Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:01

21-октябрь: Тарых барактары


Александр Солженицын атындагы адабий сыйлык 1997-жылдын 21-октябрында бекитилген.

Александр Солженицын атындагы адабий сыйлык 1997-жылдын 21-октябрында бекитилген.

Бүткүл орусиялык Борбордук Аткаруу комитети 1924-жылдын 21-октябрда Кара Кыргыз Автономиялык областтык революциялык комитетинин курамын бекиткен.

Кара Кыргыз Автономиялык ревкомунун жетекчилигине Иманаалы Айдарбеков дайындалып, жаңы областын борбору катары Жалал-Абад белгиленген. Бирок ал жерде областтык администрациянын иши үчүн имараттын жоктугунан, жетекчилик ошол убакта ТурЦИКтин экинчи Кеңеш Үйү аталган ташкенттик мейманканага жайгаштырылган. Кыргыз Автономиясынын ревком жетекчилиги областтык борбордун декабрь айында Пишпек шаарына жайгаштырылышына чейин Ташкент шаарында жашап турган.

Фрунзелик маалымдоо каражаттары 1944-жылдын 21-октябрында Ош областынын Төө моюн жергесинде радий кенинин чыгышы туурасында жазып чыгышкан. Ошол кездеги маалымат деңгээлинин тартыштыгына байланыштуу кабарчылар радийден атом бомбасы жасала тургандыгын жана ал мамлекеттик сыр категориясына киргендигин ажырата алышкан эмес. Маалымат кызматчылары геологдор жасаган ачылышты кезектеги эмгек жетишкендиги катары баалашып, алардын эмгегин фашисттик Германияга каршы урулган согуштагы сокку катары баалоо максатында мамлекеттик сырдын көшөгөсүн ачышкан.

Кыргыз Республикасынын өмөтүнүн 1998-жылдын 21-октябрь күнкү жардыгына ылайык, Кыргызстандын дипломатиялык кызматынын күнү 24-октябрда белгиленери аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы 1993-жылы кабыл алынып, андан кийин Негизги мыйзамга бир канча ирет түзөтүү жана толуктоолор киргизилген. Негизги мыйзамдын айрым беренелери боюнча биринчи референдум 1996-жылдын февраль айында өткөн. Конституцияга киргизилген кезектеги түзөтүү жана толуктоолор 1998-жылдын 21-октябрында жасалган. Жаңы кабыл алынган түзөтүүгө ылайык, жер мамлекеттик, коммуналдык жана жеке менчик карамагында боло тургандыгы аныкталган.

Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган 2003-жылдын 21-октябрында Кыргызстанга иш сапары менен келген. Ушул эле күнү ал Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү тууралуу макулдашкан.

Григорий VIII 1187-жылдын 21-октябрында Ватиканда Рим папасы болуп шайланган.

Фернан Магеллан 1520-жылдын 21-октябрында Алантика менен Тынч океандарынын ортосундагы кысыкты ачкан.

Англис парламенти 1555-жылдын 21-октябрында Филипптин Испания королдугуна болгон талапкердигин таануудан баш тарткан.

Орусия менен Кытай ортосундагы Кяхта келишимине 1727-жылдын 21-октябрында кол коюлган.

Жозеф Аспдин 1824-жылдын 21-октябрында портленд цементине патент алган.

Владивостоктогу Чыгыш институту 1899-жылдын 21-октябрында ачылып, ал азыр Мамлекеттик Ыраакы Чыгыш университети (ДВГУ) катары белгилүү.

Испаниядагы либералдык өкмөт 1909-жылдын 21-октябрында бийликке келген.

Австриянын согушка катышуусуна нааразы болгон социал-демократтардын лидери Адлер 1916-жылдын 21-октябрында австриялык премьер-министр Карл Штюркту өлтүргөн.

Улутчул Вафд партиясы 1929-жылдын 21-октябрь күнкү парламенттик шайлоонун натыйжасында Египеттеги жогорку бийликке келген.

Тибет армиясынын жеңилишине байланыштуу 1950-жылдын 21-октябрында кытайлык аскерлер Тибетти басып алышкан.

Советтер Союзу 1950-жылдын 21-октябрында союздаштары менен Прага шаарында Германиянын келечек өнүгүүсүн талкуулаган.

Азия, Африка жана Латын Американын I эл аралык кинофестивалы 1968-жылдын 21-октябрында Ташкент шаарында ишин баштаган.

Социал-демократтардын лидери Вилли Брандт 1969-жылдын 21-октябрында Батыш Германиянын канцлери болуп шайланган.

Пабло Неруда 1971-жылдын 21-октябрында адабият тармагы боюнча Нобель сыйлыгына арзыган.

КПСС БКнын 1980-жылдын 21-октябрь күнкү Пленумунда М. С. Горбачёв Саясий бюро мүчөлүгүнө шайланган.

Андреас Папандреу 1980-жылдын 21-октябрында Грециянын тарыхындагы биринчи социалисттик өкмөттү курган.

КПСС БКнын 1987-жылдын 21-октябрь күнкү пленумунда Б. Н. Ельцин партия жетекчилигин, Е. К. Лигачёвду катуу сынга алган.

Шайлоо алдындагы «Демократиялык Россия» коалициясы 1990-жылдын 21-октябрында уюшулган.

Александр Солженицын атындагы адабий сыйлык 1997-жылдын 21-октябрында бекитилген.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев өлкө борбору Акмоло шаарына которулуп, ал Астана аталышын ала тургандыгы жөнүндөгү жардыкка 1997-жылдын 21-октябрында кол койгон.

Польшадагы парламенттик шайлоо 2007-жылдын 21-октябрында өткөн.
XS
SM
MD
LG