Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

2-октябрь: Тарых барактары


2-октябрь – Зомбулукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү.
2-октябрь – Зомбулукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү.

Орус аскерлери 1860-жылдын август айында Пишпек жана Токмок шаарларын кокондуктардан бошоткондон кийин хандык бийлик бул аймакты кайра каратуу саясатын жүргүзүүгө киришкен. Орус аскерлеринин Верныйга кайра кайтышына байланыштуу кокондуктар 10-15 миң чамалуу аскер топтоп Пишпек менен Токмокту ээлеп алууга жетишкен. Верныйдагы орус бийлигине 1860-жылдын бул күнү Чүй өрөөнүндө көп сандаган кокондук аскер жыйналды деген кабар түшкөн. Мындан улам Алатоо аскер округунда кокондуктарга сокку уруу үчүн камылга көрүлө баштаган.

Пишпек уезддик шайлоо комитети 1900-жылдын 2-октябрында Мөкүш Шабданов менен Турумбек Байтуминди Сарыбагыш волостунун болуштук кызматын ээлөө үчүн катышкан талапкердигин каттаган.

Санитардык-мектеп дарыгерлери үч смендик окууну жоюу сунушу менен Кыргыз АССР билим берүү Элдик комиссариаты жана Фрунзе шаардык кеңешине 1929-жылдын бул күнү кайрылышкан. Алардын сунушунда үч смендик окуу жеткинчектердин физиологиялык абалын эске албастан киргизилгендиги айтылып, өспүрүмдөр кеч киргенде чарчап калгандыгы белгиленет. Мындан тышкары дарыгерлер өспүрүмдөр арасында аз кандуулук илдетинин күч алгандыгына тынчсыздануусун билдиришкен.

Кыргыз токой станциясынын директору Петр Ган 1964-жылдын 2-октябрында Ысык-Көлдүн жээгин жашылдандыруу сунушун көтөргөн. Көл жээгине бак отургузуп, көлдү гүлзарга айландыруу идеясы СССР компартиясынын катчысы Никита Хрущевдун Кыргызстанга келип, Ысык-Көлдү кыдыруу маалында айтылган. Бирок октябрь айынын орто ченинде Н. Хрущевдун кызматтан алынышы менен жакшы саамалык унутулуп, эбегейсиз долбоор дароо сандык түбүнө салынган.

АКШдагы «Ар намыс» партиясынын мүчөлөрү 2003-жылдын бул күнү Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар уюмунун маңдайында пикетке чыгышкан. Пикет президент Аскар Акаевдин Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясында жасала турган билдирүүсүнө байланыштуу уюштурулуп, «арнамысчылар» Кыргызстандагы укук бузууларга коомчулуктун көңүлүн буруп, Ф. Куловдун түрмөдөн бошотулушун талап кылган плакаттар менен чыгышкан.

2-октябрь – Зомбулукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул күн Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 2007-жылдын 27-июнунда кабыл алынган. Майрамдык жөрөлгө Махатма Гандинин 2-октябрдагы туулган күнүнө байланыштуу белгиленип келет.

Француз изилдөөчүсү Жак Картье 1535-жылдын 2-октябрында Хочелагге түшүп, ал жерди Монреаль деп атаган.

Иван Грозныйдын аскерлери 1552-жылдын 2-октябрында Казан шаарын басып алып, хандык Орусияга каратылган.

Ханс Липперсхей 1608-жылдын 2-октябрында голланддык өкмөткө оптикалык телескоптун прототибин сунуш кылган.

Чарльз Дарвин 1836-жылдын 2-октябрында «Бигль» кемеси менен беш жылга созулган ааламды айланган саякатынан кийин мекенине кайтып келген.

Рим 1870-жылдын 2-октябрында бириккен Италиянын борборуна айланган.

АКШдагы «алкоголсуз мыйзамдан» кийин 1936-жылдын 2-октябрында биринчи спирт өндүрүш ишканасы ишке киришкен.

СССР Жогорку Кеңеш Президиумунун 1940-жылдын 2-октябрь күнкү жардыгы менен Мамлекеттик эмгек резерви уюшулган.

«Молодая гвардия» аталган антифашисттик уюм 1943-жылдын 2-октябрында Краснодарда уюшулган.

Немистик окуппанттар 1944-жылдын 2-октябрында Варшава көтөрүлүшүн басышкан. Көтөрүлүш 1944-жылдын 1-августунда башталып, кандуу террор 1 миллион чамалуу адамдын өмүрүн кыйган.

«Шпигель» журналынын биринчи саны 1948-жылдын 2-октябрында жарык көргөн.

Дүйнөдөгү биринчи атом сааты 1956-жылдын 2-октябрында Нью-Йорк шаарында көрсөтүлгөн.

Күчү 1,7 килотонналык «Кристалл» өзөктүк жардыруусу 1974-жылдын 2-октябрында жасалган.

Борбордук сыналгынын Биринчи каналында 1987-жылдын 2-октябрында «Взгляд» программасы көрсөтүлгөн.

Огайо институтунун адистери 1999-жылдын 2-октябрында Вашингтонду интернет тармагы өнүккөн шаар деп аныкташкан.

Дүйнөдөгү биринчи робот-инкассатор 2002-жылдын 2-октябрында Жапонияда сатыкка түшкөн.
XS
SM
MD
LG