын 4-августунда Ош шаарына келген. Кызыл аскерлерге Ажык ашуусуна бекинген басмачылар отрядын талкалоо милдети жүктөлгөн. Ушул эле күнү алар Сады кыштагы аркылуу Жалпак таш капчыгайына өтүп, Кавак ашуусуна келишкен.

Жамааттык коопсуздук келишиминин алкагында Кыргызстанда өтчү аскердик машыгуулар 2004-жылдын бул күнү башталган. Аскер күчтөрүнүн сыноосуна Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Беларустун куралдуу күчтөрү катышып, анын жүрүшүнө Коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлери байкоо салган.

Римден куулган айтылуу чечен Цицеронго б. з. ч. 57-жылдын 4-августунда кайра кайтып келүүгө уруксат берилген.

И. Мазепа 1687-жылдын 4-августунда Украинанын гетманы болуп шайланган.

Француз монахы Дом Периньон 1693-жылдын 4-августунда шампан жасоонун сырын ачкан.

Франция менен Орусия 1704-жылдын 4-августунда достук келишимге кол коюшкан.

Лондон шаарындагы биринчи циркти 15-жеңил атчандар кошуунунун кызматтан кеткен сержанты Филип Эстли 1777-жылдын 4-августунда ачкан.

Барклай-де-Толли менен Багратион жетектеген 1-жана 2-орус армиялары 1812-жылдын 4-августунда Смоленск шаарында биригишкен. Ошентип Башкы командачы Барклай-де-Толли француздарга орус армияларын бирден талкалоого жол берген эмес.

Москва Кремлиндеги Царь-Колокол 1836-жылдын 4-августунда орнотулган.

Эльзас менен Лотарингия 1879-жылдын 4-августунда Германиянын аймагы деп жар салынган.

Владимир Ульянов (болочок Ленин) 1892-жылдын 4-августунда сот ишин жүргүзүүгө укук алган.

Британия 1914-жылдын 4-августунда Германияга согуш жарыялаган.

Ойлоп тапкыч Александр Беллдин сөөгү 1922-жылдын 4-августунда жерге берилген. Бул убакта Түндүк Американын 13 миллион телефону да аза күткөндөй иштеген эмес.

Африка Улуттук Конгресс уюмунун лидери Нельсон Мандела 1962-жылдын 4-августунда түрмөгө камалган. Ал түрмөдө 28 жыл жатып, бул убакта Түштүк Африка Республикасында апартеид режимине каршы күрөшүүнүн символуна айланган. Кийин ал түрмөдөн бошотулгандан кийин дароо өлкө президенттигине шайланган.

Африкалык Жогорку Вольта мамлекети 1984-жылдын 4-августунда Буркина-Фасо аталышын алган.

Ооганстандын мурдагы падышахы 29 жыл өткөндөн кийин 2002-жылдын 4-августунда өлкөсүнө кайтып келген.
XS
SM
MD
LG