Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:15

12-октябрь: Тарых барактары


Советтер Союзундагы коммунисттик партиянын лидери Н. С. Хрущёв.

Советтер Союзундагы коммунисттик партиянын лидери Н. С. Хрущёв.

Омск гарнизонунун дарыгери Ф. К. Зибберштейндин «Путевые замечания Омского гарнизонного лекаря Зибберштейна» аттуу чыгармасы 1825-жылдын 12-октябрында чыккан.

Чыгармада орус экспедициясынын Кыргызстанга жасаган сапары кабарланып, жолдо кездешкен географиялык аталыштар, жер өзгөчөлүгү катталат. Кыргыздардын жашоо турмушу жана маданий дөөлөттөрү, этнографиялык өрнөктөрү дарыгердин көз жаздымында калган эмес. Чыгармада кыргыздардын ич ара мамилеси, соода байланышы айрыкча дыкаттык менен кагаз бетине түшүрүлгөн.

Шабдан Баатырдын 1897-жылдын октябрь айындагы император Николай II жер бөлүп берүүсүн сураган өтүнүчү империянын түркүм бюрократиялык мекемелеринде каралып, ал канааттандырылбай турган абалга жеткен. Империялык Жер тейлөө жана аны иштетүү боюнча башкы башкармалыгы 1906-жылдын 12-октябрында “Шабдан Баатырга жер бөлүп берүү максатка ылайыксыз” деген бүтүм чыгарган. Мекеменин көз карашына ылайык, бул убакта Пишпек уездинде көчмөн калкка тиешелүү жер тилкелерин тактоо жана жер которгондор үчүн бөлүнчү жер аймактарын аныктоо иши башталган. Мындай шартта жеке өтүнүчтөрдү канааттандыруу башаламандыкка алып келери белгиленген.

Почта-телеграф конторасынын жетекчиси М. А. Чистяков 1912-жылдын 12-октябрында Хисамүмүн, Аман жана Кемел Шабдановдорго кат жолдогон. Почта жетекчиси аны Шабдан Баатырдын ашына чакыргандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирип, баатырдын балдарына чакырылган конокторго тете сый урмат каалаган.

Кыргызстандын 1990-жылдын 14-декабрындагы Конституцияга киргизилген өзгөрүүгө жараша Кыргыз ССРинин жогорку аткаруу бийлиги президенттин колуна өткөн. Буга чейин өлкө президенттигине шайлоо тартиби Жогорку Кеңеште чечилгендиктен жаңы шартка жараша мамлекет башчысын жалпы шайлоо аркылуу чечүү маселеси пайда болгон. Биринчи элдик шайлоо 1990-жылдын 12-октябрында өткөрүлүп, Аскар Акаев Кыргыз ССРинин биринчи президенттигине шайланган жана анын буга чейинки бийлик ыйгарым укугу мыйзамдаштырылган.

Афиналык оратор жана саясатчы Демосфен б.з.ч. 322-жылдын 12-октябрында касташкан душмандарынан качып, уу ичип өзүн-өзү өлтүргөн.

Парагвайдагы Жогорку хунта 1813-жылдын 12-октябрында жоюлуп, мамлекетти эки консул башкара баштаган. Хосе Гаспар Родригес де Франсия менен Фульхенсио Йегрос ар бири төрт айдан алмашып, консулдук милдетти аткарышкан.

Педру I 1822-жылдын 12-октябрында Бразилия Империясынын императору аталган.

АКШ президенти Улисс Грант 1871-жылдын 12-октябрында Ку-клукс-кландын ишкердигине тыюу салып, уюмдун лидерлерин камакка ала баштаган.

Түштүк Африкадагы Бур Республикасы 1899-жылдын 12-октябрында Англияга согуш ачкан.

Теодор Рузвельт 1901-жылдын 12-октябрында АКШ президенттеринин резиденциясына расмий түрдө Ак үй аталашын ыйгарган.

Аэронавтика боюнча эл аралык федерациянын биринчи конференциясы 1905-жылдын 12-октябрында Парижде ишин баштаган.

Украина курамындагы Молдова АССРи 1924-жылдын 12-октябрында уюшулган.

Москва шаарындагы П. И. Чайковский атындагы концерттик зал 1940-жылдын 12-октябрында ачылган.

Монкада аскер казармасын басып алууга жасаган аракети үчүн айыпталган Фидель Кастро 1953-жылдын 12-октябрь күнкү сот уктуруусундагы сөзүн “мени тарых актайт” деп жыйынтыктаган.

Бириккен Улуттар уюмунун 15-ассамблеясында сүйлөгөн Советтер Союзундагы коммунисттик партиянын лидери Н. С. Хрущёв 1960-жылдын 12-октябрында бут кийимин чечип трибунаны койгулап, “чирип бараткан Батышка” айбат жасаган.

Жер шаарынын 6-миллиард жашоочусу 1999-жылдын 12-октябрында Сараеводо жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG