Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

16-август: Тарых барактары


Эльдар Рязановдун «Ирония судьбы, или с лёгким паром!» аталган айтылуу комедиясы 1976-жылдын 16-августунда экранга чыккан.
Эльдар Рязановдун «Ирония судьбы, или с лёгким паром!» аталган айтылуу комедиясы 1976-жылдын 16-августунда экранга чыккан.

Кокон хандыгына каршы көтөрүлгөн кыргыздар 1873-жылдын жай айында акырындык менен өздөрүнүн жерлерине көчүп келе башташкан. Мамыр Мергенов баштаган 1700 түтүн кыргыздар Карагатты белине келип, хандык аскер башчы Абдурахман Афтобачинин талабына ылайык алардын бир даары Өзгөнгө түшкөн.

1873-жылдын 16-августунда Өзгөндүн жанынан аларга кокондуктар төрт тараптан капыстан кол салып, кыргыздарды чекесинен өлтүрө башташкан. Кагылышта 40 кыргыз шейит учуп, 60 адам туткундалып, зынданга салынган. Кокондуктар 15 жоокерден айрылып, калган кыргыздар болсо, кайрадан Орусия ээлиги эсептелген Түндүк Кыргызстанга качууга мажбур болушкан.

Жетисуу областындагы Пржевальск уездинин полковниги Ивановдун көрсөтмөсүнө ылайык кыргыздар 1916-жылкы көтөрүлүш маалында Сазановка кыштагын камакка алууну улантышкан. Жер которгон дыйкандарды коргош үчүн урядник Овчинников баштаган атчандар отряды жиберилген. Кыргыздардын Сазановканы курчоосу узак убакытка уланып, кыштакты коргош үчүн орус бийлиги адам ресурстарын жана кошумча курал-жарактарды жумшоого мажбур болушкан. Сазанвкалыктарга жардамга жиберилген орус аскерлери 16-августта Сазановка, Григорьевка жана жолдогу орус айылдарынын адамдарын Пржевальск шаарына чыгарып кетишкен.

Падышалык бийликке каршы көтөрүлгөн кыргыздар 1916-жылдын 16-августунда Нарын суусунун сол өйүзүндөгү Жанбулак кыштагын басып алууга далалат жасашкан. Казымбек баштаган кыргыздар сууга киргенде 300 чамалуу солдат кыршы чыкканын көрүшүп, кайра Ак Мойнокко артка чегинишкен.

Нарындан ушул эле күнү Кочкорду карай 300 чамалуу аскер чыгыптыр деген кабарды уккан кыргыздар өз айылдарына тарашкан. Тынымсейит уруусу 16-августтун түнү Каракужур аркылуу Кара Каманга, андан Балгарт, андан Жаман Эчки ашуусун ашып Тарагайга келишип, ал жерден Ак Өгүз ашуусу аркылуу Аксууга киришкен. Кытайга качкан кыргыздар мал-мүлкүнөн ажырап, азап тартышкан.

Кыргызстанда идеологиялык террор 1937-жылдын жаз айынан тарта башталып, акыры ал жалпы репрессия менен жыйынтыкталган. Республикалык гезиттерде “джанузаковщина”, “худайкуловщина”, “абдрахмановщина” сыяктуу макалалар жарык көрүп, анын натыйжасында улуттук интеллигенцияга каршы куугунтук башталган. Ушул жылдын 16-августунда «Советская Киргизия» гезитинде обком комсомолдун катчысы К. Камбаровдун «Выкорчевать до конца националистическую нечисть» аттуу макаласы аталган компаниянын тарыхый бир бөлүгү эсептелинген.

Франциянын каржы министри Лемон де Бриенн 1788-жылдын 16-августунда өлкө банкрот деп жар салган.

Америкалык генерал Уильям Халл 1812-жылдын 16-августунда Детройт фортун британдык армияга согушсуз өткөрүп берген.

Немистик нацисттердин идеологу Герман Геринг 1933-жылдын 16-августунда Пруссияда вивисекцияга тыюу салган.

Коминтерндин Аткаруу комитети фашисттик агенттердин Польша компартиясына аралашып кеткендигине байланыштуу 1938-жылдын 16-августунда Польшанын Коммунисттик партиясын таратуу туурасында чечим чыгарган.

Москва шаарында 1945-жылдын 16-августунда Советтер Союзу менен Польша ортосунда эки мамлекеттин чек арасын тактаган келишимге кол коюлган. Советтик-польшалык чек ара үчүн 1919-1920-жж. сунуш кылынган «Керзон линиясы» негиз катары кабыл алынган.

Кипр 1960-жылдын 16-августунда өз алдынча малекет катары Кипр Республикасы аталган.

Эльдар Рязановдун «Ирония судьбы, или с лёгким паром!» аталган айтылуу комедиясы 1976-жылдын 16-августунда экранга чыккан.

Шри-Ланка 1978-жылдын 16-августунда өзүн социалисттик республика атаган.

Ватикан тарыхында биринчи жолу Иоанн Павел II 1991-жылдын 16-августунда Венгрияга сапар менен келген.
XS
SM
MD
LG