Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:01

14-август: Тарых барактары


Курманбек Бакиев 2005-жылдын бул күнү экинчи жолу Кыргызстандын президенти болгон.
Курманбек Бакиев 2005-жылдын бул күнү экинчи жолу Кыргызстандын президенти болгон.

Көтөрүлүш чыгарган кыргыздар 1916-жылдын бул күнү Токмок шаарын алуу максатында калаага тынымсыз чабуул коюп турушкан. Ыктыярдуу адамдарды кошкондо 520 адам орустардын жазалоочу отряды 10 күн бою уланып турган кыргыздардын кысымына каршы күрөшкөн.

Токмок шаарын алыш үчүн Ысык-Ата, Шамшы, Бурана, Тынай, Болот, Нурмамбет, Байсейит, Шамурсин, Кочкор, Абайылда, Жумгал жана Курманкожо болуштуктарынын калкы катышкан. Болуштуктардан топтолгон адамдардын саны миңге чамалап, алар шаарды ээлеш үчүн болгон күчүн жумшашкан.

Шамшы, Бурана, Нурмамбет, Байсейит болуштуктарынан чогулган 5 000 чамалуу кыргыз 1916-жылдын бул күнү 28 желекке бөлүнүп, Токмок жана Покровка кыштактарын айланып өтүшкөн. Кыргыздар бул күнү эртең мененки саат 9дан баштап, бешимге чейин шаарда бекинген аскерлерге тынымсыз чабуул коюп турушкан. Шаар жана кыштактарды коргогон орус аскерлери согушкан жеринен кетпестен турган жеринде түнөшүп, ошол жерден тамактанышкан.

Солтонун Бөлөкбай болуштугунун кыргыздары 1916-жылдын бул күнү Ивановка волостунун кыштактарын талкалап, талап-тоношкондугу туурасында орус бийлигине кабар түшкөн. Ивановка кыштагынан 7 адам өлтүрүлүп, дыйкандар үй-жайын таштай качышкан.

Кочкордук 300 чамалуу адам 1916-жылдын бул күнү Ак мойнок айылына келип, ак боз бээ союп, шерттешип Байзакты хан көтөрүшкөн. Алар Нарынды басып алыш үчүн аттанып, жолдон аларга калган кыргыздар кошулуп отуруп, козголгон адамдардын саны 2000 чамалаган. Байзак колду жүздүккө бөлүп, Кулмат, Мамыркан, Көккөз, Чуңкул, Балкыбектерди жүз башчылыкка койгон.

СССР Борбордук Аткаруу комитети менен Элдик комиссарлар кеңешинин 1930-жылдын бул күнкү Токтомуна ылайык, өлкөдө 8-10 жаштан тарта «Жалпы милдеттүү баштапкы билим алуу» программасына киргизилген. Ошентип сабатсыздыкты жою саясаты кыргыз калкына да таасир тийгизип, кат тааныбаган адамдардын саны кыскарган.

Лоцманов И. П. 1937-жылдын 14-августунда Кыргыз ССР НКВДсынын элдик комиссары болуп дайындалган. Анын Кыргызстандагы иши репрессиянын туу чокусуна туш келген. Жалпы жонунан 7610 адам «эл душмандары» аталып, алды атылып, алардын көбү сүргүнгө айдалып дайынсыз жоголгон.

Курманбек Бакиев 2005-жылдын бул күнү экинчи жолу Кыргызстандын президенти болгон. «Ало Тоо» аянтында өткөн салтанатта ага президенттик штандарт тапшырылып, президенттик төш белги тагылган.

Бу күнү, 1777-жылы даниялык физик, электромагнетизм теориясын тапкан Ханс Кристиан Эрстед, 1867-жылы англис жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Жон Голсуорси жарык дүйнөгө келген.

Макбет 1040-жылдын 14-август күнкү Элгин салгылашында аталаш тууганы, Шотландия королу Дунканды өлтүрүп, королдук такты ээлеген.

Кёльн соборунун курулушу 1248-жылдын 14-августунда башталган.

Падышалык буйрукка жараша Запорожия Сечи 1775-жылдын 14-августунда жоюлган.

Геннадий Иванович Невельской жетектеген Амур экспедициясы 1850-жылдын 14-августунда Куегда урчугуна Орусия империясынын туусун тиккен. Ошентип Николаевский күзөтүнүн (азыркы Николаевск-на-Амуре шаары) түптөлүшүнө жол салынып, Г. И. Невельской болсо, өзү эле Амур жээги менен Сахалиндин империяга кошулгандыгын жар салган.

Санкт-Петербургдагы Зоологиялык бакча 1865-жылдын 14-августунда ачылагн.

Англиянын Фолкстон шаарында 1908-жылдын 14-августунда биринчи жолу сулуулардын эл аралык конкурсу өткөн.

Львов шаарында 1914-жылдын 14-августунда Украинанын Башкы Радасы уюшулган.

Убактылуу өкмөттүн 1917-жылдын 14-август күнкү чечимине ылайык, орус падышасы Николай Романов үй-бүлөсү менен Тобольскиге айдалган.

Түркестан фронтунун командачысы М. В. Фрунзенин жетекчилиги менен Колчактын Түштүк армиясын талкалаш үчүн 1919-жылдын 14-августунда Актюбинск операциясы башталган.

Британия менен АКШ 1941-жылдын 14-августунда Атлантикалык хартияны курушкан.

Москва шаарында отуз жылга эсептелген советтик-кытай достук келишимине 1945-жылдын 14-августунда кол коюлган.

Жапон императору Хирохито 1945-жылдын 14-августунда Жапониянын толук капитуляциялангандыгын билдирген жардыкка кол койгон.

Пакистан 1947-жылдын 14-августунда эгемендик алган.

Француз экономисти А. Сови өнүгө баштаган мамлекеттерге карата «Үчүнчү дүйнө» деген терминди биринчи жолу 1952-жылдын 14-августунда колдонгон.

КПСС Борбордук Комитетинин «Коммунизмди курууда коомдук илимдердин ролун мындан ары да арттыруу туурасындагы» токтому 1967-жылдын 14-августунда кабыл алынган.

Польшадагы профсоюздардын «Солидарность» уюму 1980-жылдын 14-августунда уюшулган.

Грузинди армия 1992-жылдын 14-августунда Абхазияга кирип, анын натыйжасында грузин-абхаз согушу баштталган.

Хаббл телескобу 1994-жылдын 14-августунда Урандын шакекчелерин сүрөткө тарткан.
XS
SM
MD
LG