Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

7-сентябрь: Тарых барактары


Атактуу манасчы Саякбай Каралаев 1894-жылы 7-сентябрында жарык дүйнөгө келген.
Атактуу манасчы Саякбай Каралаев 1894-жылы 7-сентябрында жарык дүйнөгө келген.

Орус империясы ыңгайлуу соода өнөктөштөрүн табуу максатында 1813-жылы Чыгыш Түркстанга көпөс Миркубан Ниязов баштаган кербен жөнөткөн. Орус кербени менен кошо жолдо кезиккен калк башчыларына жана алыскы кыргыздарга багышталган Сибирь генерал-губернаторунун ачык каты жолдонгон.

Генерал-губернатор калк башчыларынан орус соодагерлерин талап-тонобой, тескерисинче аларга жардам көрсөтүүлөрүн өтүнгөн. Кийин кыргыздар туурасында баалуу маалымат калтырган губерниялык статс-котормочу Андрей Леонтьевич Бубенов 1813-жылдын 7-сентябрында кербен менен кошо Семипалатинск шаарынан жолго чыккан.

Орус армиясынын кайгуул отряд начальниги, полковник Витгенштейндин жоокерлери менен молдо Ашыр баштаган козголоңчулар ортосунда кагылыш 1876-жылдын бул күнү болгон. Андан соң орус аскерлери Зардалы багытында жүрүш жасап, Жура ашуусунун оозунда бекинген козголоңчулар аларга каршы айыгышкан каршылык көрсөтүшкөн. Алынган маалыматтарга караганда, орус аскерлерине каршы кыргыздардын шайырчы уруусу жана Мухамедбай, Йармухамад, Кудайназар, Мадкарым, Муратбай, Ишмухамед баштаган 800 адам согушкан. Салгылашта 8 орус аскери оор жаракат алып, 27 жоокер жеңил жараат алып, каршылашкан тарап кагылыш талаасына 51 сөөк калтырган.

Атактуу манасчы Саякбай Каралаев 1894-жылы 7-сентябрында жарык дүйнөгө келген. Манасчы Тоң районундагы Семизбел жерине төрөлүп, бала чагынан тарта “Манас” дастанын айта баштаган. Саякбай Каралаевдин айтуусундагы “Манас” эпосунун вариантын жазуу 1935-жылы башталып, 1937-жылы “Манас” окуясы толук жазылып, кийин «Семетей», «Сейтек» дастандары кагаз бетине түшүрүлгөн. Саякбай Каралаевдин айтуусунда «Манас» эпосунун 500 553 сап варианты жазылып алынган.

Түркстан генерал-губернатордугунун 1916-жылдын 7-сентябрда кабыл алган чечимине ылайык көтөрүлүштөн жапа чеккен орус адамдарына жардам көрсөтүү чаралары такталган. Анда жапа чеккендерге жардам берүү чаралары көтөрүлүшчүлөрдөн тартылып алынган мал сатылгандан кийин топтолгон каражатка жараша каражат жыйналып, андан соң ал таратылаары жана ал туурасындагы маалымат уезддик начальниктерге билдирилери айтылат.

Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшүнөн жеңилип, орус аскерлеринен качкан Атаке болуштугунун миң чамалуу түтүн кыргыздары 7-сентябрда Ыштыкка келип конгон. Белек Солтоноевдин маалыматына караганда, сарыбагыштардын үч төөсүн тынымсейит уруусунан чыккан Сорумбек уулу уурдап, жоготкон тарап аларды каткан жеринен таап алышкан.

7-сентябрь – Согуш оюнчуктарын жоготуунун эл аралык күнү. Бул күнү согушка байланышкан кылыч, мылтык, тапанча, бычак, союл сыяктуу оюнчуктарды кездемеден жасалган аю, «Барбиге» окшогон оюнчуктарга алмаштыруу жөрөлгөсү жасалат.

Тримонтейн кыштагы 1630-жылдын 7-сентябрында Бостон аталышын алып, Массачусетстин борборуна айланган.

Англис королу Георг III 1763-жылдын 7-сентябрында Канадага жайгашуу демилгесин жар салган.

Суу астында сүзүүчү кеме 1776-жылдын 7-сентябрында биринчи жолу чабуул жасаган. Америкалык суу астында сүзүячү «Ташбака» кемеси Нью-Йорк кысыгында турган англис флотилиясынын флагманы «Бүркүткө» саат менен иштей турган бомбаны коюуга аракет жасаган.

Француздар менен орус армиясынын Бородинодогу салгылашы 1812-жылдын 7-сентябрында жүрүп, башкы командачы М. И. Кутузов Москвага алып барчу жолду ачкан.

Бразилия 1822-жылдын 7-сентябрында Португалиядан бөлүнүп эгемендик алган.

Петроград телеграф агенттиги жана РСФСР Совнаркомуна караштуу басылма Бюросунун негизинде 1918-жылдын 7-сентябрында Россия телеграф агенттиги (РОСТА) уюшулган. ТАСС агенттиги 1925-жылы курулгандан кийин аталган уюм жоюлган.

Испания 1926-жылдын 7-сентябрында Улуттар Лигасынан чыккан.

Эмгек Кызыл Туу ордени 1928-жылдын 7-сентябрында кабыл алынган.

Максим Горький 1933-жылдын 7-сентябрында өткөн жазуучулар жыйынында биринчи жолу «критический реализм» терминин колдонгон.

Москва шаарындагы Юрий Долгорукийдин эстелиги 1947-жылдын 7-сентябрында орнотулган. Адегендеги долбоор боюнча княздын айкели бээге мингизилип, бирок Сталиндин эскертүүсүнөн кийин ал айгырга алмаштырылган.

АКШ президенти Жимми Картер менен Панама жетекчиси Омар Торрихос 1977-жылдын 7-сентябрында Панама каналынын 2000-жылы Панамага берилиш туурасындагы келишимге кол коюшкан.

«Коммерсант» гезитинин 1992-жылдын 7-сентябрь күнкү санына биринчи жолу «новые русские» термини колдонулган.
XS
SM
MD
LG