Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:09

3-октябрь: Тарых барактары


Чукул жардам үчүн эл аралык SOS сигналы 1906-жылдын 3-октябрында кабыл алынган.

Чукул жардам үчүн эл аралык SOS сигналы 1906-жылдын 3-октябрында кабыл алынган.

Кыргыздардын башкы манабы Жантай Карабеков 1847-жылдын 3-октябрында Сибирь казактарынын чек ара башчысы, генерал-майор Н. Вишневскийге кат жолдогон. Жантайдын катында кыргыздар Кененсары султанды колго түшүрүп, өлтүргөндүгү жана аны орус бийлигине жиберилгендиги айтылат. Орус бийлиги Кененсарынын жазалангандыгы үчүн кыргыздарга урмат көрсөтүп, сыйлык берген.

Башкы манап орус бийлигинин сыйына ыраазычылык билдирип, колдон келген кызмат жана колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген. Катка Жантай Карабековдон тышкары Калыгул Алибеков, Калча Исенбеков, Кожобек Таштанбеков кол коюп, мөөрлөрүн басып күбөлөндүрүшкөн.

Чүй өрөөнүнүн кыргыздары 1862-жылы Алатоо аскер округунан Орусия империясынан букаралык сурап кайрылышкан. Алар Кокон хандыгына каршы көтөрүлүш чыгарышып, мындагы хандык бийлик башчысын өлтүрүшүп, Пишпектеги Кокон хандыгынын чебин курчап алышкан. Чүй өрөөнүнүн кыргыздары хандыкка каршы күрөшүүдө жеке кыргыздардын күчү жетпестигин туюшуп, жардам сурап орус аскер жетекчилигине кайрылышкан. Орус аскерлери 1862-жылдын бул күнү Верныйдан чыгып, Пишпекке багыт алышкан.

Кыргызстандагы биринчи орус-тузем мектеби 1884-жылдын 3-октябрында ачылган. Ал Пишпек уездине караштуу Токмоктун жанындагы Каракунуз кыштагында жашаган дунган балдарын окутууга багытталган. Мектепте негизинен өспүрүм балдар окуп, алар орус тилин, грамматикасын үйрөнүшкөн.

Борбордук № 10 мектеп окуучулары1954-жылдын бул күндөрү тарых мугалими Николай Черкасов менен биргелешип окуу жайдын короосунан артиллериялык ядро жана найза сыныктарын табышкан. Археологиялык изилдөөлөр көрсөткөндөй, согуш куралдары 1860-жылы орус аскерлеринин Кокон хандыгына тиешелүү Пишпек чебине чабуул маалында калтырылгандыгы аныкталган.

Рим императору Феодосий I 382-жылдын 3-октябрында Фракия аймагын вестготторго берген.

Германиянын Виттенберг кыштагынын адамдары дин үгүтөөчүсү Михаэль Штифелдин акыр заман туурасында айткан жоромолуна ынанышып 1533-жылдын 3-октябрында болгон мал-мүлкүн сатып жиберишкен.

Орусия империясында XIX кылымдын соңуна чейин колдонулган Собордук мыйзам жыйнагын Земской собор 1649-жылдын 3-октябрында кабыл алган.

Юрий Барятинский жетектеген өкмөттүк аскерлер 1670-жылдын 3-октябрь күнкү Симбирск кашындагы салгылашта Степан Разиндин колун жеңген.

Екатерина II тарабынан Орусиядагы ардактуу сыйлыктардын бири - Ыйык Владимир ордени 1782-жылдын 3-октябрында бекитилген.

Орусия менен Бразилия ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1828-жылдын 3-октябрында орногон.

АКШ президенти Авраам Линкольн 1863-жылдын 3-октябрында ноябрь айынын акыркы бейшембиси Ыраазычылык күнү катары белгилене тургандыгын жар салган.

Вена келишимине ылайык, 1866-жылдын 3-октябрында Австрия Венецияны Италияга берүүгө мажбур болгон.

Абхазиядагы 1891-жылдын 3-октябрь күнкү жер титирөөдө Амткел көлү пайда болгон.

Чукул жардам үчүн эл аралык SOS сигналы 1906-жылдын 3-октябрында кабыл алынган.

Ходынский талаасындагы Москва аэродрому 1910-жылдын 3-октябрында ачылган.

«Учительская газета» гезитинин биринчи саны 1924-жылдын 3-октябрында жарык көргөн.

Серб, хорват жана словендердин королдугу 1929-жылдын 3-октябрында Югославия деген расмий аталыш алган.

СССР менен Британия ортосундагы дипломатиялык мамиле 1929-жылдын 3-октябрында орногон.

Ирак 1932-жылдын 3-октябрында Британиядан бөлүнүп эгемендик алган.

Фашисттик Германия «Фау-2» аталган ракетаны 1942-жылдын 3-октябрында ийгиликтүү сыноодон өткөрүшкөн.

Бүткүл дүйнөлүк профсоюздар федерациясы 1945-жылдын 3-октябрында уюшулган.

Британия 1952-жылдын 3-октябрында биринчи ядролук жардыруу жасаган.

А. Н. Туполевдин «Ту-154» учагы биринчи жолу 1968-жылдын 3-октябрында ийгиликтүү сыноодон өткөн.

АКШ менен Канада мамлекеттери 1987-жылдын 3-октябрында өз ара эркин соода мамилесин орнотушкан.

Германия өлкөлөрү 1990-жылдын 3-октябрында бир мамлекетке бириккен.

Москва шаарында президент Б. Ельцин менен Жогорку Кеңеш ортосундагы карама-каршылык чегинен чыгып 1993-жылдын 3-октябрында кеңештин жактоочулары Останкино телемунарасын басып алууга аракет жасашкан.

Орусиянын президенти Владимир Путин 2001-жылдын 3-октябрында НАТО аскердик уюмунун баш катчысы Жорж Робертсон менен жолугушкан.
XS
SM
MD
LG