Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:44

26-октябрь: Тарых барактары


Дубровкадагы театр борборунда туткунга алынган 130 адамды бошотуу аракети 2002-жылдын 26-октябрында жасалган.

Дубровкадагы театр борборунда туткунга алынган 130 адамды бошотуу аракети 2002-жылдын 26-октябрында жасалган.

Сары Манжы баштаган жунгарлардын 12 миң чамалуу аскери 1742-1744-жылдар арасында Самаркандга карай жортуулга чыккан.

Орус архивдик материалдарында жунгурлардын чапкыны ийгиликсиз аяктагандыгы кабарланат. Жергиликтүү калк 1744-жылдын 26-октябрында алардын жарымын өлтүрүп, калган калмактар ичээрге суусу жок артка чегинген.

Калмактардын бир жарымы Батышка ооп, орус талаасынан баш пааналаган. Дагы башка бир тобу азыркы Кыргызстан аймагынан орун алып, кийин алар жергиликтүү калк менен аралашып кеткен.

Президент Аскар Акаев 2004-жылдын бул күнү “Кыргызстандын Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койгон. Мыйзамда добуш бере турган адамдын бармагына белги коюу шарты каралган. Шайлоочулардын колуна белги коюу шарты коомчулукта карама-каршы пикирлерди жараткандыктан “Демократия жана атуулдук коом үчүн” бейөкмөт уюму калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзө тургандыгын жарыялаган.

Президент К. Бакиевдин маркум депутат Т. Акматбаевдин туугандарын 2005-жылдын 27-октябрында кабыл алары тууралуу билдирүүсү бир катар бейөкмөт уюмдардын нааразычылыгын жараткан. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы баштаган бир канча бейөкмөт уюмдардын президентке жолдогон кайрылуусунда оор кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталган кылмыштуу топтун лидери Рысбек Акматбаевдин соту 28-октябрда өтө тургандыктан мындай мамиле мамлекет башчысы үчүн жаңылыш кадам экендиги белгиленет.

“Ар-намыс” партиясынын демилгеси менен премьер-министр Феликс Куловду колдогон митинг 2005-жылдын 26-октябрында Бишкектин Ала-Тоо аянтында өткөн. “Биз коркпойбуз” деген жазуу бар төш белги тагынган митингчилер “Куловдун отставкасы - демократиянын өлүмү”, “Текебаев, Эшимканов – элдик депутаттар”, “Жарандык согушка жол бербейбиз” деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыгып, бийликтен кылмыштуулукка каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүүнү талап кылышкан.

АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Дональд Лу президент К. Бакиев менен 2005-жылдын 26-октябрындагы жолугушуу маалында өлкөдөгү кырдаалга баа берген. Америкалык дипломат уюшкан кылмыштуу топтун «ишмердигине» бийликтин көз жумду мамилеси чет элдик инвесторлор жана донорлордун ишенимине балта чаап жаткандыгын белгилеген. Дипломат кыргыз бийлигин кылмыштуу топтордун ишин ачык-айкын тергеп, аларды соңуна чыгарууга чакырган.

Америкалык Конгресс 1774-жылдын 26-октябрында Канада менне Жаңы Скотияны Кошмо Штаттардын курамына кирүүгө чакырган.

Француз драматургу П. Бомарше 1777-жылдын 26-октябрында Франция өкмөтүнө АКШнын эгемендигин таануу туурасындагы декларация долбоорун сунуш кылган.

Польша 1795-жылдын 26-октябрында үчүнчү жана акыркы жолу бөлүнгөн.

Билимин өркүндөтүүнү көздөгөн 17 жаштагы Ханс Кристиан Андерсен 1822-жылдын 26-октябрында мектепке жазылган.

Москвадагы Кичи театр 1824-жылдын 26-октябрында расмий түрдө ачылган.

Женевадагы эл аралык Кызыл чырым уюму 1863-жылдын 26-октябрында негизделген.

Англис футбол ассоциациясы 1863-жылдын 26-октябрь күнү Лондондо уюшулган.

Италия менен Эфиопия ортосундагы Аддис-Абеба тынчтык келишимине 1896-жылдын 26-октябрында кол коюлган.

Нью-Йорк метрополитенинин биринчи багыты 1900-жылдын 26-октябрында ачылган.

Стачка комитет делегаттары 1905-жылдын 26-октябрында Санкт-Петербург шаарында биринчи Советтерди кура башташкан.

Иосиф Сталин 1932-жылдын 26-октябрында жазуучуларды “адам рухунун инженерлери” деп атаган.

«Дюпон» фирмасы 1938-жылдын 26-октябрында нейлон аталган жаңы синтетикалык материал чыгарган.

Франция менен Батыш Германия 1954-жылдын 26-октябрында экономикалык жана маданий кызматташуу келишимине кол коюшкан.

Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) 1956-жылдын 26-октябрында уюшулган.

Советтик компартия жетекчиси Н. Хрущёв менен АКШ президенти Ж. Кеннеди 1962-жылдын 26-октябрында Кубага ракета ташыган советтик кемелерди кайтаруу туурасында макулдашкан.

Г. Т. Береговой башкарган «Союз-3» космос кемеси 1968-жылдын 26-октябрында ийгиликтү учурулган.

Түштүк Корея президенти Пак Чон Хи 1979-жылдын 26-октябрында жашыруун тыңчылар тарабынан өлтүрүлгөн.

СССР президенти М. С. Горбачёвдун 1990-жылдын 26-октябрь күнкү жардыгы менен чет элдик валюталарга карата рулдин коммерциялык курсу киргизилген.

Орусиянын президенти Б. Ельцин 1995-жылдын 26-октябрында ооруканага жаткырылган.

Москва шаарынын Дубровкадагы театр борборунда туткунга алынган 130 адамды бошотуу аракети 2002-жылдын 26-октябрында жасалган.
XS
SM
MD
LG