Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

9-октябрь: Тарых барактары


АКШ президенти Барак Обама 2009-жылдын 9-октябрында Нобель сыйлыгына арзыган.
АКШ президенти Барак Обама 2009-жылдын 9-октябрында Нобель сыйлыгына арзыган.

Курман айт майрамы 1852-жылдын 9-октябрына туура келген. Курман айт күнү таңга жуук Кокон ханы Худаяр майрамдык салтанатты баштап, Ташкент беги Нурмагомеддин аскер парадын көргөн.

Салтанат бүткөндөн кийин Худаяр баштаган кокондуктар кыпчактарга кол салган. “Кыпчактарды үйүнөн, көчөдөн, бакчадан, атүгүл мечиттерден өлтүрүп жатышты” деп жазган кандуу окуянын күбөсү.

Кыпчак козголоңунун анабашчысы Мусулманкул хан аскерлери тарабынан кармалып, Кокон шаарында жазага тартылган. Кыпчак кыргынында жалаң эле бир этноско кол салынбастан, кыргыздар да көп өлтүрүлгөн. “Тауарих хамса” чыгармасында кабарлангандай, миңдеген кыпчак өлтүрүлүп, алардын мал, мүлкү хандык казынага тартылып алынган. Кыпчак кыргынында миңдеген адам набыт кетип, аман калгандары кыргыздарга качып, тоолордон баш пааналашкан.

Пулат баштаган кыргыздардын 1875-жылдын күзгү көтөрүлүшү Кокон хандыгы үчүн коркунуч жаратчу чекке жеткен. Анжыян салгылашынан кийин Пулатхан убактылуу ордосун Асакедеги кыштак базарына орнотуп, хандыкка нааразы калкты кашына топтой баштаган. Анжыянга тушташ жайгашкан кыргыздар Асакеге агылып, көп өтпөй анын аскеринин саны 12 миңге чамалаган. Маргалаң шаарынын козголоңчулардын колуна өтүшү хандыктын ички абалынын кескин начарлашына алып келген.

Кокондогу так төңкөрүшү 1875-жылдын 9-октябрында жасалып, Насреддин хан Хожентке качкан. Хандыктагы бийликти бир канча жүз кыргыздарды баштаган уратөбөлүк бек Абдул Гафар басып алган.

Түркстан генерал-губернатордугуна 1916-жылдын бул күнү Жетисуу областынын аскер губернаторунан телеграмма түшкөн. Анда Пржевальск уездинде жашаган дыйкандардын бүлүнгөн турак-жайлары жана азык-түлүк, кийим-кечеге болгон оор муктаждык туурасында кабарланган. Губернатордук тарабынан буга чейин көрсөтүлгөн 1000 рубль көлөмүндөгү жардам сарпталып, акча тартыштыгына байланыштуу жардам берүү зарылчылыгы белгиленет.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйын имаратында 2003-жылдын 9-октябрында «Баткен-2003» аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылган. Көргөзмө тематикасы Өзбекстан көмгөн миналардан курман болгон жана жабыр тарткан кыргызстандыктардын кайгылуу тагдырына арналган.

9-октябрь – Бүткүл дүйнөлүк почта күнү. Адамдар ортосундагы керектүү байланыш каражат күнүн белгилөө 1969-жылы Бүткүл дүйнөлүк почта биримдиги тарабынан киргизилген.

Корея өкүмдары Седжон 1446-жылдын 9-октябрында иероглиф жазуусун 28 тамгадан турган жаңы алфавит менен алмаштырган.

Кичүү жүз казактардын султаны Абулхаир 1731-жылдын 9-октябрында Орусия букаралыгына өткөн.

Орусия императрицасы Екатерина II 1773-жылдын 9-октябрында француз агартуучусу Дени Дидро жарым жылга конокко келген.

Аарон Монтгомери Уард 1872-жылдын 9-октябрында биринчи жолу почта кызматы аркылуу суроо катологун чыгарган.

Бүткүл дүйнөлүк почта биримдиги 1874-жылдын 9-октябрында уюшулган.

Фридрих Карл Гессенин 1918-жылдын 9-октябрында Финляндия королу атанган.

Француз окумуштуулары Фредерика Жолио менен Ирен Кюри 1926-жылдын 9-октябрында үйлөнүшкөн.

Югославия королу Александр I Карагеоргиевич менен француз тышкы иштер министри Луи Барту 1934-жылдын 9-октябрында Владо Черноземский тарабынан Марселде атылган.

Поляк акыны Чеслав Милош 1980-жылдын 9-октябрында Нобель сыйлыгына арзыган.

Лейпциг шаарында 1989-жылдын 9-октябрь күнү «Бейпил революция» өткөрүлүп, акыры анын жыйынтыгында Берлин дубалы кулатылган.

Советтер Союзунун Борбордук сыналгысы аркылуу 1989-жылдын 9-октябрында А. Кашпировскийдин биринчи сеансы өткөрүлгөн.

Белоруссиянын Элдик кыймылы 1992-жылдын 9-октябрында уюшулган.

Миллиардер Жон Клуж 2000-жылдын 9-октябрында Вашингтон Конгрессинин китепканасына 60 миллион доллар көлөмүндө жардам көрсөткөн.

Түндүк Корея 2006-жылдын 9-октябрында биринчи өзөктүк жардыруу жасаган.

АКШ президенти Барак Обама 2009-жылдын 9-октябрында Нобель сыйлыгына арзыган.
XS
SM
MD
LG