Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Москвада кармалган кыргыз мигранттар бошотулду


Кремль
Кремль

Москвада органдардын ыксыз текшерүүлөрүнө нааразы болуп бүгүн кыргыз элчилигине келген мигранттардын ичинен төрт кишини полиция кармап кеткен. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев алар менен сүйлөшкөндөн кийин бошотулган.

Орусия баш калаасындагы “Мекенчил” бирикмесинин маалыматына ылайык, мигранттарды полиция участкасында документтерин текшерип, анан коё беришкен.

Кыргызстандык мигранттарга каршы мамиле катаалдашканын айткан жыйырмадай киши бүгүн элчиликке келген. Алар органдар тарабынан текшерүү күчөп, депортацияга кабылгандардын саны өсүп жатканын айтышкан. Ошондой эле кайтыш болгон мигранттардын сөөгүн мекенге жөнөтүүдө да кыйынчылыктар бар экенин, көптөн бери айрымдар айлык албай жүргөнүн белгилешкен. Алар менен консул Анвар Тохтахожаев чыгып сүйлөшүп, маселени чечүү боюнча аракеттер көрүлөрүн билдирген.

Мигранттар чогулган кезде элчиликтин жанына күч органдарынын унаалары да келген.

Буга чейин Москва мэри Сергей Собянин шаар жыйынында Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн мигранттарында көйгөй бар экенин, анын ичинде кыргызстандыктар эмгек келишими жок, салыктан качып иштеп жатканын айткан. Андан соң кыргызстандыктарды текшерүү күчөгөнү кабарланган. (SE\LzT)

XS
SM
MD
LG