Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:08

5-сентябрь: Тарых барактары


BБорис Пастернактын «Доктор Живаго» чыгармасы 1958-жылдын 5-сентябрында АКШда жарык көргөн.

BБорис Пастернактын «Доктор Живаго» чыгармасы 1958-жылдын 5-сентябрында АКШда жарык көргөн.

«Семиреченская жизнь» гезити Сазановка жана Григорьевка кыштактарына болгон кыргыздардын кол салуусу туурасындагы толук маалымат 1916-жылдын 5-сентябрында алынды деп жазып чыккан. Гезит бетинде кыргыздардын чабуулу жана анын жүрүшү, ошондой эле коргонуу ыкмалары кабарланган. Кыргыздардын чабуулу август айынын соңунда басаңдап, алардын акыркы күчтөрүн аскер старшинасы Бычков башкарган отряд тарабынан 3-сентябрда талкалаганы жазылган.

Кыргыздардын 1916-жылкы боштондук көтөрүлүштүн адегендеги башталышы да, жеңилген кыймылдын эпикини да башында Атаке болуштугуна тийген. Атаке болуштугунун миң чамалуу түтүн кыргыздары орус аскерлеринин жазалоосунан качып, 5-сентябрда Тарагай суусун кечип, анын чыгыш тарабындагы Боз Күдөргө конгон. Ал түнү күн сууктап, жаш балдар жана кемпир, чалдар суук азабын тарта башташкан.

ВКП (б) Борбордук Комитети 1931-жылдын 5-сентябрында «Баштапкы жана орто мектеп туурасында» Токтом кабыл алган.

Баткен районун коргогон аскер күчтөрүн кайра топтоо аракети 1999-жылдын бул күнү жүргүзүлгөн. Буга чейин өлкө чегин бузуп кирген исламчыл согушчандарга каршы күрөшкөн Коргоо министрлигинин аскерлерин, Ички иштер министрлигинин жоокерлери алмаштырышкан.

Таанымал тарыхчы Белек Солтоноевдин 125 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференция 2003-жылдын 5-сентябрында өткөн. Архив материалдарында жана Белек Солтоноевдун китебинде анын качан жарык дүйнөгө келгендиги туурасында так маалымат жок. Кыргыз улуттук университетинде жасалган илимий конференция бир чети анын илимпоздук ишмердигине арналса, экинчи жагынан илимий ийримдин датасы окумуштуунун туулган күнүн 5-сентябрь менен белгиленишине себеп боло алчудай саамалык экендиги талашсыз.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 2003-жылдын бул күнү Кыргыз өкмөтүн иштен кетирүү туурасындагы Коммунисттер фракциясы даярдаган долбоорду талкуулоого киришкен. Коммунисттер фракциясы Лениндин эстелигин борбордук аянттан которткондугу үчүн Кыргыз өкмөтүн иштен кетирүүнү талап кылган. Мыйзам чыгаруу жыйынында жашыруун добуш өткөрүлүп, Коммунисттер фракциясынын долбоору колдоого алынган эмсе.

Үч күнгө уланган Улуу Лондон өртү 1666-жылдын 5-сентябрында өчүрүлгөн. Өрттөн 10 миң имарат күйүп, ошол эле убакта 16 адам өлгөндүгү катталган.

Англис бийлиги 1755-жылдын 5-сентябрында Канаданын Жаңы Шотландия аймагынан француз көчкүндөрүн депортациялай баштаган.

Француз Улуттук конгресси революцияны коргоо үчүн Террор режимин 1793-жылдын 5-сентябрында киргизген.

Британия Мальтаны 1800-жылдын 5-сентябрында басып алган.

Орусиянын Деңиз министрлиги 1827-жылдын 5-сентябрында негизделген.

Нью-Йорктун жумушчулары 1882-жылдын 5-сентябрында биринчи Эмгек Күнүнө байланыштуу демонстрация уюштурушкан.

Орус-жапон согушун соңуна чыгарган Портсмут келишине 1905-жылдын 5-сентябрында кол коюлган.

Франция премьери А. Бриан 1929-жылдын 5-сентябрында европалык мамлекеттерди биригүүгө чакырган.

АКШ Экинчи дүйнөлүк согушка бейтарапсыздыгын 1939-жылдын 5-сентябрында жарыялаган.

Британиянын Маалымдоо министрлиги 1939-жылдын 5-сентябрында уюшулган.

Аркадий Гайдардын «Тимур жана анын командасы» аттуу аңгемеси «Пионерская правда» гезитинин 1940-жылдын 5-сентябрь күнкү санына жарыялана баштаган. Партиялык функционерлердин бири Тимурдун командасын анык жашыруун уюм деп эсептешинен улам көп өтпөй маалымдоо каражаты аңгемени басып чыгарууну токтоткон. Аңгеменин кыска аралыкта жеткинчектердин жүрөгүнөн орун табышы, анын андан ары гезит бетинде жарыяланыша жол ачкан.

Москванын 12 жашка чейинки жеткинчектери 1941-жылдын 5-сентябрында шаардан эвакуацияланган.

Фашисттик аскерлер 1941-жылдын 5-сентябрында Эстонияны толук ээлешкен.

Советтер Союзу 1944-жылдын 5-сентябрында Болгарияга согуш жарыялаган.

Сириянын социалисттик Конституциясы 1950-жылдын 5-сентябрында кабыл алынган.

Борис Пастернактын «Доктор Живаго» чыгармасы 1958-жылдын 5-сентябрында АКШда жарык көргөн.

Мюнхендеги Олимпиадалык оюн маалында палестиналык «Кара сентябрь» террордук уюму 1972-жылдын 5-сентябрында израилдик команданы туткунга алган.

АКШ президенти Жимми Картердин демилгесине ылайык, Египет менен Израил ортосундагы Кемп-Дэвид сүйлөшүүлөрү 1978-жылдын 5-сентябрында ишин баштаган. Египет президенти Анвар Садат менен Израиль премьер-министри Менахем Бегин он эки күндөн кийин барып эки өлкө ортосундагы тынчтык келишимдин долбоорун аныкташкан. Эки тараптын ыкласына жараша келишимге кийинки жылдын март айында кол коюп бекитилиши макулдашылган.

Орусия президенти Борис Ельцин 1996-жылдын 5-сентябрында сыналгы аркылуу сөз сүйлөп, жүрөгүнө операция жасоого макулдук бергенин билдирген.

Никарагуа өкмөтү 2008-жылдын 5-сентябрында Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендигин тааныган.
XS
SM
MD
LG