Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:30

16-октябрь: Тарых барактары


Орусияда калк каттоо 2002-жылдын 16-октябрында соңуна чыккан.
Орусияда калк каттоо 2002-жылдын 16-октябрында соңуна чыккан.

Айрым жазма булак маалыматтарына караганда, энесайлык кыргыздар 1703-жылдын октябрь айынын бул күндөрү жунгарлар тарабынан мекенинен күчтөп көчүрүлгөн.

Орус архивдик материалдарында кыргыздар жашаган аймакка 2500 чамалуу калмак келип, аларды күч менен адегенде Жунгарияга жер которткон. Алар мындай жол менен кыргыздардын аскердик күчүн өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, аларды көзөмөлдө кармоону көздөгөн. Кыргыздардын Энесайдан массалык жер которушу азыркы хакас калкынын фольклорунда сакталып калган. Алар кыргыздар кеткен капчыгайды бүгүнкү күнгө чейин «кыргыз кеткен чол» дешет.

Шабдан Баатырдын 1912-жылдын октябрь айында өткөн ашында кайрымдуулук максат үчүн акча каражат топтолгон. Ат чабыштан чогулган акчанын бир жарымы Токмок участкалык китепканасына бөлүнүп, ал 970 рубль деп аныкталган. Кайрымдуулук каражат Токмок участкалык приставынын штабс-капитаны Кутуковго тапшырылып, ал акчаны китепканага берүү милдетин алган. Штаб-капитан 1912-жылдын 16-октябрында кайрымдуулук каражаттын 500 рублин гана китепканага өткөргөн. Натыйжанда кызмат ордун кыянат пайдаланган чиновниктин иши жергиликтүү бийлик органдары тарабынан териштириле баштаган.

Түркстан аймагынын генерал-губернатору А. Н. Куропаткин 1916-жылдын 16-октябрында жыйын өткөрүп, анда кыргыздарды ээлеген жеринен көчүрүү маселеси талкууланган. Жыйындын күн тартибине Ысык-Көл районундагы жана Пржевальск уездинде, Кемин өрөөнүндө, Жаркен уездинде жашаган кыргыздарды Нарынга көчүрүп, ал жакка өзүнчө уезд уюштуруу маселеси коюлган. Генерал-губернатор кыргыздар тарабынан орустардын каны төгүлгөн жерлерди Түркстан крайынын картасына белгилеп, козголоңчулардын жерин алуу керектигин билдирген. Пишпек, Пржевальск жана Жаркен уездинен жалпы жонунан 37 330 кыргыздын 2 520 361 теше жери алынып, ал аймакка орус дыйкандарын жайгаштыруу жагдайы каралган.

Бириккен Улуттар уюмунун Тамак аш жана айыл чарбасы коомунун 1979-жылкы конференциясындагы чечимге ылайык ар жылдын 16-октябрында Бүткүл ааламдык тамак-аш күнү белгиленет.

Англис ханышасы Мария I Тюдордун 1555-жылдын 16-октябрь күнкү буйругу менен Лондон менен Вочестердин протестант епископтору ерестик көз карашы үчүн өртөлгөн.

Людовик XVI жубайы, Людовик XVII энеси, Франциянын ханышасы Мария-Антуанетта 1793-жылдын 16-октябрында жазага тартылган.

Франция, Рейн союзу, Польша, Австрия, Пруссия, Орусия жана Швеция катышкан согуш 1813-жылдын 16-октябрында башталып, ал Наполеон Бонапарттын жеңилиши менен аяктаган.

Жаңы Зеландия 1840-жылдын 16-октябрында британиялык колония деп жар салынган.

Советтер Союзу бара-бара 7 сааттык жумушчу күнгө өтө тургандыгын 1927-жылдын 16-октябрында билдирген.

И. Франко атындагы Львов университети 1944-жылдын 16-октябрында ишин баштаган.

Нюрнберг трибуналынын өкүмүнө жараша 1946-жылдын 16-октябрында нацисттик кылмышкерлер - Риббентроп, Кейтель, Кальтенбруннер, Розенберг, Франк, Фрик, Штрейхер, Заукель, Йодль жана Зейсс-Инкварт Нюрнберг түрмөсүндө жазага тартылышкан.

«Юность» үналгысы 1962-жылдын 16-октябрында биринчи жолу обого чыккан.

Советтер Союзу менен Чехословакия Советтик Социалисттик Республикалары ортосунда 1968-жылдын 16-октябрында советтик аскерлердин Чехословакияда убактылуу жайгашуусу туурасындагы келишимге кол коюшкан.

Иоанн Павел II 1978-жылдын 16-октябрында 264-Рим Папасы болуп шайланган.

Франция парламентинин коргоо комиссиясы 2000-жылдын 16-октябрында факс жана телефон байланыштарынан тарта коммуникация каражаттарынын бардыгы «Эшелон» аталаган АКШ чалгын кызматынын көзөмөлүндө тургандыгын далилдеген 80 барактык териштирүүнү бүткөн.

Орусияда калк каттоо 2002-жылдын 16-октябрында соңуна чыккан.
XS
SM
MD
LG