Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:33

26-сентябрь: Тарых барактары


“Википедиядан” мурда иштеген “Нупедия” 2003-жылдын 26-сентябрында ишин токтоткон.

“Википедиядан” мурда иштеген “Нупедия” 2003-жылдын 26-сентябрында ишин токтоткон.

Кокон хандыгына каршы чыккан кыргыздар менен кыпчактардын 1875-жылкы көтөрүлүшү хандык үчүн эле эмес, мында үстөмдүк орнотуу максатын көздөгөн Орусия империясы үчүн зор коркунуч жараткан. Ошондуктан орус бийлиги Кокон ханы Насреддинге козголоңчуларга каршы биргелешип аракет көрүү сунушу менен кайрылган.

Хандык тарабынан колдоо алынган соң орус аскерлери кыргыздар менен кыпчактарга каршы согуш аракетин көрүп башташкан. Орус аскерлери Сырдарыядан өтүшүп, 1875-жылдын 26-сентябрында Наманганга чыгышып, көп өтпөй Ош шаарын басып алышкан.

Жетисуу областындагы Пржевальск уездинин полковниги Иванов-Ринов, Павел Павлович 1916-жылдын бул күнү кыргыздардын көтөрүлүшү жана анын жүрүшү туурасында түшүндүрмө берген. Ал уездде башталган көтөрүлүштү хронологиялык тактык менен калыбына келтирип, көлдүн түндүк аймагын каптаган кыймыл туурасында маалымат айткан. Анын жазганына караганда кыргыздардын көтөрүлүшү Сазановка айылынан башталып, Пржевальск шаарын курчоо менен аяктаган. Ал көтөрүлүшкө каршы кандай чаралар көрүлгөндүгүн, берилген буйрук жана алардын аткарылышы туурасында кең-кесири маалымат калтырган.

Басмачылар жана ак гвардиячыл күчтөр 1919-жылдын сентябрь айында Ош шаарын басып алышкан. Шаарды бошотуш үчүн Совет бийлиги зор күч жумшап, контрреволюциячыл кыймылга каршы чечкиндүү чабуулга өткөн. Ак гвардиячылар кызыл аскелерди Куршаб кыштагынын кашынан тосуп, мында бир жарым саатка созулган айыгышкан согуш жүргөн. Натыйжада козголоңчулар оор жоготууга учурап, 1919-жылдын 26-сентябрында Ош шаары басмачылар менен ак гвардиячыл отряддардан бошотулган.

Кыргызстандын калкы 1929-жылдын бул күнү сабатсыздыкты жоюнун бир айлыгына катышкан. Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу комитетинин чечимине ылайык, республика аймагында жашаган 40 миң жумушчу жана дыйкандар окуу партасына отуруп, колуна калем кармап, китеп окуу аракетинде болушкан. Сабатсыздыкты жоюнун негизги максаты, бай-манаптардын бузуку иштерин түбүнөн таанып аларга каршы сабаттуу күрөшүү болгон.

Чувашиянын азыркы борбору эсептелген Чебоксар шаары 1530-жылдын 26-сентябрында түптөлгөн.

Венециялык армиянын 1687-жылдын 26-сентябрь күнкү аткылоосунан улам Афинадагы Парфенон храмы талкаланган.

Австрия, Пруссия жана Орусия империялары 1815-жылдын 26-сентябрь күнү Париж шаарында Ыйык биримдикке баш кошкон келишимге кол коюшкан.

Эмил Берлинер 1887-жылдын 26-сентябрында граммофонду патенттеген.

Жаңы Зеландия менен Ньюфаундленд 1907-жылдын 26-сентябрында Британия империясынын доминиондоруна айланышкан.

Н. Е. Жуковский атындагы Кызыл аба флоту жана инженерлер институту 1920-жылдын 26-сентябрында негизделген.

Орусия 1921-жылдын 26-сентябрында Поволжьядагы ач калгандарга жардам сурап кайрылган.

Францияда 1939-жылдын 26-сентябрь күнү коммунисттик уюмдар тараталып, француз компартиясынын лидерлери камакка алынган.

Бириккен Улуттар уюмунун тарыхындагы эң узун 4 саат 29 мүнөттүк баяндаманы Фидел Кастро 1960-жылдын 26-сентябрь күнкү жыйында жасаган.

Аскердик төңкөрүштүн натыйжасында Йемен Араб Республикасы 1962-жылдын 26-сентябрында түптөлгөн.

«Правда» гезитинин 1968-жылдын 26-сентябрь күнкү санына социалисттик өлкөлөрдүн «чектелүү эгемендиги» аталган «Брежневдик доктрина» жарыяланган.

Жаңы Зеландияда сууга чөктүрүлгөн «Гринпис» уюмунун «Рэйнбоу Уорриор» кемесин француздук атайын кызмат жасагандыгын Франция президенти 1985-жылдын 26-сентябрында мойнуна алган.

Украина 1995-жылдын 26-сентябрында Европа Кеңешине кабыл алынган.

“Википедиядан” мурда иштеген “Нупедия” 2003-жылдын 26-сентябрында ишин токтоткон.
XS
SM
MD
LG