Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

29-октябрь: Тарых барактары


2000-жылдын 29-октябрында А. Акаев 75 пайыз менен дагы бир мөөнөткө президент болуп шайланган.
2000-жылдын 29-октябрында А. Акаев 75 пайыз менен дагы бир мөөнөткө президент болуп шайланган.

Айтылуу саякатчы Н. М. Пржевальскийдин Кытайдан кайткан жолу Кыргызстан аркылуу өтүп, 1885-жылдын 29-октябрында анын экспедициясы Кытайдын Аксуу шаарынан чыгып, Бедел ашуусу аркылуу Какшаал тоосунун кыркасын ашкан.

Андан ары экспедициянын багыты Акбел, Жуукучак ашууларынан ѳтүп, Ысык-Көл ойдуңуна түшкѳн.

Кыргызстандагы 2000-жылдын 29-октябрь күнү өткөн президенттик шайлоо өлкө кадырына доо кетирген чыр менен жыйынтыкталган. Борбордук шайлоо комиссиясы Конституциянын 61-беренесиндеги “президенттик кызматка талапкер мамлекеттик тилди билиш керек” деген көрсөтмөгө таянып Тил комиссиясын түзгөн курган. Комиссияга талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин сыноо милдети жүктөлгөн. Эл аралык уюмдар, айрыкча Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму тил сынагы эл аралык талаптарга жооп бербестигин алдын ала белгилеген.

Шайлоодогу негизги талапкелердин бири, “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов сынакка кирүүдөн баш тарткан. 19 талапкерден иргелип отуруп А. Акаев, Т. Акунов, А. Атамбаев, Т. Бакир уулу, Ө. Текебаев, М. Эшимканов президенттик кызмат үчүн ат салышкан. Шайлоо жыйынтыгына ылайык, А. Акаев 75 пайыз менен дагы бир мөөнөткө президент болуп шайланган.

Айтылуу тарыхчы, археограф, академик Герард Фридрих Миллер 1705-жылдын 29-октябрында жарык дүйнөгө келген. Болочок тарыхчы Вестфалия шаарында төрөлүп, убагында Лейпциг университетин бүтүргөн. Г. Ф. Миллер 1725-жылы Орусияга келип, адегенде Санкт-Петербург шаарындагы академиялык гимназияда латын, тарых, географияны окута баштаган. Академик Миллер Экинчи Камчатка экспедициясына (1733-1743) катышуу маалында Сибирь калктары, анын ичинде энесайлык кыргыздар туурасында баалуу маалымат топтогон. Кийин ал материалдар 1750-жылы жарык көргөн «Сибирь тарыхы» китебинин негизин түзгөн.

Арман Жан дю Плесси де Ришелье 1607-жылдын 29-октябрында кудай таануу багыты боюнча Сорбоннада доктордук диссертацияны жактаган.

Орус империясындагы темир жол кырсыгы 1888-жылдын 29-октябрында болуп, анда императордук поезди талкаланган.

Орусиянын коммунисттик жаштар союзу (РКСМ кийин ВЛКСМ) 1918-жылдын 29-октябрында уюшулган.

«Новороссийск» линкору 1955-жылдын 29-октябрында Севастополь бухтасына чөгүп, кырсык 604 адамдын өмүрүн алган.

Израиль 1956-жылдын 29-октябрында Египетке кол салган.

Эстония Элдик кошууну 1994-жылдын 29-октябрында курулган.

Пакистандагы катуу зилзала 2008-жылдын 29-октябрында болгон.
XS
SM
MD
LG