Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

30-сентябрь: Тарых барактары


Скрипач Владимир Спиваков жетектеген «Виртуозы Москвы» аталган Мамлекеттик камералык ансамбль 1982-жылдын 30-сентябрында уюшулган.
Скрипач Владимир Спиваков жетектеген «Виртуозы Москвы» аталган Мамлекеттик камералык ансамбль 1982-жылдын 30-сентябрында уюшулган.

Орто Азияга умтулган Орусия империясы менен Кытай мамлекеттеринин ортосундагы тирешүү чек ара маселесинде тогошкон. Падышалык бийлик 1892-жылы циндик Кытайга Барлыкты Орусиянын карамагына берүү же болбосо, ижара акы төлөөнү дагы 10 жылга узартуу талабын койгон.

Бирок расмий Бээжин Чыгыш Түркстандагы көчмөндөргө жайыт жетишпегендигин белгилеп, Орусиянын талабын четке каккан. Чугучактагы орусиялык консул Н. Б. Борнеман 1893-жылдын 30-сентябрында Тарбагатай округу менен илилик цзянцзюн менен Барлыктын Кытайга кайтарылып берилиши тууралуу актыга кол койгон.

Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мухаммад Реза Ареф 2004-жылдын 30-сентябрында Кыргызстанга иш сапары менен келген. Ирандык өкүлдү премьер-министр Николай Танаев тосуп алып, эки тараптуу кызматташууну арттыруу багытында сүйлөшүүлөр жүргүзгөн.

Сүйлөшүүдө эл аралык жана аймактык коопсуздук тегерегинде пикир алмашылып, ирандык тарап Кыргызстанда кичи ГЭСтерди курууга жана жогорку Нарын каскадынын курулушуна инвестиция бөлө тургандыгын билдирген. Ошондой эле Бишкекте Ирандын “Маскян” банкынын филиалын куруу маселеси каралган. Кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиянын жетинчи жыйынынын натыйжасында энергетика, саламаттык сактоо тармагы багытында меморандумга кол коюлуп, туризм жана маданий мурастар боюнча кабыл алынган 2004-2006-жылдардагы программаны ишке ашыруу талкууланган.

Премьер-министр Феликс Куловдун Орусияга жасаган эки күндүк иш сапары маалында эки өлкө ортосундагы аскердик-техникалык, гуманитардык жана соода-экономикалык кызматташууну арттыруу маселелери талкууланган. Кыргызстан өкмөт башчысы орусиялык премьер-министр Михаил Фрадков, «Газпром» башкармасынын төрагасы Алексей Миллер менен жолугушуп, Кыргызстанды узак мөөнөткө мунай, газ менен камсыздоо тегерегинде сүйлөшүүлөр жүргүзгөн. Кыргыз өкмөт башчысынын Орусияга жасаган эки күндүк иш сапары 2005-жылдын 30-сентябрында соңуна чыккан.

Бүткүл дүйнөлүк жүрөк федерациясынын “Сак-саламат жүрөк үчүн биригели!” деген урааны менен уюшулган иш-чара 2007-жылдын 30-сентябрында Бишкек шаарында өткөн. Бүткүл дүйнөлүк жүрөк федерациясына жүздөн ашуун өлкөнүн 189 кардиологиялык уюму баш кошкон. Кыргызстан бул федерацияга 2006-жылы мүчө болгон.

Адистердин айтымында, жүрөк, кан тамыр дартынан каза болгон адамдардын саны жагынан Кыргызстан алдыңкы он өлкөлөрдүн катарына кирет. Статистикалык маалыматтарга ылайык, ар жылы республикада жүрөк оорудан 18 миң чамалуу адам каза болсо, дүйнө жүзүндө жылына жүрөк дартынан 17,5 млн. адам көз жумат.

30-сентябрь – Ооз эки жана жазуу түрүндөгү котормочулардын эл аралык күнү. Бул күн Библияны латын тилине которгон Ыйык Иеронимдин 419 же 420-жылдагы өлүмүнө байланыштуу. Бул күндү белгилөө Котормочулардын эл аралык федерациясы тарабынан 1991-жылы аныкталган.

Иоганн Гутенберг даярдаган Библиянын биринчи китеби 1472-жылдын 30-сентябрында Майнцта жарык көргөн.

Моцарттын «Сыйкырдуу флейта» аттуу акыркы операсы 1791-жылдын 30-сентябрында Вена шаарында аткарылган.

Америка Кошмо Штаттары 1809-жылдын 30-сентябрь күнү Форт Уэйнде индеецтер менен келишимге жетишкен. Жергиликтүү калк колониалдык бийликтин кысымына чыдабай АКШга 3 миллион акр жерин берүүгө мажбур болгон.

Парагвай Конгресси 1813-жылдын 30-сентябрь күнү ишин баштап, анда өлкө эркин республика аталган.

Американын Висконсин штатындагы Эпплтон шаарчасында 1882-жылдын 30-сентябрында дүйнөдөгү биринчи гидроэлектростанция ишке кирген.

Жасалма жибек (вискоза) 1902-жылдын 30-сентябрында патенттелген.

Англис микробиологу Александер Флеминг 1928-жылдын 30-сентябрь пенициллинди ойлоп чыгаргандыгын кабарлаган.

«Правда» гезитинин 1928-жылдын 30-сентябрь күнкү санына Н. Бухариндин Сталиндин экономикалык саясатын сындаган «Экономисттин белгилөөсү» деген макаласы жарыяланган.

«Би-би-си» англис кызматы 1929-жылдын 30-сентябрында биринчи жолу телекөрсөтүүнү берген.

Чехословакиянын Судет областын Германияга берүү туурасындагы Мюнхен келишимине 1938-жылдын 30-сентябрында кол коюлган.

Советтер Союзундагы «СССРдин эмгек сиңирген учкучу», «СССРдин эмгек сиңирген штурманы» аттуу ардактуу наамдар 1965-жылдын 30-сентябрында кабыл алынган.

Филиппин президенти Фердинанд Маркос 1965-жылдын 30-сентябрында ант берген.

Израилдин жаңы валютасы эсептелген шекель 1980-жылдын 30-сентябрында жүгүртүүгө киргизилген.

Скрипач Владимир Спиваков жетектеген «Виртуозы Москвы» аталган Мамлекеттик камералык ансамбль 1982-жылдын 30-сентябрында уюшулган.

ВИД телекомпаниясы 1990-жылдын 30-сентябрында түптөлгөн.

Жан-Бертран Аристид 1991-жылдын 30-сентябрында Гаити президенттигинен түшүрүлүп, бийликке аскер хунтасы келген.

Украинадагы кезексиз парламенттик шайлоо 2007-жылдын 30-сентябрында өткөн.
XS
SM
MD
LG