Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:36

6-октябрь: Тарых барактары


Ашхабад шаарында 1948-жылдын 6-октябрь түнү 9 даражага жеткен зилзала болгон.

Ашхабад шаарында 1948-жылдын 6-октябрь түнү 9 даражага жеткен зилзала болгон.

Чыгыш таанычулар менен дүйнөлүк илим коомчулугу 1895-жылдын бул күндөрү Токмокко жакын жайгашкан Бурана эстелиги туурасында маалымат алышкан.

Лондон шаарында орто кылым автору Мухаммед Хайдердин “Тарихи Рашиди” кол жазмасы жарык көрүп, анда айтылган Бурана мунарасы туурасындагы маалымат жана комментарийде келтирилген илимпоздордун пикири Пишпек уездинде орун алган эстелик жөнүндө кабар топтоого мүмкүнчүлүк берген.

Пишпек уездинде 1906-жылдын бул күндөрү жүргүзүлгөн тактоого караганда көчмөн чарбадан отурукташкан турмушка өткөн кыргыздардын саны өскөн. Отурукташууга кирген кыргыздарга империялык бийлик тарабынан керектүү колдоо көрсөтүлүп турган. Пишпек уезддинде 70 чамалуу отурукташкан кыргыз кыштактары орун алып, анда 8 миңдей түтүн, тактап айтканда 40 миң чамалуу адам жашаган.

Түркстан генерал-губернатордугу 1916-жылдын 6-октябрында кыргыздардын көтөрүлүшкө катышкандардан тартылып алынган малды сатып, кошумча каражат топтоо туурасында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө дагы бир эскертүү жиберген.

Жетисуу облус кеңешинин I съезди 1918-жылдын 6-октябрында ишин баштаган.

Москва шаарында 1940-жылдын бул күндөрү профессор Константин Кузьмич Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгү» жарык көргөн. Сөздүктөгү кыргызча сөздөр латын тамгасында берилгендиктен, анын мааниси «эскирген» деп бааланган. Бирок сөздүктү түзүү ыкмасы, сөздү талдоо жолу калган түрк тилдүү калктардын сөздүгүн иштетүү үчүн үлгү катары кабыл алынган.

Франциянын борбору Парижде 2003-жылдын 6-октябрында башталган ЮНЕСКОнун XXXII сессиясына кыргызстандык делегация катышкан. Сессияда президент Аскар Акаев сөз сүйлөп, андан кийин Кыргызстан менен ЮНЕСКО ортосунда «Кыргызстандагы тарыхый эстеликтерди коргоо тууралуу» макулдашууга кол коюлган.

6-октябрь – Айлана-чөйрөнү коргоонун эл аралык күнү. Айлананы коргоо демилгеси 1979-жылдын 6-октябрында Европа Кеңеши тарабынан кабыл алынган «Берн конвенциясында» жактырылган.

Козголоң чыгарган дыйкандар 23-жылдын 6-октябрында Кытай императору Ван Мандын башын алышкан.

Англис дин реформатору жана Библияны англис тилине которгон Уильям Тиндейл 1526-жылдын 6-октябрында ерестик көз карашы үчүн өрттөлгөн.

Немис көчкүндөрү 1683-жылдын 6-октябрында биринчи жолу Америкага келип, Пенсильванияда Германтаун кыштагын түптөшкөн.

Женевалык уста Якоб Швепп 1790-жылдын 6-октябрында жасалма минералдык сууну жасоо жолун көрсөткөн.

Париж – Константинополь багытында жүргөн «Чыгыш экспресси» 1883-жылдын 6-октябрында 78 сааттык алгачкы сапарына чыккан.

Владимир Ленин 1920-жылдын 6-октябрында англис жазуучусу-фантаст Герберт Уэллсти Кремлде кабыл алган.

ЦК РКП(б)нын 1922-жылдын 6-октябрында өткөн пленумунда советтик республикалардын Союзга биригүү тартиби бекитилген.

Калинин фронтунун 3-сокку уруучу армиясы 1943-жылдын 6-октябрында Невель шаарын бошоткон.

Ашхабад шаарында 1948-жылдын 6-октябрь түнү 9 даражага жеткен зилзала болгон.

Киевдик «Динамо» футбол командасы 1975-жылдын 6-октябрында Европанын Супер кубогун жеңип алган.

Гарри Каспаров 1986-жылдын 6-октябрында Анатолий Карпов менен таймашта шахмат боюнча дүйнө чемпиондук титулун сактап калган.

Казакстандын Улуттук-Демократиялык партиясы 1993-жылдын 6-октябрында негизделген.

Коста-Риканын экс-президенти (1990—1994) Рафаэль Кальдерон коррупцияга тиешеси бар деп айыпталып, 2009-жылдын 6-октябрында 5 жылга эркинен аж
XS
SM
MD
LG