Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

9-сентябрь: Тарых барактары


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Пишпек шаарында 1917-жылдын 9-сентябрь күнү «Букара» кошуунунун съезди ишин баштаган. Союздук республикалардын тышкы иштер кызматын калыптандыруу максатында аталган багыттын наркомдорду Москва шаарында даярдоодон өтүшкөн.

Кыргызстан тышкы иштер элдик комиссары К. Дыйкамбаев Кытай республикасы бөлүмүндө даярдык көргөн. Союздук республикалардын элдик комиссарлары жаңы шартка көнүп, иш багытын өздөштүрүүгө жетишкен. Мындан тышкары алар айтылуу дипломаттардын лекцияларына катышып, эл аралык кырдаалдан кабардар болушкан.

Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин 1944-жылык жардыгы менен Казы Дикамбаевич Дикамбаев Кыргызстандын Тышкы иштер элдик комиссары болуп дайындалган. Анын натыйжасында СССР Элдик комитетине караштуу Мамлекеттик штаттык комиссия 1944-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Наркомунун 35 штаттык бирдигин бекиткен.

АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси Стивен Янг 2003-жылдын 9-сентябрь күнү Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев менен жолугушуу маалында АКШ президенти Аскар Акаевдин келээрки президенттик шайлоого өз талапкерлигин койбой тургандыгы туурасындагы билдирүүнү кубаттаарын айткан.

Президент Аскар Акаев 2003-жылдын 9-сентябрь күнү Британиянын Жим Казнс баштаган парламенттик делегациясынын мүчөлөрүн кабыл алган. Британиялык делегация Кыргызстанга парламент жана өкмөт аралык өз ара кызматташтыкты, илимий жана маданий карым-катнашты чыңдоого багытталган.

Бесландагы террордук актыны айыптаган кыргызстандыктар 2004-жылдын 9-сентябрь күнү Бишкектеги Ала-Тоо аянтында кайгылуу окуяга байланыштуу митинг өткөрүшкөн. Митингге беш миңден ашуун мектеп окуучулары жана студенттер катышып, алар «Террорчулукка каршыбыз!», «Биз силер мененбиз, бесландыктар!», "Студенттер терроручулукту айыптайт!" деген чакырык ташташкан.

“Ата мекен” партиясы 2006-жылдын 9-сентябрь күнү Кыргызстандын тартип коргоо органдарын айыптаган билдирүү тараткан. Билдирүүдө партия лидери Өмүрбек Текебаевдин “матрёшкагейт” аттуу чагымчыл аракеттердин курмандыгы болгондугун Польшанын атайын кызматтары моюнга алышканы айтылат. Партия мүчөлөрүнүн пикирине ылайык, Өмүрбек Текебаевдин Польша соту тарабынан акталышы Кыргызстан бийлигине жакпас саясатчыларга ачык кысым болуп жатканынын далили катары кароого негиз бар. Өмүрбек Текебаевдин 300 чамалуу жактоочулары бийликтин саясатын айыптап, ушул эле күнү Базар-Коргондо митинг өткөрүшкөн.

Ысык-Көл районунун “Салимар” эс алуу жайына Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Түркия жана Украинанын кино ишкерлери 2006-жылдын 9-сентябрында жыйын өткөрүшүп, кино тармагын өнүктүрүү багыттарын талкуулашкан. Катышуучулар эл аралык Евразия кинофестивалын өткөрүү, бул тармактагы адистердин Борбор Азиядагы ассоциациясын түзүү жана Бишкекте тажрыйба алмашуу боюнча маалымат борборун куруу туурасында кайрылуу чечимин иштеп чыгышкан.

“Ачык саясат” гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков 2008-жылдын 9-сентябрында камакка алынган.

Бириккен оппозициялык кыймыл 2009-жылдын 9-сентябрында жыйынга чогулуп, кыймылдын жобосуна бир катар өзгөртүүлөр киргизген. Жаңы жободо оппозициялык күчтөрдү бириктирип, бирдиктүү саясий партия түзүү аракети жасалары аныкталган. Бириккен Элдик кыймылга (БЭК) 13 оппозициялык саясий партия жана кыймылдар баш кошуп, уюм 2008-жылдын 24-декабрда уюшулган. Жыйын чечимине ылайык, БЭКтин саясий бюросунун мүчөсү болуп келген Алмазбек Атамбаев бириккен оппозициялык кыймылдын төрагасы болуп шайланган.

Император Константиндин үч уулу 337 -жылдын 9-сентябрында Рим империясын өз ара бөлүп алышкан.

Чыгыш селжуктардын султаны Санжарды колдогон карахандар менен кара-кытай гурханы Елюй Дашинин аскерлери ортосундагы кандуу кагылыш 1141-жылдын 9-сентябрь күнү Катаван талаасында өткөн. Ибн аль-Асирдин маалыматына караганда, Елюй Дашинин аскерлери түрк, синдик, хитай жана башка калктардан куралган. Селжуктар менен карахандардын колу Катаван кагылышында катуу талкаланган.

Кичүү жүз казактардын султаны Абулхаир 1731-жылдын 9-сентябрында Орусиянын букаралыгына өткөн. Ошентип Казакстан толугу менен Орусиянын курамына кабыл алынган.

Тибет 1965-жылдын 9-сентябрында Кытай Элдик Республикасынын автономиялык областына айланган.

Рим Папасы Сикст V 1585-жылдын 9-сентябрында Генрих Наваррскийдин француз тагына болгон укугунан ажыраткан.

Америка Бириккен колониясы 1776-жылдын 9-сентябрында Америка Кошмо Штаттары деген жаңы аталыш алган.

Баку жана Баку областы 1801-жылдын 9-сентябрында Орусиянын курамына кошулган.

Швейцариянын борбору Берн шаарында 1886-жылдын 9-сентябрында адабий жана көркөм чыгармаларды коргоо туурасындагы Конвенцияга кол коюлган. Ошентип автордук укукту коргоо багытындагы биринчи эл аралык келишим түзүлгөн.

Америкалык астроном Э. Барнард 1892-жылдын 9-сентябрында Юпитердин бешинчи жандоочусу Амальтейди ачкан.

Германиядагы «Штутгарт» футболдук клубу 1893-жылдын 9-сентябрында курулган.

Орус империясы 1905-жылдын 9-сентябрында университеттердин автономиясы жана окуу жай жамаатына ректорду шайлоо укугун ыйгарган жардык кабыл алган.

Англиядагы авиапочта кызматы 1911-жылдын 9-сентябрынан тарта иштей баштаган.

Америкалык Эн-Би-Си телекомпаниясы 1926-жылдын 9-сентябрында негизделген.

Испан өкмөтү 1932-жылдын 9-сентябрында Каталонияга автономия укугун ыйгарган.

Москва шаарындагы «Детская литература» басылмасы 1933-жылдын 9-сентябрында уюшулган.

Жапон-Кытай согушу 1945-жылдын 9-сентябрында соңуна чыккан.

Канада мамлекетинде англис жана француз тилин өлкө аймагында бирдей колдонууга укук берген Тил Актысы 1969-жылдын 9-сентябрында күчүнө кирген.

«Жигули» маркасындагы жаңы «ВАЗ-2101» унаасы 1970-жылдын 9-сентябрында чыгарыла баштаган.

Москва шаарынын Союз үйүндөгү Колонна залында шахмат боюнча дүйнө чемпиону Анатолий Карпов менен атаандаш Гарри Каспаров ортосундагы лимитсиз матч 1984-жылдын 9-сентябрында башталган. Чектөө белгиленбеген матч ыксыз узакка уланып, оюн Карповдун пайдасына 5:3 эсебине келгенде ФИДЕ президенти Ф. Кампоманестин чечимине ылайык токтотулган. Бирок талапкердин кийинки үч партияны тең уткандыгына байланыштуу, Каспаров тарап да чечимдин туура же жалганын талашууга моралдык укук алган.

Католик чиркөөсүнүн тарыхында биринчи жолу Рим Папасы Иоанн Павел II 1984-жылдын 9-сентябрында Канадага келген.

СССР Тышкы иштер министирлигинин Коллегиясы 1991-жылдын 9-сентябрында өзүн-өзү таратуу туурасында чечим чыгарган.

Муаммар Каддафинин демилгеси менен Ливиянын Сирт шаарында Африкалык Биримдик Уюму 1999-жылдын 9-сентябрында уюшулган. Биримдикке Африканын 53 мамлекети баш кошуп, ал 2002-жылдын 9-июль күнү Африкалык Биримдик болуп өзгөртүлгөн.

Президент Владимир Путин 2000-жылдын 9-сентябрында Орусия Федерациясынын маалымдоо коопсуздугунун Доктринасын бекиткен.
XS
SM
MD
LG