Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:24

16-сентябрь: Тарых барактары


Арнольд Шварценеггер жана Дмитрий Медведев.
Арнольд Шварценеггер жана Дмитрий Медведев.

Энесайлык кыргыздар менен Сибирь воеводаларынын ортсундагы каршылаштык XVIII кылымдын башталышында кайрадан күч алып, эми каршылашкан тараптар курчуган кырдаалды турукташтыруу үчүн сүйлөшүү жолун издөөгө мажбур болушкан.

Кыргыздардын жеринде жашаган жунгар ханы Зайсан Аба 1701-жылы кыргыздар менен Сибирь воеводаларынын ортосундагы мамилени турукташтыруу максатында Краснояск жергиликтүү бийлигине кат жолдогон. Красноярск воеводасы жооп ирээтинде жазган катында, кыргыздардан аманат жөнөтүлүшүн жана кыштымдардан салык алынып, айдалып кеткен жылкылар менен тонолгон мүлктүн кайтарылып берилишин талап кылган.

Мындан тышкары воевода кыргыз жергесине жөнөтүлгөн. Воевода кыргыз жергесине жөнөтүлгөн элчилерди туткунга албай аларга татыктуу мамиле жасалышын өтүнгөн. Красноярск воеводасынын каты кыргыз бектерине, анын ичинде Корчун Еренаков жана анын «жолдошторуна» толук тааныштырылган.

Узак убакытка созулган алдын-ала жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин кыргыздар менен Сибирь воеводаларынны ортосунда сүйлөшүүлөр башталган. Сибирь воеводаларынын элчилигин казак он башчысы Роман Торгашин жетектеп, алар башында үч күн жунгар зайсанын үйүндө болушкан. Андан соң алар Шорло Мерген бектин Абакандагы Езер улусуна сапар тартып, орус элчилери мында 19-августтан-16-сентябрга чейин калышкан.

16-сентябрь - Кыргызстандын Мамлекеттик коргоо кызматынын күнү. Мамлекеттик коргоо кызматы президент Аскар Акаевдин 1992-жылдын 16-сентябрь күнкү жардыгына жараша бекитилген. Мамлекеттик коргоо кызматы Кыргызстандын президенти жана анын үй-бүлөсү, премьер-министр, парламент спикери, Конституциялык Соттун төрагасы, ошондой эле Кыргызстанга сапар менен келген чет элдик мамлекет башчыларын коргоо боюнча укуктук, уюштуруу, коргоо, оперативдик-тинтүү, техникалык чаралар алкагында иш алып барышы каралган.

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитети 2009-жылдын 16-сентябрында Кыргызстандын бүтүндүгүн коргогон жоокерлерди эскерүү күнүн 18-сентябрга белгилеген токтомдун долбоорун жактырган.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин өлкө бейпилдигине доо кетирген оор сыноо 1999-жылдын август-сентябрь айларына туш келет. Ооганстандан Кыргызстанга оогон Өзбекстан ислам кыймылынын баш кесерлери өлкөнүн түштүк аймагына кол салышып, бейпил турмуш ыргагын бузушкан. Кыргызстандык аскер күчтөрүнүн сентябрь айынын баш ченинде исламчыл башкесерлерге каршы жасаган аскер операциясынан кийин согушчандар изин жашырып аракетсиз абалга өтүшкөн. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин маалымдоосуна караганда, мындан улам эки тарап тең 7-16-сентябрга чейин чечкиндүү аракет көргөн эмес.

16-сентябрь – Озон катмарын коргоонун эл аралык күнү. Озон катмарына көңүл буруп, коргоо зарылчылыгы 1994-жылы Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында белгиленген.

Христофер Колумбдун биринчи экспедициясынын маалында 1492-жылдын 16-сентябрь күнү Саргасс көлү ачылган.

Орус империясы 1821-жылдын 16-сентябрында Алясканын өзгөчө укугун аныктаган. Анткен менен мындай билдирүү 46 жыл өткөндөн кийин Алясканы сатууга жолтоо боло алган эмес.

Академик Григорий Иванович Лангсдорф жетектеген орус экспедициясы 1828-жылдын 16-сентябрында Бразилиянын Пара шаарына келген.

Биринчи Панамерикалык конференция 1889-жылдын 16-сентябрында Вашингтондо ишин баштаган.

Франция президенти Шарль де Голль 1959-жылдын 16-сентябрь күнү радио аркылуу Алжир калкына референдум өткөрүү сунушу менен кайрылган. Кайрылуу Алжир калкы өлкөнүн өз алдынча өнүгүүсүнө жана анын мурдагыдай эле Франциянын курамында калуу маселесин тандап алышына арналган.

Малай, Сингапур, Британиялык Түндүк Борнео жана Саравакадан куралган Малайзия мамлекети 1963-жылдын 16-сентябрында негизделген.

Папуа - Жаңы Гвинея 1975-жылдын 16-сентябрында Австралиядан бөлүнүп, эгемендик алгандыгын жар салган.

Бейруттагы палестиналык качкындар орун алган Сабра жана Шатила лагерлеринде 1982-жылдын 16-сентябрында ливандык христиан-фалангисттердин колунан 700дөн 3500ге чамалуу адам өлтүрүлгөн. Мыкаачылык акция эки күн бою уланып, Ливандагы кандуу каргашага Израилдин коргоо министри Ариэль Шарондун катышы бар деп айыпталып, ал кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.

Актёр Арнольд Шварценеггер 1983-жылдын 16-сентябрында АКШнын атуулдугун алган.

Жердин озон катмарын коргоо туурасындагы Монреаль протоколу 1987-жылдын 16-сентябрында кабыл алынган.

Украин журналисти Георгия Гонгадзени тирүү кезинде акыркы жолу 2000-жылдын 16-сентябрында көрүшкөн.

Юкио Хатояма 62 жаш курагында 2009-жылдын 16-сентябрь күнү Жапониянын жаңы премьер-министри болгон.
XS
SM
MD
LG