Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Атамбаев Кыргызстандагы жемкорлукка байланыштуу кайрылуу жасады


Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан жемкорлукка каршы күрөшүүдө туура жолдо баратканын билдирди. Бүгүн Эл аралык коррупцияга каршы күрөш күнүнө карата кайрылуу жасаган мамлекет башчы өлкөдө бул жаатта олуттуу өзгөрүүлөр ишке ашканын белгиледи.

Кайрылууда 2012-2013-жылдары жемкорлукка баткан кишилердин кылмышынын бетин ачууда чоң кадамдар жасалганы жана бул күрөш уланып жатканы айтылат.

Атамбаев Баш мыйзамды өзгөртүү менен Кыргызстанда саясий коррупция жоюларын баса белгилеп, бул жаатта өлкө туура багытта баратканын билдирди.

Өлкө жетекчиси жемкорлуктун бетин ачууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын да ролу чоң экенин белгилеп, "жемкорлор тууралуу ачык жарыялап туруу менен бул илдеттен арылуу мүмкүн",- деди.

Ошондой эле азыркы технология замананында мамлекеттик органдардан тактама же башка документ алуу үчүн автоматташтырылган системага өтүү зарылдыгын кошумчалады.

Жемкорлукту талдаган Transparency International эл аралык уюму 2015-жылы жарыялаган рейтингде Кыргызстан коррупция боюнча 166 өлкө ичинен 123-орунду ээлеген. (SE)

XS
SM
MD
LG