Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:06

Кыргыз калкынын 1916-жылкы боштондук күрөшү адеп чыкканда эле бирдиктүү башкарууга жетише албаганынан улам көтөрүлүш башынан чаржайыт багыт алган. Архивдик материалдар күбөлөндүргөндөй, көтөрүлүш чыккандан кийин Кыргызстандын түндүк бөлүгүнүн ар кайсыл аймагынан фронттук билдирүүдөй кооптуу кабарлар түшүп турган.

Пишпек уезддик жетекчисинин Жетисуу областтык аскер губернаторуна жолдогон рапортуна караганда, уезддик жетекчиге 1916-жылдын 13-август күнү “кыргыздардын калың колу Токмок шаарын камалоого алыптыр” деген кабар түшкөн. Пишпек уезддик жетекчиси 14 төмөнкү чинден куралган отряд менен дароо Токмок шаарына келген.

Ал жерден ага Шамшы, Бурана, Нурмамбет, Байсейит болуштуктарынан куралган 5000 чамалуу кыргыз 28 желекке бөлүнүп, Токмок менен Покровка кыштактарын айланып өтүштү деген кабар жеткен.

Жетисуу областына караштуу Пржевальск уездинин полковниги Ивановдун областтык вице-губернаторго жолдогон рапортунда, дунган калкы көтөрүлүш айынан мал-мүлкүн таштай качкан. Полковник Ивановдун буйругуна ылайык, алардын мүлкү ташылып аскер казармаларына жыйылган. Казармалар кайтарылып, буюмдар көзөмөлгө алынганына карабастан, 1916-жылдын 13-августунан баштап шаардык букаралар колго тийген буюмдарды четинен уурдап башташкан.

Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшү маалында Пржевальск шаарындагы айыл чарба мектеби кыйратылган. Көтөрүлүшкө байланыштуу күбөгө тартылган И. А. Поцелуев мектептин кыйратылышына пржевальскилик интеллигенция өкүлдөрү менен карыган, чала керең генерал Корольков күнөөлүү деп айыптаган. Мектеп 13-август күнү ойрондолуп, бул маалда казак орус отрядын жетектеген Овчинников Маринка айылын талкалап, үйлөрдү өрттөө менен алек болгон. Мектеп эртең менен саат 9-11 арасында, т. а. Овчинников Маринка айылын өрттөп жаткан убакта талкаланган. “Эгер мектеп камкорчусу генерал Корольков Овчинниковдун отрядын мектепти коргоого алганга буйрук бергенде, окуу жай аман калмак” деп көрсөтмө берген И. А. Поцелуев.

СССР Илимдер Академиясынын вице-президенти, кара металлургия наркомунун орун басары, академик Иван Бардиндин Кыргызстанга жасаган жашыруун кыдыруусу 1942-жылдын 13-августунда соңуна чыккан. Академик И. Бардиндин комиссиясы Кыргызстанда темир өндүрүшүнүн тоолук циклин жайгаштыруу мүмкүн деген тыянак чыгарган. Комиссиянын бүтүмүндө Кыргызстанда темир рудасын өндүрүп, андан даяр продукция чыгаруу шарт бар экендиги белгиленген.

СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалы 1943-жылдын 13-август күнү Фрунзе шаарында салтанат менен ачылган. Илим Академиясынын Кыргыз филиалы адегенде, «Кыргызстандагы илим мекемелери менен эвакуацияланган СССР Илимдер Академиясынын Биологиялык бөлүмүнүн негизинде уюшулган». СССР Илимдер Академиясына караштуу Кыргыз филиалынын ачылыш салтанаты Панфилов сейил багындагы жайкы театрда өткөрүлгөн. КырФАН президиумун Фрунзеге эвакуацияланган айтылуу илимпоз, академик К. Скрябин жетектеп, анын биринчи орун басарлыгына тилчи Ж. Шүкүров дайындалган.

13-август – Сологойлордун эл аралык күнү белгиленет. Биринчи жолу сологойлор күнү 1973-жылдын 13-августунда майрамдалган. Бүгүнкү күнү дүйнө жүзүндөгү 500 миллион адам сол колу менен эмгектенип, алар үчүн өнөр жай тармагындагы эмгек куралдарын ыңгайлаштыруу зарылчылыгы күн тартибине коюлган.

Пасхалий II 1099-жылдын 13-августунда Рим Папалыгына шайланган.

Эрнан Кортес 1521-жылдын 13-августунда ацтектердин борбору Теночтитланды басып алган.

Рихард Вагнердин чыгармаларын угуу үчүн 1876-жылдын 13-августунда Байройтто атайын план менен курулган атайын музыкалык театр ачылган. Ошентип мында биринчи күнү айтылуу композитордун «Нибелунг шакеги» аттуу толук операсы аткарылган.

Америкалык ойлоп тапкыч Уильям Грей 1899-жылдын 13-август күнү телефон-автоматты патенттеген.

Швеция менен унияны бузуш үчүн Норвегия мамлекети 1905-жылдын 13-августунда референдум өткөргөн.

Фашисттик Германиянын армиясы румындык аскерлердин колдоосу менен 1941-жылдын 13-августунда Одесса шаарын толук курчоого алган.

Германия менен Жапония 1952-жылдын 13-августунда Эл аралык валюта фондуна киришкен.

Германия Демократиялык Республикасы 1961-жылдын 13-августунда Батыш жана Чыгыш Берлин менен чек арасын толук жапкан.

СССР президенти М. С. Горбачёв 1990-жылдын 13-августунда «20-50-жж. саясий репрессиялангандардын укугун калыбына келтирүү туурасында» жардыкка кол койгон.

Айтылуу хирург Ренат Акчурин жүрөктү токтотпостон опреация жасай турган аспапты 2002-жылдын 13-август күнү Москва шаарында көрсөткөн.
XS
SM
MD
LG