Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:35

28-сентябрь: Тарых барактары


Эхуд Барак
Эхуд Барак

Кыргыздардын Кокон хандыгына каршы нааразылык маанайы 1857-жылдын жаз жана жай айларында жогорку чегине жеткен. Чүй жана Фергана өрөөнүндөгү кыргыздар хандык бийликке каршы чыгып, ал акыры улуттук боштондук кыймылга айланган.

Чүй өрөөнүнүн кыргыздары хандыктын эзүүсүнөн кутулуп, келечек өнүгүү багытын Орусияга түздөй, аны менен жакындашуу максатында империяга элчилик жиберген. Батыш Сибирь генерал-губернаторунун 1857-жылдын 28-сентябрындагы жазганына караганда, “кыргыздардын көп сандуу сарыбагыш уруусу анын улуу даражалуулугу императордун өкүмүнө кирүүнү суранган”.

Түркстан генерал-губернатордугу 1906-жылдын 28-сентябрында революциялык кыймылга катышкандарга каршы “өзгөчө буйрук” чыгарган. Буйрукта каралгандай коммунисттик идеяларды жайылтып, калк арасында чагымчыл иштерди жүргүзгөн адамдар кармалып, сот жообуна тартыла тургандыгы көрсөтүлөт.

Падышалык бийликке каршы чыккан 1916-жылкы көтөрүлүштө жалаң эле кыргыз же орустар эмес, башка улуттун өкүлдөрү да жапа чеккен. Пржевальск шаарын камоо маалында 400дөн ашык кытай букалары өлтүрүлүп, орус бийлигинин буйругу боюнча 4 миң чамалуу кытай улутунун өкүлдөрү шаар сыртына көчүрүлгөн.

Жер которуу маалында кытайлыктардын мал, мүлкү таланып алынгандыктан кытай өкмөтү Бээжиндеги орус өкүлчүлүгүнө кайрылып, чыгымды төлөп берүүнү талап кылган. Бул туурасында маалымат Тышкы иштер министрлигинен алынып, 1916-жылдын 28-сентябрында Түркстан генерал-губернатордугунда талкууланган.

Кыргыз ТАГдын 1969-жылдын бул күнкү маалымдоосуна ылайык, Ысык-Көлдүн эң терең точкасы 660 метрге туура келери аныкталган. Буга чейин жүргүзүлгөн ченөө боюнча көлдүн терең точкасы 702 метрге барабар деп эсептелинип келген. Жергиликтүү карыялардын айтымында, убагында Ысык-Көлдүн толкуну Пржевальскинин эстелигине чарпылып турчу экен. Кийин көл тартылып отуруп азыркы абалына жеткен.

Герцог Вильгельм Баскынчы баштаган нормандар 1066-жылдын 28-сентябрында Англияга каптап киришкен.

Испандык Хуан Родригес Кабрильо 1542-жылдын 28-сентябрында Калифорния жээгин бойлой сүзүп өткөн биринчи европалык болгон.

Дүйнөдөгү биринчи ломбард 1618-жылдын 28-сентябрында Брюсселде ачылган.

Мексиканын Мичоакан штатында 1759-жылдын 28-сентябрында Хорулло вулканы атыла баштаган.

Е. И. Пугачёв баштаган 1773-1775-жж. дыйкандардын көтөрүлүшү 1773-жылдын 28-сентябрында Яиктин төмөн агымындагы Бударинский форпостунда башталган.

Латвия университети 1919-жылдын 28-сентябрында ачылган.

Советтер Союзундагы Жумушчу-Дыйкандар милициясы туурасында жобо 1925-жылдын 28-сентябрында кабыл алынган.

Экинчи Дүйнөлүк согуштун жүрүшүндө Варшава шаары 1939-жылдын 28-сентябрында капитуляцияланган.

Советтер Союзу менен Германия ортосундагы достук жана чек ара келишимине 1939-жылдын 28-сентябрында кол коюлган.

СССР-Канада командалары ортосундагы хоккей боюнча 1972-жылдын 28-сентябрь күнкү оюнду чагылдырган баяндамачы Николай Озеров “такой хоккей нам не нужен!” деген сөзүн айткан.

«Эстония» парому 1994-жылдын 28-сентябрында Балтика деңизине чөгүп, кырсыктан 852 адам өлгөн.

Израиль мамлекетинин премьер-министри Эхуд Барак 2000-жылдын 28-сентябрында Иерусалимдин экиге бөлүнүш мүмкүнчүлүгүн биринчи жолу мойнуна алган. Анын айтымында, эгер палестиндер менен тынчтык келишим түзүлсө, анда шаардын Батыш бөлүгү Израилдин борбору катары калып, чыгыш тарабы Палестинага берилмек.

Белорус Республикасындагы парламенттик шайлоо 2008-жылдын 28-сентябрында өткөн.
XS
SM
MD
LG