Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:13

25-октябрь: Тарых барактары


Влад Листьевдин «Поле чудес» аттуу шоусу биринчи жолу 1990-жылдын 25-октябрында обого чыккан.
Влад Листьевдин «Поле чудес» аттуу шоусу биринчи жолу 1990-жылдын 25-октябрында обого чыккан.

Кыргыз урууларынын Орусияга карата мамилеси XIX кылымдын экинчи жарымында өзгөргөн.

Саяк уруусунун манабы Рыскулбек 1864-жылдын 25-октябрында орус бийлигинен букаралык сурап, Чүйгө чейинки отряд башчысы, полковник М. И. Черняевге кат жолдогон. Рыскулбек манаптын катында Анжыяндан Кетмен Төбөгө чейинки жерди мекендеген он миң түтүн саяк уруусунун башчысы катары ал ак падышага чын ыкластан моюн сунганы билдирилет.

Мындан тышкары Кетмен Төбө илгертеден саяктар жердеген аймак экендиги, эки жылдан бери саяктарга сарыбагыш менен солтолор кысым көрсөтө баштагандыгы айтылып, “эгер ак падыша амирине кирсек, анда алардын кодулоосу токтойт эле”,-деп айтылат Рыскулбектин катында.

Ак таңдай акын, төкмө ырчылык өнөрдүн устаты Токтогул Сатылганов 1864-жылдын 25-октябрында жарык дүйнөгө келген. Токтогул ырчынын киндик каны Кетмен Төбөнүн Кыла жергесине тамып, ал бала чагынан ыр жандуу чөйрөдө таалим-тарбия алып, баралына келгенде акындык чеберчиликти туу чокусуна жеткирген талант эгесине айланган.

Белгилүү коомдук жана саясий ишмер Исхак Раззаков 1910-жылдын 25-октябрында жарык дүйнөгө келген.

Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын акыркы, 21-сессиясы 2004-жылдын 25-октябрында ишин баштаган. Сессия эки этап менен өтүп, анын биринчи этабында 37 маселе, мындан тышкары Орусия аймагындагы кыргызстандык ишкерлердин абалы сыяктуу олуттуу маселелер күн тартибине киргизилген.

Орусиянын аймагындагы бирдей рублдик төлөмдү орноткон Бажы уставы 1653-жылдын 25-октябрь күнү кабыл алынган.

Исаак Ньютон 1714-жылдын 25-октябрында фельдмаршал Александр Данилович Меньшиковду анын Англиянын Королдук коомуна мүчө болуп кабыл алынгандыгын кабарлаган.

Париж шаарындагы Эйфель мунарасынын курулушу 1889-жылдын 25-октябрында соңуна чыккан.

Дүйнөлүк экономикалык кризиске жол ачкан «Кара жума» 1929-жылдын 25-октябрында башталган. АКШ өнөр жайынын акциялары 90 % төмөндөп, майда ишкерлер жакырланып, дүйнөлүк экономикага терс таасирин тийгизген.

Советтик Кызыл Армия 1943-жылдын 25-октябрында Днепропетровск шаарын бошоткон.

Чан Кайши жетектеген кытайлык гоминьдан өкмөтү 1945-жылдын 25-октябрында буга чейин Жапониянын ээлигине кирип келген Тайвань аралын Кытайга кошкон.

Америкалык «Tappan Company» компаниясы 1955-жылдын 25-октябрында биринчи жолу микротолкундук мешти көрсөткөн.

Кариб кризисинин күч алышына 1962-жылдын 25-октябрь күнү АКШнын Бириккен Улуттар уюмундагы элчиси Адлай Стивенсондун советтик ракеталардын Кубада орун алган фактысын көрсөтүшү себеп болгон.

Тайвань 1971-жылдын 25-октябрында Бириккен Улуттар уюмунан чыгарылган.

«СССРдин Элдик дарыгери» аттуу ардактуу наам 1977-жылдын 25-октябрында кабыл алынган.

Влад Листьевдин «Поле чудес» аттуу шоусу биринчи жолу 1990-жылдын 25-октябрында обого чыккан.

Тоолуу-Алтай автономиялык областы 1990-жылдын 25-октябрында өзүн республика деп жар салган.

Казакстандын мамлекеттик эгемендиги туурасындагы декларация 1990-жылдын 25-октябрында кабыл алынган.

Багдад шаарында 2009-жылдын 25-октябрында ири террордук чабуул жасалып, 160 киши мерт кеткен.
XS
SM
MD
LG