Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:16

19-сентябрь: Тарых барактары


1952-жылдын 19-сентябрында АКШ бийлиги актёр Чарли Чаплинге коммунисттер жан тартат деп айыпташкан.

1952-жылдын 19-сентябрында АКШ бийлиги актёр Чарли Чаплинге коммунисттер жан тартат деп айыпташкан.

Пишпек почтасынын даражасы 1886-жылы жогорулап, ал жалпы империялык макам алган. Уезд-шаардык почтасы мурдагы Ташкен, азыркы Жибек жолу проспектисинде орун алып, анын жаңы макамына жараша телеграф аппараты менен жабдылып, эми ал Пишпек почта-телеграф конторасы аталып калган.

Түркстан АССР советинин IX съезди 1920-жылдын бул күнү ишин баштаган.

Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитети менен Эл комиссарлар кеңеши биргелешип 1930-жылдын 19-сентябрында «Кыргыз АССРинде милдеттүү баштапкы билим берүүнү киргизүү туурасында» Токтом кабыл алган. Токтомдо каралгандай, өлкө аймагында 8ден 14 жашка чейинки жеткинчектер милдеттүү түрдө башталгыч билим алышып, аларга билим бере турган мугалимдер контингентин даярдоо маселелери каралган. Мындан тышкары балдарды сабаттуу окутуу үчүн мектеп имараттарын даярдоо жагы да оң чечилген.

Кыргыз илим-изилдөө институту 1934-жылдын бул күнү «Кыргыз фольклорунун жыйнагын» топтоого киришкен. Жыйнак Орто Азия республикаларынын өз алдынча бөлүнүшүнүн он жылдыгына арналган. Анын «Падышалык колонизаторлордун Кыргызстан аймагын басып алышы» аталган бөлүмдү Тойчинов, «Кыргызстандын үч кабат эзилиши» бөлүмүн Жолдошев топтогон. Көп өтпөй саамалыкка катышкан адамдардын көпчүлүгү «эл душмандары» атыгып атылып кетишине байланыштуу жарык көргөн китеп библиографиялык таңсык чыгармага айланган.

Европа парламенти абактагы «Ар-Намыс» партиясынын төрагасы Феликс Куловду айтылуу илимпоз, укук коргоочу Андрей Сахаров атындагы сыйлыкка көрсөткөндүгү 2003-жылдын бул күнү кыргыз коомчулугуна белгилүү болгон.

Мамлекет башчынын жардыгы менен 2005-жылдын бул күнү башкы прокурор А. Бекназаров кызматынан бошотулган.

Кыргыз парламенти 2005-жылдын 19-сентябрында Жогорку Кеңеш депутаты Айдар Акаевди кол тийбестик укугунан ажыраткан.

Пуатье салгылашында 1356-жылдын 19-сентябрында англичандар француздарды жеңишкен.

«Петербургдан Москвага саякат» аталган китеби үчүн жазуучу А. Радищев 1790-жылдын 19-сентябрында Сибирге сүргүнгө айдалган.

Канада-француздук биринчи коммерциялык келишимге 1907-жылдын 19-сентябрында Париж шаарында кол коюлган.

Совет бийлиги 1918-жылдын 19-сентябрында чет өлкөгө көркөм жана тарыхый эстеликтерди чыгарылышына тыюу салган.

Советтер Союзундагы «Милиция» журналы 1922-жылдын 19-сентябрында негизделген.

Калуга шаарында Константин Эдуардович Циолковскийдин үй музейи 1936-жылдын 19-сентябрында ачылган.

Англия менен Франция мамлекеттери 1938-жылдын 19-сентябрында Судет областына германдыктар каалаган өзүн-өзү башкаруу бийлигин Чехословакияны таанышын талап кылышкан.

Советтер Союзу менен Финляндияны жараштырган Москва келишимине 1944-жылдын 19-сентябрында кол коюлган.

Европа Кеңешине түрткөн Уинстон Черчиллдин Цюрих университетиндеги баяндамасы 1946-жылдын 19-сентябрында жасалган.

1952-жылдын 19-сентябрында АКШ бийлиги актёр Чарли Чаплинге коммунисттер жан тартат деп айыпташкан.

Киев шаарындагы Киев-Могилян академиясы 1991-жылдын 19-сентябрында кайрадан ишин баштаган.

Англис илимпоздору тарабынан Жер атмосферасына кирген астероид кайрадан кайып космоско кеткендигин тарткан кадр 2000-жылдын 19-сентябрында Лондондо көрсөтүлгөн. Илимпоздордун айтымында, эгер астероид 20 км төмөн учканда ал Жерге түшүп, көлөмдүү ядролук жардыруудай бүлүк салмак.

Тайландда 2006-жылдын 19-сентябрында мамлекеттик төңкөрүш жасалган.
XS
SM
MD
LG