Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

8-август: Тарых барактары


Бээжиндеги XXIX Олимпиада оюндары 2008-жылдын 8-августунда ачылган.

Бээжиндеги XXIX Олимпиада оюндары 2008-жылдын 8-августунда ачылган.

Пишпек уездинин жетекчиси Ф. Г. Рымцевичтин рапортуна караганда Атаке болуштугунда башталган кыймылга 1916-жылдын бул күнү Сарыбагыш волостунун жаштары кошулган. Анын айтымында, Кемин суусунун бир тарабына атакеликтер, экинчи жагына сарыбагыштыктар топтолушуп, ал эми көпүрөгө эки болуштуктун аксакалдары, молдолору чогулушкан.

Эки жактын кадырлуу өкүлдөрү сөз сүйлөшүп, кырдаал туурасында маалымат беришкен. Атаке болуштугунан чыккан Белек Солтоноев «орустарды талап, аларды Ташкенге чейин кууш керек же жерибизде жексен болушубуз керек» деп жар салган.

Архивдик материалдарга караганда империялык бийликке каршы козголгон кыргыздар 1916-жылдын бул күнү Боом капчыгайында орус аскерлерине кол салышып, мылтыктарын тартып алышкан. Курал-жарак ташыган унааны кайтарган эки жоокер шейит учуп, экөө качып, бири жаракат алгандыгы маалым болгон. Пишпек уездинин башчысы Ф. Г. Рымцевичтин рапортуна ылайык кыргыздардын колуна 200, кээ бирлеринин айтымында 500гө жакын мылтык, 550 ок түшкөн.

Пржевальск уездиндеги кыргыздардын боштондук кыймылы 1916-жылдын 8-августунда Ысык-Көлдүн түндүк-батышында башталган. Бул күнү кыргыздар орустардын көлөмдүү кыштагы Сазановкага кол салышып, жергиликтүү дыйкандарды өлтүрө башташкан.

Пишпек уезддик башчысынын Жетисуу областтык башкармасына жолдогон рапортунда, 1916-жылдын 8-августунда кыргыздардын «ээнбаштыгы» Самсонов станциясы, Рыбачье, Новороссийск, Быстрорецк, Белый пикет, Орловка, Покровка, Токмок, Юрьвка, Ивановка жана Новоалександровка кыштактарын кучагына алгандыгы кабарланат.

Кыргызстандын Азия жана Африка өлкөлөрү менен тилектештик комитети 1969-жылдын бул күнү калкка кыймылдын максат жана милдеттерин түшүндүрүү ишин баштаган. Советтик Азия жана Африка өлкөлөрү менен тилектештик комитет төрагасынын орун басары Чыңгыз Айтматов менен комитеттин жооптуу катчысы Александр Дзасохов бул күнү кеңири билдирүү жасашкан.

Голландыктар 1628-жылдын 8-августунда Кубанын жээгинен 80 тонна күмүш ташыган испандык кемелерди колго түшүрүшкөн.

Екатерина II 1783-жылдын 8-августунда А. Суворовду Ыйык Владимир ордени менен сыйлаган.

Адмирал Фёдор Ушаковдун эскадрасы 1790-жылдын 8-августунда Осмон империясынын флотун талкалап, Орусиянын Кара деңиздеги үстөмдүгүн камсыз кылган.

Наполеон Бонапарт 1815-жылдын 8-августунда Ыйык Елена аралына сүргүнгө айдалган.

Билим берүү министри граф С. С. Уваров тарабынан иштелип чыккан Орусиянын жаңы университеттик уставы 1835-жылдын 8-августунда кабыл алынган.

Герман императору Вильгельм II 1897-жылдын 8-августунда Петергофко келген.

Англичандар 1901-жылдын 8-августунда Түштүк Африкада бурлардын аскер башчысы де Вилльерсти туткунга алышкан.

Перстик өкмөт аскерлери Ирандагы көтөрүлүш жетекчилери Саттар хан менен Бегир ханды 1910-жылдын 8-августунда туткундашкан.

Англо-француздук аскерлер 1915-жылдын 8-августунда Тоголендди (азыркы Того) басып алышкан.

Англо-француздук аскерлердин Амьен операциясы (Германиянын кара күнү) 1918-жылдын 8-августунда башталган.

Советтик аскерлер 1919-жылдын 8-августунда Тюменди ээлешкен.

Барон Врангелдин колу 1920-жылдын 8-августунда Кубанга түшкөн.

Герман Геринг 1935-жылдын 8-августунда Германиянын жаңы индустрия тармагы эсептелген сыналгыга жетекчиликке дайындалган.

Жапондор 1937-жылдын 8-августунда Бээжинди басып алышкан.

Франциянын фашистчил өкмөтү 1940-жылдын 8-августунда мурдагы премьер-министрлер Л. Блюм менен Э. Даладьени камакка алышкан.

И. Сталин 1941-жылдын 8-августунда Советтик армиянын Башкы командачылыгына дайындалган.

Советтик беш «Ил-4» учактары биринчи жолу Берлинди 1941-жылдын 8-августунда бомбалашкан.

Советтер Союзу тарапта согушуш үчүн бельгиялыктардан турган «Валлон легиону» 1941-жылдын 8-августунда куралган.

Кызыл Армиянын куралдуу күчтөрүнө КВ-85 оор танкы 1943-жылдын 8-августунда келген.

Гитлерге каршы кутум уюштурган сегиз немис офицери, анын ичинде фельдмаршал фон Вицлебен 1944-жылдын 8-августунда Берлин шаарында пианинонун кылына асылган.

Советтер Союзу 1945-жылдын 8-августунда Жапонияга каршы согуш жарыялап, Манчжурига аскер киргизген.

Европа Кеңешинин биринчи жыйыны 1949-жылдын 8-августунда Страсбург шаарында ишин баштаган.

Лаостогу аскер төңкөрүшү 1960-жылдын 8-августунда жасалган.

Бангкок шаарында Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн Ассоциациясы (АСЕАН) 1967-жылдын 8-августунда уюшулган Ага Индонезия, Малайзия, Сингапур, Таиланд, Филиппин, андан кийин Бруней (1984), Вьетнам (1995), Лаос жана Мьянма (1997), Камбоджа (1999) мамлекеттери кирген.

Ричард Никсон Уотергейт чуусуна байланыштуу президенттик кызматтан кете тургандыгын 1974-жылдын 8-августунда билдирген.

Гватемаладагы аскердик төңкөрүш 1983-жылдын 8-августунда жасалган.

Ирак мамлекети 1990-жылдын 8-августунда Кувейтти аннексиялагандыгын билдирген.

Париж шаарында Ирандын мурдагы премьер-министри Ш. Бахтиар 1991-жылдын 8-августунда өлтүрүлгөн.

Британия, АКШ жана италиялык окумуштуулар 2000-жылдын 8-августунда адамды клондой турган тажрыйба жүргүзүлө баштагандын билдиришкен.

Бээжиндеги XXIX Олимпиада оюндары 2008-жылдын 8-августунда ачылган.
XS
SM
MD
LG