Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

10-сентябрь: Тарых барактары


Мунай экспортточу өлкөлөрдүн уюму (ОПЕК) Багдад шаарында 1960-жылдын 10-сентябрында башталган конференцияда уюшулган.
Мунай экспортточу өлкөлөрдүн уюму (ОПЕК) Багдад шаарында 1960-жылдын 10-сентябрында башталган конференцияда уюшулган.

Энесайлык кыргыздар менен падышалык Орусиянын Сибирь бийлиги ортосундагы мамиле курч кырдаалда жана атаандаштык шартта өнүккөн. Айрыкча кыргыздардын көсөм жетекчиси Эренактын башкаруу убагында, алар орустардын басып алуу саясатына каршы татыктуу карышылык көрсөтүп турушкан.

Архивдик материалдарга караганда, Эренак баштаган энесайлык кыргыздар 1673-жылдын бул күндөрү орустардын Кузнецк чебине кол салышкан. Кыргыздардын чапкынына жунгарлардын Жанжин жетектеген колу катышып, алар көптөгөн адамдарды туткунга алып, мол олжо менен артка тартышкан. Орус воеводалары дароо кол курап, чабуул уюштурууга жетишип, өз адамдары менен мал-мүлкөн кайрып алууга үлгүрүшкөн.

Кыргыз калкынын сыймыгы, мамлекет түптөп, маданият келиштирип, илим-билимге негиз салган адагендеги интеллигенциянын көрүнүктүү өкүлү Касым Тыныстанов 1901-жылдын 10-сентябрында жарык дүйнөгө келген. Касым Тыныстанов Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында төрөлгөн.

К. Тыныстанов 1920-жылы Кыргыз агартуу институтунун биринчи курсуна өтүп, окуп жүрүп казак тилинде чыккан мезгилдүү басылмаларда, Түркстан АССРинин Эл Агартуу Комиссариатынын алдындагы казак-кыргыз билим комиссиясында маяналуу кызматтарда эмгектенип, 1920-1924-жылдары "Өрис", "Ак Жол" гезиттеринде, "Жас кайрат", "Сана" журналдарында кызматкер болот. Дал ушул институтта окуп жүргөн төрт жылда К. Тыныстанов кыргыз эли үчүн алгачкы жазуу-чиймени жаратууга, айрыкча мектеп үчүн окуу куралдары менен окуулуктарды түзүп, кураштырууга киришет.

К. Тыныстанов - алгачкы көч баштаган окумуштуу тилчи, акын-жазуучу, котормочу, журналист, коомдук ишмер катары аты таанылган тарыхый инсан. Ал улуттук тил илиминин жерпайын түптөп, аны андан нары өнүктүрүп, баарынан мурда кыргыз тил илиминин терминдерин, түшүнүктөрүн, орфографиялык, пунктуациялык эрежелерин биринчи болуп иштеп, окуу куралдары менен окуулуктарды эне тилинде жараткан.

Улуттук маданият музейинин негизинде курулган Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын тарых музейи, 1954-жылдын бул күнү «Кыргызстан Орусиянын курамында» аттуу көрсөтмө уюшурган. Музей жетекчилиги Атаке баатырдын Санкт-Петербургга жиберген элчилигинин маршрут картасын илип, бирок анын түшүндүрмө жерине «элчилик» сөзүн ыраа көрбөй аны депутация термини менен алмаштырышкан.

Вавилон падышасы Навуходоносор II б.з.ч. 587-жылдын 10-сентябрь күнкү буйругу менен Иерусалимдеги храм өрттөлгөн.

Египеттеги Аббасийлердин халифаты уюшулгандыгы туурасында 1172-жылдын 10-сентябрында жар салынган.

Екатерина I 1725-жылдын 10-сентябрында Александр Невский атындагы орденди кабыл алган.

Перу конгресси 1823-жылдын 10-сентябрында Симон Боливарды Бошотуучу деп жарыялаган.

Германиядагы биринчи темир жол 1835-жылдын 10-сентябрында ачылып, ал Нюрнбергден 10 км узактыктагы Фюртту бириктирген.

Германиянын Дрезден шаарында биринчи эл аралык антисемиттик конференция 1882-жылдын 10-сентябрында өткөн.

Орусиянын өкмөтү 1908-жылдын 10-сентябрында Финляндия илимдер жана көркөм Академиясын ачкан.

Журналист жана тарыхчы Чарль Репингтон 1918-жылдын 10-сентябрында жаңы болгон согушка Биринчи дүйнөлүк согуш аталышын ыйгарган.

Казакстандын биринчи профессионалдык театры 1925-жылдын 10-сентябрында Кызыл-Ордо шаарында ачылган.

Канада 1939-жылдын 10-сентябрында Германияга согуш жарыялаган.

Рим шаарында өткөн XVII жайкы Олимпиадалык оюндар алкагында 1960-жылдын 10-сентябрь күнкү марафон жарышында буга чейин эч кимге белгисиз эфиопиялык жөө күлүк Абебе Бикила жеңишке жетишкен. Абебе Бекиланын жылаңайлак чуркап биринчилик мөрөйдү алганы адистерди таң калтырган.

Мунай экспортточу өлкөлөрдүн уюму (ОПЕК) Багдад шаарында 1960-жылдын 10-сентябрында башталган конференцияда уюшулган.

КПССтин XXII съезди атындагы Волга ГЭСи 1961-жылдын 10-сентябрында ишке киришкен.

Москва шаарында 2005-жылдын 10-сентябрь күнү «Ишкерлер борбору» аттуу метро ачылган.
XS
SM
MD
LG