Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

13-октябрь: Тарых барактары


Кытай лидери Мао Цзэдун
Кытай лидери Мао Цзэдун

Батыш Сибирь генерал-губернатору 1854-жылдын күзүндө кыргыз элчилигин Омск шаарына чакырган.

Генерал-губернатордуктун Тышкы иштер министрлигине жазган 13-октябрдагы кайрылуусунда, бугу уруусу империянын курамына алынышын тилеп, атайын элчилик камдагандыгы жана анын башына Кажыбек Шералинди дайындагандыгы кабарланат. Мындан тышкары бугу уруусу империяга болгон букаралыгын таанып, орус кербен жолун коргоп берүүгө даяр экендиги билдирилген. Бугу уруусу Кокон же Ташкент бийликтеринен эркин абалда калып, Орусиянын душманы алар үчүн да ошондой душман экендиги таанылган.

Чүй боорундагы кыргыздар 1862-жылы орус бийлигине ыктыярдуу карагандан кийин, 1863-жылы теңиртоолук кыргыздар да келечек өнүгүүсүн Орусияга түздөгөн. Чериктердин чоң манабы Турдумамбет Тоймаматов Ала-Тоо округунун башчысы Г. А. Колпаковскийден букаралык сурап кайрылган. Чериктер 1863-жылдын 13-октябрында орус бийлигине киргендигин күбөсүнө деп шерт кармап, ант беришкен. Алардын анты орус тилине которулуп, анда чериктердин бий, манаптары жана калган уруу башчылары императордун амирине көнүп, ага түбөлүк кызмат көрсөтөрү айтылган. Мындан тышкары алар уруксатсыз башка өлкөнүн кызматына кирбей тургандыгы белгиленген.

Аксай жана чатыркөлдүн кыргыздары 1863-жылдын 13-октябрында Орусия империясынын амирине киргендигин билдирип, орус бийлигине ант берген.

Түркстан райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы М. Н. Волков 1916-жылдын 13-октябрында Түркстан генерал-губернатору А. Н. Куропаткинге Жетисуу областында өткөн көтөрүлүш туурасында түшүндүрмө жөнөткөн. Район башчысы Чүй өрөөнүндө башталган көтөрүлүштүн хронологиясы, мүнөзү жана өнүгүшү туурасында маалымат берип, анын жетекчилери жөнүндө мүнөздөмө берген. Мындан тышкары көл кылаасында козголоң боюнча кабар жолдоп, андан жапа чеккендер менен шейит учкан адамдардын саны жана талоончулук туурасында маалымат жолдогон.

Президент Аскар Акаевдин 1999-жылдын 13-октябрь күнкү жардыгына ылайык, Баткен областы уюшулуп, жаңы администрациялык бирдикке Баткен, Кадамжай, Лейлек райондору кирген.

Петербург шаарында 1883-жылдын 13-октябрында Бүткүл орусиялык театралдык коом уюушулган.

Гринвич 1884-жылдын 13-октябрында нөлдүк меридиан өткөн орун катары белгиленген.

Зигмунд Фрейддин «Түш көрүүнү жооруу» аттуу чыгармасы 1900-жылдын 13-октябрында жарык көргөн.

РСФСРдин катышы менен Армян, Азербайжан Грузин Советтик Социалисттик Республикалары менен Түркия ортосундагы Карсск келишимине 1921-жылдын 13-октябрында кол коюлган.

Түркиянын борбору 1923-жылдын 13-октябрында Стамбулдан Анкарага көчкөн.

Ленинград инженерлер институту 1930-жылдын 13-октябрында уюшулуп, ал 1992-жылдан тарта Санкт-Петербург мамлекеттик телекоммуникация университети аталат.

Советтик аскерлер 1944-жылдын 13-октябрында Рига шаарын фашисттик баскынчылардан бошотушкан.

Кытай лидери Мао Цзэдун 1957-жылдын 13-октябрь күнү мамлекеттик жыйында «арбын китеп окуунун кажети жок» деп айткан.

Москва-Сортировочная станциясынын эмгек жамааты 1958-жылдын 13-октябрында коммунисттик эмгектин алдыңкысы аттуу ардактуу наам үчүн Бүткүл союздук мелдешке жол ачкан.

Канаданын премьер-министри Пьер Трюдо 1975-жылдын 13-октябрында өлкөдө үч жылдык антинфляциялык план киргизиле тургандыгын билдирген.

Исламчыл согушчандар 2005-жылдын 13-октябрында Кабардин-Балкар Республикасынын борбору Нальчикке кол салышкан.
XS
SM
MD
LG