Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:57

8-сентябрь: Тарых барактары


8-сентябрь - Журналисттер тилектештигинин эл аралык күнү.

8-сентябрь - Журналисттер тилектештигинин эл аралык күнү.

Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүш айынан эл-жерин таштай качкан Атаке болуштугунун калкы Үркүндүн азабын күздүн биринчи айында чындап көрө баштаганы байкалат. Атаке болуштугунун миң чамалуу түтүнү 8-сентябрда Келин Тайгакка келип конуп, күн ала бүркөлүп, тоолуу аймакта суук күчүнө кире баштаган. Ачкан карынды тойгузуп, кайыккан жанга кубат берип тамак бышырып, от жагыш үчүн адамдар кийиктин кумалагын терип жагышкан экен.

А. В. Луначарский атындагы Москва мамлекеттик театралдык институтуна караштуу Кыргыз студиясы 1936-жылдын бул күнү ачылган. Кыргыз студиясында искусствого шыктуу кыргыз улан-кыздары окушуп, алар кийин баралына келгенде кыргыз маданиятын түптөөгө салым кошушкан.

Кыргыз театралдык музейи 1942-жылы ачылган. Музейди коомдук башталышта искусствого эмгек сиңирген ишмер, композитор В. Власов жетектеген. Согуш маалындагы каатчылык айынан музей Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын фойесинде орун алып, согуш бүткөндөн кийин изги саамалык унутулуп, анда коюлган буюмдар дайынсыз жоголуп кеткен.

В. Ходаковдун «Правда» гезитинин 1937-жылдын сентябрь айында жарыяланган «Буржуазные националисты» макаласынан кийин, 8-сентябрда Кыргызстан Элдик комиссарлар кеңешинин төрагасы Исакеев жана жер иштетүү боюнча элдик комиссар Эсенаманов Кыргызстан КП (б) БКдан чыгарылган. Ошол убактагы саясий кырдаалга жараша мындай айып менен кызматтан бошотулгандар дароо камакка алынып, «тап душмандары» катары сурактан өтүшкөн.

«Манас эл», «Жаңы кыймыл», «Жаңы заман» жана «Кыргызстан кооператорлору» 2003-жылдын бул күнү баш кошуп, «Алга, Кыргызстан!» аталыштагы жаңы саясий партия уюшулган.

Бишкектеги Кыргыз-славян университетине 2004-жылдын бул күнү Орусиянын президенти Борис Ельциндин ысмы ыйгарылган.

8-сентябрь - Журналисттер тилектештигинин эл аралык күнү. Эл аралык журналисттер уюмунун 1958-жылы өткөн IV конгрессинде Журналисттердин тилектешигин белгилөө күнү аныкталган. Аталган датанын кабыл алынышына 1942-жылы фашисттик гестапо тарабынан камакка алынып, 1943-жылдын 8-сентябрь күнү Берлин шаарында жазага тартылган чехословакиялык журналист, адабият жана театралдык сынчы, публицист, чехословакиялык компартиянын активистти Юлиус Фучиктин ысмы менен байланышкан. Юлиус Фучик нацисттик капаста жаткан маалында да «Моюнга салынган сыйыртмак менен репортаж» деген китеп жазган. Жалындуу журналисттин чыгармасы 1950-жылы эл аралык Тынчтык сыйлыгына арзыган.

Журналисттердин эл аралык күнү жер жүзүндө ар кандай темага арналган конгресс жана конференциялар өткөрүлөт. Төртүнчү бийлик өкүлдөрү бул күнү тажрыйбалары менен алмашып, айрыкча татыктуулардын эмгектери белгиленет. Америка Кошмо Штаттарындагы айрыкча ардактуу Пулитцердик сыйлык да 8-сентябрда татыктуу калемгерлерге тапшырылат.

8-сентябрь – Сабаттуулуктун эл аралык күнү. Тегеран шаарында 1965-жылдын 8-сеннтябрь күнү билим берүү министрлеринин сабатсыздыкты жоюга арналган бүткүл дүйнөлүк конференциясы ишин баштаган. ЮНЕСКО уюму 1966-жылы сабатсыздыкка каршы күрөшүүнүн актуалдуулугун аныктоосуна ылайык, 8-сентябрь сабаттуулук күнү катары белгиленген. Дүйнө жүзүндө билимдүүлөрдүн санын арттыруу максатында Бириккен Улуттар уюмунун 2002-жылы өткөн Башкы ассамблеясы «БУУнун сабаттулук он жылы» деп жарыялаган.

Микеланжело 1504-жылдын 8-сентябрында «Давид» айкелин бүткөн.

Фернан Магеллан жетектеген ааламды айланган саякат 1522-жылдын 8-сентябрында соңуна чыккан. Беш кемеден турган экспедициядан мекенине болгону «Виктория» кемеси кайтып келген.

Екатерина II 1768-жылдын 8-сентябрында англис доктору Томас Димсдейлге Орусияда чечекке каршы эмдөөнү баштоого буйрук берген.

Орус империясынын юстиция министирлиги 1802-жылдын 8-сентябрында уюшулган.

Түштүк Африка республикасындагы ири шаар эсептелген Йоханнесбург 1886-жылдын 8-сентябрында негизделген.

Канаданын Калгари шаарындагы Королдук колледж 1911-жылдын 8-сентябрында ачылган.

Фашисттик армия 1941-жылдын 8-сентябрында Ленинград шаарын курчооого алышкан.

Эрнест Хемингуэйдин «Абышка жана деңиз» аттуу биринчи чыгармасы 1952-жылдын 8-сентябрында жарык көргөн.

Братский ГЭСи 1967-жылдын 8-сентябрында колдонууга берилген.

Советтер Союзундагы орто мектептердин Уставы 1970-жылдын 8-сентябрында бекитилген.

Тегеран шаарында шахка каршы өткөрүлгөн демонстрация 1978-жылдын 8-сентябрында тополоңго айланган. Өкмөттүк аскерлер демонстранттарга каршы ок чыгарып, анын натыйжасында 122 адам өлүп, 2000 чамалуу адам жаракат алган.

Македония 1991-жылдын 8-сентябрында эгемендик алууга жетишкен.

Белорус менен Орусия бир акча бирдигин кармап калууга 1993-жылдын 8-сентябрында макулдашкан.

Албания 2000-жылдын 8-сентябрында Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кабыл алынган.
XS
SM
MD
LG