Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:24

10-август: Тарых барактары


Орус приставы Перемышльскийге жолдонгон Ормон хан менен анын уулу Үмөтаалынын каты 1853-жылдын 10-августу менен катталган. Катта орус бийлиги Ормон ханды чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирилет. Ал орустардын чакырыгын кабыл албагандыгын, Пишпектеги Кокон хандыгынын өкүлчүлүгүнүн орустарга каршы согушуу туурасында кабар келгендигине байланыштуу экендиги менен түшүндүргөн.

«Эгерде мен же менин уулум сизди көздөй кетсек, анда Ормондун оруска кирип кеткенин угушат да, дароо кол салып, элди бүлдүрүп чаап алышат, мына ушундан чочудук» деп жазылат ал катта.

Бедел ашуусундагы кыргыз-кытай чек арасын тактоого 1911-жылы жиберилген поручик-картограф Ледомской жергиликтүү кыргыздар Чоң Терек капчыгайынын кимге караштуу экендигинен беймаалым экендигин кабарлаган. Анын 10-августтагы маалыматына ылайык, Чоң Терек капчыгайында жайкысын кытайлык кыргыздар орун алып, кышкысын кээде бул жакка Үзөңгү кууш аркылуу орустар менен кыргыздар келишкен.

Кара-Балта, Байкөчө, Талды-Булак, Бакин, Өтөгөн, Жамансарт, Түлөберди болуштуктарында тартипсиздик башталгандыгы туурасында кабар 1916-жылдын бул күнү тараган. Пишпек уезддик жетекчисинин көрсөтмөсүнө караганда Белогорка кыштагынын участкалык приставы, көзөмөлчү жана катчылары козголоңчулар тарабынан өлтүрүлгөн.

Сокулук суусунун жогорку агымында орун алган Белогорка кыштагына волость башчысы, волосттук катчы сакчы аскерлер менен 1916-жылдын 10-августунда келип, айылдыктарга согушка минилчү жылкы алына тургандыгын билдиришкен. Мындай кабар болуштук калкына чагылгандай тарап, Токто жана Чыны айылдарынын тургундары бийликке каршы козголушкан.

Жетисуу областтык аскер-губернаторунун Куропаткинге жолдогон телеграммасында Пишпек уезддик начальниги менен Токмок участкалык приставдары биргелешип көтөрүлүшчүлөргө каршы чечкиндүү аракет көрө башташкан. 1916-жылдын 10-августунда алар 30 аскер менен 100 чамалуу козголоңчуларды өлтүрүп, көптөгөн адамдарды камакка алышкан.

Бу күнү немис агартуучусу, иудаизм коомунун негиз салуучусу Леопольд Цунц, 1839-жылы фотоэффект мыйзамын ачкан орус физиги Александр Столетов, 1845-жылы казак акыны Абай Кунанбаев, 1902-жылы швед биохимиги, Нобель сыйлыгынын лауреаты Арне Тизелиус, 1916-жылы акын Камчы Жунусов жарык дүйнөгө келген.

Вавилон падышасы Навуходоносор б.з.ч. 422-жылдын 10-августунда убагында Соломон курган биринчи храмды буздуртуп, аны өрттөтүп салган.

Верден келишимине ылайык, Улуу Карлдын империясы 843-жылдын 10-августунда үч баласына тең бөлүнгөн.

Англис королу Жон Каботко Канаданы ачкандыгы үчүн 1498-жылдын 10-августунда сыйлыкка деп 10 фунт берген.

Португалдык деңиз саякатчысы Диогу Диаш Индияга бараткан флотилиядан адашып, 1500-жылдын 10-августунда Мадагаскар аралын ачкан.

Франция королу Франциск I 1539-жылдын 10-августунда латынчанын ордуна француз тилин мамлекеттик тил макамы деңгээлине чыгарган.

Англия королу Карл II 1675-жылдын 10-августунда Гринвичтеги Королдук обсерваторияга биринчи таш түптөгөн.

Улуу Француз революциясы 1792-жылдын бул күнү Тюильри сарайына чабуул коюп, король Людовик XVIII камакка алынган.

Миссури 1821-жылдын 10-августунда АКШнын 24-штаты аталган.

Америка Кошмо Штаттарындагы биринчи илимий изилдөөчү мекеме 1846-жылдын 10-августунда англис химиги жана минералогу Жеймс Смитсондун акчасына ачылган Жаңы мекеме уюштуруучунун урматына АКШ Конгресси тарабынан Смитсон институту деп аталган.

Америкалык астроном Асаф Холл 1877-жылдын 10-августунда Марстын спутниги Деймосту ачкан.

Англис адамы Дэн Райлэндс 1889-жылдын 10-августунда бурама бөтөлкөнү патенттеген.

«Бухарест 1913-жылкы тынчтык келишими» менен 1913-жылдын 10-августунда Болгария, Румыния, Сербия, Черногория жана Греция ортосундагы Экинчи Балкан согушу аяктаган.

Новороссийск шаарында «СССРдин цемент өнөр жайы» аталган көргөзмө 1979-жылдын 10-августунда ачылган.

Орусиялык космонавт Юрий Маленченко менен теги орус АКШ жараны Екатерина Дмитриева 2003-жылдын 10-августунда космосто «Космостук үйлөнүү той» өткөрүшкөн.
XS
SM
MD
LG