Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

11-сентябрь: Тарых барактары


2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорктогу эл аралык соода борбору жайгашкан асман тиреген имараттарга чабуул жасалган.
2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорктогу эл аралык соода борбору жайгашкан асман тиреген имараттарга чабуул жасалган.

Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүш айынан качкан Атаке болуштугунун миң чамалуу түтүн адамдары Бедел ашуусун ашып, Кытай мамлекетине келишкен. Алар 11-сентябрда мындагы черик уруусунун айлына орношкон.

Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшүнөн жабыр тарткан орус кыштактарына жана жер которгон адамдарга империялык бийлик тарабынан жардам көрсөтүлө баштаган. Айрым адамдардын тартылган зыян көлүмүн көбөйтүп жазышы 1916-жылдын 11-сентябрында Түркстан генерал-губернатордугунда атайын иликтөө комиссиясынын түзүүгө түрткү берген.

Республиканын борбордук гезиттери 1928-жылдын 11-сентябрында Кыргызстандын түштүгүндө май чыга турган өсүмдүк табылгандыгын жазып чыгышкан. Жергиликтүү калк өсүмдүктү «максар» дешип, Бөксө Исфана волостунун эли анын данегинен пахта жана күнкарама майынан сапаты кыйла артык тамакка жарамдуу май алган.

Айтылуу кыргыз жазуучулары Аалы Токомбаев менен Кубанычбек Маликов даярдаган «Манас» эпосунун жаңы либреттосун кыргыз өкмөтү тарабынан уюшулган атайын комиссия 1943-жылдын бул күнү бекиткен. «Манас» эпосунун либреттосуна, дастандын борбордук сюжети эсептелген Көкөтөйдүн Каркырадагы ашы негиз болгон. Андыктан либреттонун мазмунун терең үйрөнүү максатында Малдыбаев, Фере баштаган композиторлор Каркыра жайлоосуна аттанышкан.

Айтылуу кыргыз режиссеру Төлөмүш Океев 1935-жылдын 11-сентябрында жарык дүйнөгө келген. Т. Океев Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулуп, 1958-жылы Ленинград искусство жана маданият институтунун үн оператор бөлүмүн ийгиликтүү аяктаган. Ал 1963-жылдан баштап «Аптап», «Биздин балалыктын асманы», «Кара мүртөз», «Кызыл алма», «Улан», «Ак барстын тукуму», «Махабат закымы» сыяктуу тасмаларды тарткан. Анын советтик маданиятка сиңирген эмгеги бийлик тарабынан жогору бааланып, 1985-жылы ал СССР эл артисти, 1972-жылы Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттык наамдарын алган. Төлөмүш Океевдин чыгармачыл ийгилиги 6 эл аралык кинофестивалдын лауреаттык сыйлыгы менен белгиленген.

Франк императору Улуу Карл I 813-жылдын 11-сентябрында уулу Людовик I өзүнүн мураскери деп жарыялаган.

Бенжамин Франклин 1773-жылдын 11-сентябрында «Эч качан жакшы согуш же жаман тынчтык болгон эмес» деген учкул сөзүн жазган.

Санкт-Петербургдагы Артиллериялык училищанын жогорку класстарынын негизинде 1855-жылдын 11-сентябрында Артиллериялык академия уюшулган.

Орусиядагы биринчи жеке театр Москва шаарында 1882-жылдын 11-сентябрында ачылган.

Совет мамлекети 1918-жылдын 11-сентябрында метрикалык чен өлчөмдү кабыл алган.

Советтик кырдуу стакан 1943-жылдын 11-сентябрында чыгарылган.

С. Прокофьевдин Алтынчы симфониясынын бет ачары 1952-жылдын 11-сентябрында өткөн.

СССР Жогорку Кеңешинин президиуму 1957-жылдын 11-сентябрында шаар жана заводдорго жашап жаткан партиялык лидерлердин ысмын ыйгарууга тыюу салган чечим чыгарган.

Чилидеги аскердик төңкөрүш 1973-жылдын 11-сентябрында жасалып, бийликке Пиночет баштаган аскердик хунта келген.

Эстонияда 1988-жылдын 11-сентябрында эстон тили мамлекеттик тил деп аталган.

Нью-Йорктогу эл аралык соода борбору жайгашкан асман тиреген имараттарды 2001-жылдын 11-сентябрында террорчулар басып алган учактар жарып, Пентагонго абадан чабуул жасалган.

Владимир Воронин 2009-жылдын 11-сентябрында Молдавиянын президенттик кызматынан кеткен.
XS
SM
MD
LG