Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

11-октябрь: Тарых барактары


АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс 2005-жылдын 11-октябрында Кыргызстанга иш сапары менен келген.
АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс 2005-жылдын 11-октябрында Кыргызстанга иш сапары менен келген.

Орусия империясы XIX кылымдын башталышында түштүк-чыгыш багытында соода жолун өнүктүрүү үчүн арбын аракет көрө баштаган.

Грузин дворянини Рафаил Данибеков баштаган кербен 1815-жылдын 11-октябрында Семипалатинскиден чыгып, Кыргызстанга карай багыт алган. Кербен башчынын чөнтөк дептеринде кыргыздардын турмуш, тиричилиги туурасында даректүү маалымат жазылган.

Кыргыз мамлекеттик Эмгек Кызыл Туу ордендүү академиялык драма театры 1926-жылдын 11-октябрында ачылган. Театр Кыргыз обкомунун токтомуна ылайык, ишке киргизилип, анын алгачкы негиздөөчүсү жана чыгармачыл чыйыр салган адам катары студиянын ошол убактагы көркөм жетекчиси Н. Н. Еленин эсептелинет. Студияда А. Куттубаева, К. Айбашева, К. Эшимбеков, Ш. Түмөнбаев, К. Мадеминова, Г. Уразбаева, А. Малдыбаев, А. Куттубаев сыяктуу кыргыз маданиятына зор салым кошкон инсандар билим алып, чыгармачыл өнөрүн арттырышкан. Студия ачылгандан тарта чыгармачыл топ Н. Н. Елениндин жетекчилиги менен «Молдо Насирдин» спектаклын сахнага камдай баштаган.

Кыргыз эли жана чыгармачыл дүйнө 2005-жылдын 11-октябрында оор жоготууга учураган. Ак таңдай акын, кыргыз калкынын төкмө ырчылык өнөр маданиятынын мураскери Эстебес Турсуналиев 74 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Эстебес акын 1931-жылы Таластын Кара Арча кыштагында жарык дүйнөгө келип, кыргыздын залкар акындарынан таалим-тарбия алып, акындык өнөрүн таптаган. Ал чет өлкөлөргө сапар менен чыгып, кыргыздын төкмөчүлүк өнөрүн дүйнөнүн туш тарабына тааныткан.

АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс 2005-жылдын 11-октябрында Кыргызстанга иш сапары менен келген. Мамлекеттик катчы Кыргызстандагы демократиялык реформалардын өтөсүнө чыгышына Кошмо Штаттар ынана тургандыгын билдирип, Конституциялык кеңешмеден Баш мыйзамга өзгөртүү, толуктоолор иши 2005-жылдын аягына чейин чыгарылышын өтүнгөн.

Алепподогу 1138-жылдын 11-октябрь күнкү жер титирөөдөн 230 миң адам өлгөн.

Рим Папасы Лев X 1521-жылдын 11-октябрында Англия королу Генрих VIII «Ишеним коргоочусу» деген наам ыйгарган. Король Мартин Лютерге каршы памфлет жазып, ал ансыз да ересь каптаган Европадагы маанайдан кооптонгон Папанын көңүлүнө толгон экен.

Орусия академиясы 1783-жылдын 11-октябрында уюушулуп, анын президенти болуп Екатерина Романовна Дашкова дайындалган.

Америкадагы биринчи клиринг банкы 1853-жылдын 11-октябрында Нью-Йорк шаарында ачылган.

Исланддык биринчи көчкүндөр 1875-жылдын 11-октябрында Виннипегге келишкен.

Түндүк Дакота штатынын тургуну Дэвид Хьюстон 1881-жылдын 11-октябрында фотопленканы патенттеген.

Айтылуу америкалык ойлоп тапкыч Томас Эдисон 1887-жылдын 11-октябрында шайлоо добушун эсептей турган электр машинасына патент алган.

Стокгольм шаарында «Скансен» аттуу дүйнөдөгү биринчи ачык абадагы этнографиялык музей 1891-жылдын 11-октябрында ачылган.

Англис-бур согушу 1899-жылдын 11-октябрында башталган.

Ирландиянын Конституциясы 1922-жылдын 11-октябрында кабыл алынган.

Тува 1944-жылдын 11-октябрында Советтер Союзунун курамына кирген.

Экинчи Ватикан собору 1962-жылдын 11-октябрында ачылып, анда сыйынуу үчүн колдонулган латын тили алынып салынган.

Орусия улуттук валютасы үчүн «кара шейшемби» аталган рублдин долларга карата кунунун качышы 1994-жылдын 11-октябрында болгон.
XS
SM
MD
LG