Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

14-октябрь: Тарых барактары


Алан Милндин «Винни-Пух» чыгармасы 1926-жылдын 14-октябрында жарык көргөн.
Алан Милндин «Винни-Пух» чыгармасы 1926-жылдын 14-октябрында жарык көргөн.

Бүткүл Союздук Борбордук Аткаруу комитети 1924-жылдын 14-октябрында Кара-Кыргыз автономиялык областынын уюшулушу туурасында токтом кабыл чыгарган.

Автономиялык областтын РСФСР курамында чектелген административдик бийлик менен уюшулганына карабастан, кыргыз калкы биринчи жолу мамлекет түптөөгө жолдомо алган. Кыргыз автономиялык облусунун өзүнө таандык аймагы белгиленип, түпкүлүктүү калк жашаган аймакта саясий жана маданий өнүгүүгө шарт түзүлгөн.

Кыргыз калкы үчүн автономиялык биримдиктин уюшулушунун мааниси зор. Автономиялык облус алкагында кыргыз калкы укуктук жана саясий жактан өз алдынча мамлекет куруу мүмкүнчүлүгүнө жетишкен. Өз маалында Абдыкерим Сыдыков, Юсуп Абдрахманов сыяктуу саясатчылардын 1924-жылкы жасаган аракетинин акыбети 1991-жылы кайтып, кыргыз калкы өз алдынча эгемен Кыргыз Республикасын уюштурган.

Кыргыз калкынын сабатын ачууда 1926-жылы өткөн I Түркологиялык съезд маанилүү роль ойногон. Түркологдордун съезддинде “Жаңы Алиппе” комитетин уюштуруу чечими кабыл алынган. Касым Тыныстанов, Эшенаалы Арабаев сыяктуу кыргыз интеллигенттеринин аракети менен 1926-жылдын 14-октябрында “Кыргыз Алиппе” комитети уюшулган. “Кыргыз Алиппе” комитетинин башчылыгына Абдыкадыр Орозбеков дайындалып, жер-жерлерде райондук комитеттери курулуп, билим тармагын латын тамгасына өткөрүү үчүн камылга көрүлө баштаган. Ал үчүн башында «Эркин Тоо» гезитинин соңку барагына латын тамгасында чакан кабарлар басылган. “Алиппе комитети” борбордук бюджеттен каржыланып, анын натыйжалуу иштешине ар тараптуу жардам көрсөтүлгөн.

Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин катчысы Керимкул Орозалиевдин «көрсөтмө» мүнөздөгү макаласы 1947-жылдын 14-октябрында жарык көргөн. Партия катчысы тарых илими менен адабият таануунун кезектеги милдеттерине көңүл буруп, коммунисттик идеология жана марксисттик-лениндик методологияга коошпогон жат көрүнүштөргө каршы чечкиндүү чара көрүлөрүн белгилеген. Партия катчысынын макаласында кыргыз тарыхында орчундуу орун ээлеген Ормон хан, Байтик, Шабдан жана Курманжан датка сыяктуу тарыхый инсандарды даңазалаганы үчүн А. Н. Бернштам, С. М. Абрамзон жана Б. Ж. Жамгырчинов сынга алынган.

Виржиния менен Каролинадагы индеецтердин чероки уруусунун жерлери 1768-жылдын 14-октябрында Британия империясына өткөн.

Англиядагы “Рейтер” маалымат агенттиги 1851-жылдын 14-октябрында негизделген.

Петербургдагы Мариинский опера театры 1860-жылдын 14-октябрында ачылган.

Француз капиталисти Гужон 1883-жылдын 14-октябрында Москва шаарында темир зым жасай турган завод ачкан. Совет бийлигинин маалында 1918-жылы ал улутташтырылып «Серп и молот» деген аталышты алган.

Жорж Истман 1884-жылдын 14-октябрында фотоплёнканы патенттеген.

Эл аралык аэронавтика федерациясы 1905-жылдын 14-октябрында Парижде негизделген.

Урал аймагындагы биринчи жогорку окуу жайы 1916-жылдын 14-октябрында ачылып, ал Пермь мамлекеттик университети аталган.

Тажик АССРи 1924-жылдын 14-октябрында уюушулган.

Алан Милндин «Винни-Пух» чыгармасы 1926-жылдын 14-октябрында Лондон шаарында жарык көргөн.

Нацисттик Германия 1933-жылдын 14-октябрында Улуттар Лигасынан чыга тургандыгын билдирген.

Франциядагы вишисттик бийлик 1940-жылдын 14-октябрында аялдарга мамлекеттик мекемелерде иштөөгө тыюу салган.

«Красная Звезда» маалымдоо каражатынын 1941-жылдын 14-октябрь күнкү санында «Унутпайбыз! Кечирбейбиз!» деген чакырык жарыяланган.

Запорожье 1943-жылдын 14-октябрында немистик-фашисттик баскынчылардан бошотулган.

Лондондук окумуштуулардын бейформал компьютердик тобу 1957-жылдын 14-октябрында британдык компьютердик коом уюштурушкан. Коомдун биринчи президенттигине Морис Уилкс шайланган.

Волга ГЭСи 1957-жылдын 14-октябрында толук күчүнө киргизилген.

Америкалык чалгынчы учак 1962-жылдын 14-октябрында Кубага ташылып келген советтик ракеталарды таап, анын натыйжасында Кариб кризиси башталган.

Леонид Брежнев 1964-жылдын 14-октябрында КПСС БКнын башкы катчылыгына дайындалган.

Учактарды туткунга алууга каршы күрөшүү үчүн Гаагадагы эл аралык конвенция 1970-жылдын 14-октябрында кабыл алынган.

Грузияда 2002-жылдын 14-октябрь күнү православия мамлекеттик дин деп жарыяланган.

Бириккен Араб Эмираттары 2008-жылдын 14-октябрында Косовонун эгемендигин тааныган.
XS
SM
MD
LG