Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

24-сентябрь: Тарых барактары


Планеталар аралык «Луна-16» станциясы 1970-жылдын 24-сентябрында Жерге Айдын топурагын алып келген.
Планеталар аралык «Луна-16» станциясы 1970-жылдын 24-сентябрында Жерге Айдын топурагын алып келген.

Кыргыз автономиялык областынын партия комитети менен ВКП (б) Контролдук комиссиясынын областтык президиумунун 1933-жылдын 24-сентябрь күнкү биргелешкен жыйынында уюштуруу маселеси каралган. Жыйында Кыргызстанда жыйналган эгинди мамлекет кампасына төгүү ишин үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн обком партиянын биринчи катчысы Александар Шахрай менен Элдик комиссарлар кеңешинин төрагасы Юсуп Абдрахманов кызматынан алынган.

Кыргыз областтык партия комитетинин биринчи катчылыгына Москвадан жөнөтүлгөн Морис Белоцкий, Элдик комиссарлар кеңешинин төрагалык кызматына мурдагы партиялык комитеттин экинчиси катчысы Баялы Исакеевди шайланышкан.

Совет мамлекети жаңыдан тарагандан кийин, 70 жыл бою калыбына келип калган экономикалык байланышты сактап калуу аракети жасала баштаган. Шериктеш мамлекеттердин көмүр жана темир өнөр жайларындагы мамилени жандандыруу максатында 1993-жылдын 24-сентябрында Евроазиялык мамлекет аралык көмүр жана темир бирикмеси уюшулган. Уюмга Кыргызстандан тышкары Азербайжан, Армения, Беларус, Грузия, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан жана Украина кирген.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин демилгеси менен 1996-жылдын 24-сентябрында «Кыргызстан жана Россия XXI кылымда» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция ишин баштаган.

Кыргыз маданият күндөрүнүн Москва шаарында өткөрүү жөрөлгөсү совет мезгилинде эле башталган. Кыргыз чеберлеринин Москва искусство күйөрмандарына кыргыз маданият жетишкендиктери менен биринчи жолку тааныштыруусу 1939-жылы болгон. Советтер Союзу тарагандан кийинки Кыргызстандын улуттук искусство үлгүлөрүнүн Москва шаарында көрсөтүлүшү 2003-жылдын сентябрь айында жасалган. Кыргыз маданият күндөрүнүн алкагында улуттук искусство өрнөктөрү «Мурас жана учур» деген аталыш менен Москва шаарындагы Мамлекеттик Чыгыш музейинде 24-сентябрь күнү көрсөтүлгөн.

Бириккен Улуттар уюмунун сот жана адвокаттардын күңкорсуздук маселеси боюнча атайын баяндамачысы Леандро Деспоинин 2005-жылдын 24-сентябрдагы билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстандын калкы азыр да сот акыйкаттыгына ишенишпейт.

“Манас” эл аралык аэропортунда орун алган америкалык аскер күчтөрүнө караштуу учкучтар, 2005-жылдын 24-сентябрында Чүй областына 80 миң тонналык күйүүчү майларды төгүшкөн. Кыргызстандык эколог адистердин маалыматына караганда, учкучтардын мындай аракети областтын жүздөгөн гектер жерлерине зыян келтирген.

Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаевдин 2002-жылдын сентябрь айында АКШга жасаган сапарынын алкагында, 24-сентябрь күнү мамлекет башчысы америкалык конгресс спикери Деннис Хастерт менен жолугушкан. Кыргыз президенти “эгер Нидерландия жоогазындардын мекени болсо, Кыргызстан бейөкмөт уюмдардын өлкөсү” деп билдирген. Анткен менен америкалык тарап, 2001-жылдын январь айынан бери камакта жаткан мурдагы вице-премьер-министр Феликс Куловдун маселесин козгоп, президентке Кыргызстанда адам укуктары бузулуп жаткандыгын билдирген кат тапшырышкан. А. Акаев катты өлкөнүн Жогорку Сотуна тапшыра тургандыгын билдирген.

Чыгыш Грузия 1801-жылдын 24-сентябрында Орусия империясына кошулган.

Цемес суусунун куймасына 1838-жылдын 24-сентябрынан баштап коргоо жайы курула баштаган. Кийин анын айланасында Новороссийск шаары түптөлгөн.

Алтын куймаларын текши сатып алуунун айынан 1869-жылдын 24-сентябрында америкалык базарда «кара жума» аталган калайман башталган.

«Правда» гезити И. В. Сталинди биринчи жолу «Великий кормчий» деп 1934-жылдын 24-сентябрь күнкү санында жазып чыккан.

Согуштан кийинки Германиянын кайра курулушуна арналган «Моргентау планы» 1944-жылдын 24-сентябрында жарык көргөн. Моргентау планы боюнча Германиянын өнөр жайын толук токтотуп, аны айыл чарба өлкөсүнө айлантуу келечеги каралган.

«Хонда Мотор» компаниясы 1948-жылдын 24-сентябрында негизделген.

АКШ президенти Дуайт Эйзенхауэр 1957-жылдын 24-сентябрында Литл-Рокко 1000 десантникти жиберген. Аскер бирикмесине жалпы окуу жайына барган тогуз кара балдарды коргоо милдети жүктөлгөн.

Америка Кошмо Штаттарындагы «Энтерпрайз» аталган биринчи атомдук авианосец 1960-жылдын 24-сентябрында сууга түшүрүлгөн.

Свазиленд мамлекети 1968-жылдын 24-сентябрында Бирккен Улуттар уюмуна кабыл алынган.

Планеталар аралык «Луна-16» станциясы 1970-жылдын 24-сентябрында Жерге Айдын топурагын алып келген.

Советтик спортчулар Людмила Белоусова менен Олег Протопов 1979-жылдын 24-сентябрында Швейцариядан баш паанек сурашкан.

Рим Папасы Иоанн Павел II 1989-жылдын 24-сентябрында убагында Галилей айткан көз караш туура экендигин мойнуна алып, окумуштуудан кечирим сурап, «ал чиркөөнүн анык уулу» деп жар салган.

Рынок экономикасына өтүү үчүн Советтер Союзунун лидери М. Горбачёвго 1990-жылдын 24-сентябрында айрыкча ыйгарым укуктар берилген.

Бейкер-стриттеги Шерлок Холмстун эстелиги 1999-жылдын 24-сентябрында ачылган.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев 2009-жылдын 24-сентябрь күнү биринчи жолу Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 64-сессиясында сөз сүйлөгөн.
XS
SM
MD
LG