Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

21-август: Тарых барактары


«Кадиллак» фирмасы 1902-жылдын 21-август күнү негизделген.
«Кадиллак» фирмасы 1902-жылдын 21-август күнү негизделген.

Токмокту камаган кыргыздарга 1916-жылдын бул күнү Канаат баштаган 400 чамалуу адам келип кошулган. Алар Кочкордон чыгып, Чүйгө Шамшы ашуусун ашып келишкен. Канаат баатыр адамдары менен мындагы Шамшы, Тынай, Бурана, Нурмамбет болуштугунан топтолгон кыргыздар менен биргелешип шаарга бекинген аскерлерге каршы тынымсыз чабуул коюп турушкан.

Белек Солтоноевдун жазганына караганда Атаке сарыбагыштарынан кайткан уезддик аскер башчы Бурананын алдындагы Мусакожонун мечитине жакын Ажыбек кашатка замбирек орнотуп ата баштаган. Мурда замбирек көрбөгөн эл аскерге даап кол салалбай турган. Орустар замбирек менен аткылап, кечинде Токмокко кирип кетишкен.

Атаке болуштугунун сарыбагыштары 1916-жылдын бул күнү үркүп, Улаколго жакын жердеги Ак Өлөң оюндагы Алышка конгон. Коогалаңдуу кабарды уккан Семиз Белдеги арык тукуму да падышалык аскердин жазалоосунан коркуп жапырт көчүп жөнөгөн. Арык тукуму Улакол сазынан орун алышып, мында алар өргүүгө турушкан.

Оштогу мусулман жумушчулары менен чайрыкер депутаттардын уюму 1917-жылдын 21-август күнү уюшулган. Буга чейин уюм Оштогу жумушчу жана жоокер депутаттардын кеңеши аталып келген.

Кыргызстанга 1999-жылдын жай айында кирген Өзбекстан Ислам кыймылынын согушчандары өлкө бейпилдигине залака келтирип, коргоо күчтөрү үчүн оор сыноо жараткандыгы маалым. Коргоо министри Мырзакан Субанов 21-август күнү премьер-министр Амангелди Муралиевге “Кыргызстанга кирген согушчандар толугу менен талкаланды” деп рапорт берген.

Бишкек шаарында «Байыркы жана азыркы кыргыздардын чек арасы» аттуу илимий-практикалык конференция 2003-жылдын бул күнү ишин баштаган. Конференцияда кыргыз калкынын тарыхы жана мамлекет куруу салты, чек ара маселелерине байланышкан билдирүүлөр жасалган.

Бу күнү 1754-жылы англис ойлоп тапкычы жана жарык үчүн газды колдонгон Уильям Мердок, 1789-жылы атактуу француз математиги Огюстен Коши, 1906-жылы америкалык мультипликатор, беш «Оскар» ээси Фриц Фреленг жарык дүйнөгө келген.

Жапониядагы императордук бийлик 1192-жылдын 21-август күнү башкы командачы сёгундун бийлигине алмашылган.

Наполеон Бонапарт буга чейин 2 ай бош жүрүп, 1795-жылдын 21-август күнү топографиялык бюрого ишке орношкон.

Падышанын каарына калып Одессага айдалган акын А. С. Пушкин 1824-жылдын 21-август күнү Михайловск-Зуеводогу үйүнө кайтып келген.

Одесса шаарындагы байыркы дүйнөгө арналган музей 1825-жылдын 21-август күнү ачылган.

Болгар падышасы Александр Баттенберг 1886-жылдын 21-август күнү тактан кулатылган.

Эсептөө машинасы 1888-жылдын 21-август күнү патенттелген.

Лувр музейинен Мона Лизанын портрети 1911-жылдын 21-август күнү уурдалып, 20 жыл өткөндөн кийин ал кокустан Флоренциядан табылган.

«General Motors» концернинин бир бөлүгү эсептелген «Кадиллак» фирмасы 1902-жылдын 21-август күнү негизделген. Фирманын учкул аталышы Детройт шаарынын негиздөөчүсү Антуан да Ла Мотт Кадиллактын урматына коюлган.

Биринчи эл аралык кинофестиваль 1932-жылдын 21-август күнү Венецияда өткөн.

Советтер Союзу менен Кытай мамлекеттери бири-бирине кол салбоо келишимине1937-жылдын 21-август күнү кол коюшкан.

Советтер Союзу Италия менен Австриянын Бириккен Улуттар уюмуна кабыл алынышына 1947-жылдын 21-август күнү вето койгон.

Румыния 1965-жылдын 21-август күнү социалисттик өнүгүү багытын тандап алган.

СССРдин ИИМ академиясы 1973-жылдын 21-август күнү негизделген.

Окумуштуулар 1981-жылдын 21-август күнү биринчи жолу Жер шаарынын глобалдык ысышы туурасында билдирүү жасашкан.

Советтер Союзунда мамлекеттик төңкөрүш (ГКЧП) жасоо аракети 1991-жылдын 21-август күнү таш капкан.

Латвия 1991-жылдын 21-август күнү эгемендик алган.

Георгий Димитровдун сөөгү коюлган София шаарындагы мавзолей бешинчи аракеттен соң 1999-жылдын 21-август күнү жардырылган.
XS
SM
MD
LG