Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

27-август: Тарых барактары


Москвадагы Останкино телемунарасында 2000-жылдын 27-август күнү өрт чыккан.
Москвадагы Останкино телемунарасында 2000-жылдын 27-август күнү өрт чыккан.

Заилийск аймагынын аскер командачысы, полковник Циммермандын отряды 1860-жылдын 27-август күнү Кокон хандыгынын Токмоктогу чебин ээлеп алган. Полковник Циммермандын аскер отрядына согуш куралдары менен кошо 40 сарбаз колго түшкөн. Токмок чеби жана анын курулуш өзгөчөлүгүн топограф прапорщик Стрельников иликтеген.

Чеп Чүй суусунун боюндагы жарга такай курулган. Чептин батыш жана түндүк тарабы жарга ыктай салынып, калыңдыгы 4 метр, бийиктиги 4,5 метрдик тышкы дубал менен курчалган. Аскер аналитиктеринин белгилөөсүнө караганда кокондуктардын чеби, түрк аскер архитектурасынын стилине ылайык курулган.

Ысыккөлдүк кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшү август айынын 20ларында толугу менен солгундаган. Жетисуу аскер губернаторунун буйругуна ылайык, көл кылаасына кошумча аскер күчтөрү киргизилип, кыргыздардын козголоң толкуну акырындап басаңдай берген. Кыргыздардын Пржевальск шаарын басып алуу коркунучун жоготуу максатында 27-август күнү жүзбашчы Волковдун аскер отряды Пржевальскийге киргизилген.

Чүйдөгү кыргыздардын көтөрүлүшүнүн катышуучусу Дүйшөкө Мамыровдун маалымдоосуна караганда, Бурана жана Шамшы болуштуктарынын кыргыздары 1916-жылдын бул күнү Шамшы ашуусун ашып, Кочкор өрөөнүнө түшкөн. Ал жерде Кочкор суусунун боюна Темирбулак, Абайылда, Буланбай болуштуктарынын адамдары чогулуп жаткандыгы туурасында кабар тараган.

Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана кызыласкерлер кеңешинин өтүнүчүнө ылайык, Элдик комиссарлар кеңеши 1928-жылы борбор шаардын тышкы чегин кеңейтүү туурасында чечим чыгарган. Фрунзе шаары эми Пишпек темир жол станциясы жана Жумушчулар шаарчасынын эсебинен түштүк-батыш багытында өсүү мүмкүнчүлүгүнө жетишкен.

Республикалык радио уктуруу дирекциясы 1954-жылдын бул күнү бүткүл кыргызстандыктарды жаңы сатып алынган радиоприемниктерди үч күндөн калбай жергиликтүү бийлик байланыш түйүндөрүндө каттодон өткөрүү туурасында катуу эскертүү жасаган. Дирекциянын эсскертүүсүндө радио аппараттары иштеген же бузук экендигине карабастан, каттого алыныш керектиги баса белгиленет.

Партиялык кысымга карабастан, шаардык айрым интеллигенция өкүлдөрү «душман үнү» эсептелинген «Азаттык», «Америка үнү», «ББС» сыяктуу үналгыларды угуудан калган эмес. Мындан улам Кыргызстандын партия жетекчилиги Совет көчөсүнө идеологиялык душман радиолорун өчүртө турган станция курдурган.

Кыргыз чөлкөм таануу музейи уюштурган зоологиялык экспедиция Ысык-Көлдөгү чалгындоо ишин 1939-жылдын бул күндөрү жыйынтыктаган. Зоологиялык экспедиция тарабынан көл кылаасын байырлаган 64 жапайы жаныбар, 128 түр канаттуу, 112 түр курт-кумурска, 57 түр сойлоочулар, балыктын 81 түрлөрү каттоого алынган. Алардын айрымдары зоологиялык адабиятта эскерилбегендиктен экспедициянын иши айрыкча жемиштүү өттү деп бааланган.

Архитектор Кристофер Рен сунуш кылган Ыйык Павелдин кафедралдык Соборун реконструкциялоо планы 1666-жылдын 27-август күнү кабыл алынган.

Орусия менен Кытай ортосундагы Нерчинск келишимине 1689-жылдын 27-август күнү кол коюлган.

Ханыша Елизавета мамлекеттик кызматкерлерге пара алууга тыюу салган жардыкты 1760-жылдын 27-август күнү чыгарган.

Наполеон Бонапарттын союздук армияларды талкалаган айтылуу Дрезден салгылашы 1813-жылдын 27-август күнү өткөн.

Жазуучу Фёдор Достоевский 1857-жылдын 27-август күнү аскердик прапорщик наамын алган.

Полковник Эдвин Дрейк 1859-жылдын 27-август күнү америкалык Тайтасвилл шаарына (Пенсильвания штаты) жакын жерден биринчи мунай скважинасын орноткон. Ошентип бул дата менен америкалык мунай өнөр жайына негиз салынган.

Орусиядагы «Жер жана эрк» революциялык уюму 1879-жылдын 27-август күнү «Народная воля» жана «Чёрный Передел» болуп экиге бөлүнгөн.

Киев политехникалык институту 1898-жылдын 27-август күнү негизделген.

Эдгар Райс Берроуз 1912-жылдын 27-август күнү Тарзандын окуяларын биринчи жолу журнал бетине жарыялаган.

Элдик комиссарлар кеңеши 1919-жылдын 27-август күнү өлкөдөгү кино жана фото өнөр жайды улутташтыруу туурасында декрет кабыл алган. Совет мезгилинде бул дата советтик кинонун күнү катары белгиленип келген.

Прага шаарында Эл аралык студенттер союзу 1946-жылдын 27-август күнү уюшулган.

КПСС Борбордук Комитети 1966-жылдын 27-август күнү согуш тарыхынын Институтун уюштуруу туурасында токтом кабыл алган.

Чернобыль АЭСинин биринчи блогу 1977-жылдын 27-август күнү ишке киргизилген.

Молдавия 1991-жылдын 27-август күнү эгемендик алган.

Москвадагы Останкино телемунарасында 2000-жылдын 27-август күнү өрт чыккан.
XS
SM
MD
LG