Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:17

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү 31-августта белгиленет. Республиканын Жогорку Кеңеши 1990-жылдын октябрь айында өлкө аталышын Кыргыз ССРинен Кыргызстан Республикасына өзгөртүп, 1990-жылдын 15-декабрында республиканын Эгемендик декларациясын кабыл алып, 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү жарыялаган.

Красноярскилик воевода 1679-жылдын 31-августунда энесайлык кыргыз өкүмдары Еренак кол топтоп, аскерди экиге бөлүп, орус шаарларын көздөй аттанганы туурасында кабар алган. Колдун бир канатын Шанды бек баштап, негизги күчтү болсо Еренак өзү жетектеп, кыргыздар эки багыттан Красноярскиге бет алган. Кыргыздардын жолун тосуп чыккан Р. Кольцовдун аскерлери кол салган тарапка катуу сокку урган. Согушта Еренактын өзү аз жерден колго түшүп кала жаздаган. Ал аттан жыгылып, орустар курчап келген маалда, кыргыз жоокерлери өкүмдарды атка мингизип алып качууга жетишкен.

М. И. Калинин кол койгон Бүткүл союздук Борбордук аткаруу комитет Президиумунун Жетисуу эмгекчилерине кайрылуусу 1922-жылдын 31-августунда кабыл алынган. Кайрылууда Жетисуу областында жүргүзүлө баштаган жер-суу реформасына каршы уюшулган аракеттер айыпталып, бай-манаптардын душманчылыгынын тамырын кыркуу туурасында чакырык ташталат.

Кыргыз обком ВКП (б)сынын VI пленуму 1936-жылдын 31-августунда ишин аяктаган. Пленумда ВКП (б) БКы менен СССР Элдик комиссарлар кеңеши чыгарган «Сабатсыз жана жарым сабаттууларды окутуу иш-чаралары» сыяктуу маанилүү маселелер каралган.

«Манас» эпосунда кездешкен улуттук спорт оюндарын изилдөө иши 1944-жылдын бул күндөрү башталып, ал келечектен үмүттөндүргөн ийгилик менен улантылган. Эпосто учураган улуттук оюн түрлөрүнүн изилдөөгө алынышы, согуш маалындагы Лесгафт атындагы Ленинград физикалык маданият институтунун эвакуацияланышы жана СССРдин Жогорку Кеңешинин X сесиясында каралган улуттук эпосту изилдөө туурасындагы чечим зор түрткү берген. «Манас» дастанында кездешкен улуттук оюндарды изилдөө ишин аталган институттун профессору Е. Зеликсон колго алып, ага караштуу илимий топ эр сайыш, күрөш, улак тартыш сыяктуу оюндарды иликтей баштаган.

Канаданын Квебектеги тилемчилер 1673-жылдын 31-августунда шаардан чыгарылган.

АКШнын Род-Айленд жергесинде 1674-жылдын 31-августунан тарта индеецтерге спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган.

Петербург менен Николаевде 1798-жылдын 31-августунда кеме архитектура окуу жайы (азыркы Ф. Э. Дзержинский атындагы Жогорку аскер-деңиз инженердик училищеси) негизделген.

Александр I 1806-жылдын 31-августунда Орусиянын тышкы саясаты айкөлдүккө негизделе тургандыгын белгилеген.

Канададагы биринчи королдук полиция 1873-жылдын 31-августунда уюшулган.

Павел Михайлович Третьяков жаңы эле курган көркөм галереяны шаарга белекке берүү өтүнүчү менен Москва шаардык думасына 1892-жылдын 31-августунда кайрылган.

«Кока-Кола» 1900-жылдын 31-августунан тарта Британияда сатыла баштаган.

Англия, Орусия жана Франция «Үчтүктөр союзуна» каршы Антанта аталган аскердик-саясий биримдикке 1907-жылдын 31-августунда баш кошушкан.

Орусия менен Англия 1907-жылдын 31-август күнү Петербург шаарында эки өлкөнүн Иран, Ооганстан жана Тибеттеги таасирин бөлүштүрүү туурасындагы келишимге кол коюшкан.

Революциячыл ишмердиги үчүн 16 жаштагы Владимир Маяковский 1909-жылдын 31-августунда Бутырская түрмөсүнө которулуп, ал жерден ыр жаза баштаган.

Николай II 1914-жылдын 31-август күнкү жардыгы менен Санкт-Петербург шаарынын аталышы Петроград болуп өзгөртүлгөн.

Советтер Союзундагы биринчи М («Русский Рено») тибиндеги танк 1920-жылдын 31-августунда «Красное Сормово» заводунан чыгарылган. Танк бүткүл дүйнөлүк пролетарийлердин ана башчысынын урматына «Борец за революцию товарищ Ленин» деген аталышты алган.

«Правда» гезитинин 1922-жылдын 31-август күнкү санына Николай Бердяев, С. Л. Франк, И. А. Ильин, С. Е. Трубецкой, Б. П. Вышеславцев, А. А. Кизеветтер, М. А. Ильин (Осоргин), П. А. Сорокин, Ф. А. Степун, А. В. Флоровский, Сергей Булгаков сыяктуу акыл адамдарынын өлкө тышына чыгарылгандыгы кабарланган.

Пагмандагы Ооганстан эмири Аманулла-хандын жайкы резиденциясында СССР менен Ооганстан ортосундагы «бейтарапсыздык жана бири-бирине кол салбоо» келишимине 1926-жылдын 31-августунда кол коюлган.

Шахтер Алексей Стаханов 1935-жылдын 31-августунда күндүк норманы (5 саат 45 мүнөт) 14 эсеге арттырып, 102 тонна көмүр казууга жетишкен.

Халхин-Голдогу советтик-жапон куралдуу кагылышы 1939-жылдын 31-августунда соңуна чыккан.

Гливицтеги немистик радиостанция 1939-жылдын 31-августунда душмандын кол салгандыгы туурасында жалган кабар таратып, анын натыйжасында фашисттик Германия Польшага кол салган. Жалган кабардын түбү миллиондогон адамдардын өмүрүн жалмаган Экинчи дүйнөлүк согушка себеп болуп берген.

Хельсинки шаарында 1952-жылдын 31-августунда Шахмат олимпиадасы соңуна чыккан. Шахмат жарышына биринчи жолу советтик команда катышып, курамында Пауль Керес, Василий Смыслов, Давид Бронштейн, Ефим Геллер, Исаак Болеславский жана Александр Котов катышкан акыл оюнунун өкүлдөрү татыктуу биринчи орунду ээлешкен. Советтик шахматчылар кийинки 40 жыл ичинде бир гана жолу чемпиондук титулду башка командага алдырып, советтик акыл оюнчуларынын дараметин дүйнөгө таанытып келишкен.

Чикаголук Уильям Кобб 1955-жылдын 31-августунда күн батареясы менен жүргөн дүйнөдөгү биринчи унааны сынаган.

Малайзия 1957-жылдын 31-августунда эгемендик алган.

Компьютерлер арасындагы биринчи шахматтык турнир 1966-жылдын 31-август күнү Нью-Йорк шаарында башталган. Буга чейин үч жыл мурда советтик жана америкалык электрондук шахматчылар арасында таймаш өткөрүлүп, анда советтик компьютердик шахмат программасы жеңишке жетишкен. Андан кийин электрондук программалар арасында биринчи дүйнө чемпиондук 1974-жылы өткөрүлүп, советтик «Каисса» программасы биринчи орунду ээлеген.

Аскердик хунта 1969-жылдын 31-августунда Бразилиядагы бийликти ээлеген.

Греция 1974-жылдын 31-августунда НАТО уюмунан чыга тургандыгын билдирген.

Тринидад жана Тобаго 1976-жылдын 31-августунда өлкө Конституциясын кабыл алган.

Польшадагы профсоюздардын «Солидарность» биримдиги 1980-жылдын 31-августунда уюшулган.

Молдавияда молдова тили 1989-жылдын 31-августунда мамлекеттик тил макамын алып, тамгалар латин арибине которулган.

Батыш жана Чыгыш Германия 1990-жылдын 31-августунда өлкөнүн юридикалык жана саясий түзүлүшүндө бириге тургандыгын аныктаган келишимге жетишкен.

Орусиялык биринчи авиациялык-космос салону 1993-жылдын 31-августунда Москва шаарында ачылган.
XS
SM
MD
LG