Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:09

“Аппаратчы” Аалы Карашев


Алмазбек Атамбаев менен Аалы Карашев
Алмазбек Атамбаев менен Аалы Карашев

Кыргызстанда референдумду уюштуруп-өткөрүүнү президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Аалы Карашев баштан-аяк көзөмөлдөдү.

Ал Жогорку Кеңештеги соңку коалициялык көпчүлүктү түзүүгө дагы түздөн-түз аралашканы белгилүү болду. Карашевди жакшы билгендер Аскар Акаевдин тушунан бери президенттик жана өкмөттүк аппараттарда иштеп келатканын ишбилги сапаты, саясий “оюндарды” өтө чеберчилик менен уюштура алганы деп чечмелешет.

Аалы Карашевдин эмгек жолу тууралуу маалыматта “аппарат” деген сөз көп учурайт. Ал 1991-жылы Константин Скрябин атындагы кыргыз айыл чарба институтунун зооинженер адистигин аяктагандан кийин беш жыл илим чөйрөсүндө жүргөн. Айыл чарба илимдери боюнча кандидаттыгын жактаган.

1996-1998-жылдары Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бирикмесинде башкы адис болуп иштеген.

Президенттик аппаратка 1998-жылы келген жана мурдагы президент Аскар Акаев, Курманбек Бакиевдин аппаратында жергиликтүү бийликти көзөмөлдөгөн бөлүмдөрдө жооптуу кызматты аркалаган, бөлүм башчы болгон.

“Аппаратчы” Аалы Карашев
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:41 0:00
Түз линк

"Баекованын жардамы тийген эмес"

2007-жылы Бакиев Ош облусунун ошол кездеги губернатору Жантөрө Сатыбалдиевди ишинде кемчилик кетирди деген жүйө менен кызматтан алып, анын ордуна Карашевди дайындаган. Карашев губернатор болуп эки жыл иштеген жана кайра эле өкмөттүн аппаратына келген, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка чейин жеткен.

Ыраматылык Медет Садыркулов менен биринчи жолу 1996-жылы өкмөт үйүнө келгенде тааныштык эле. Кадр болуп жаралышыма ошол кишинин салымы чоң. Тарбия, акыл-насаат берген негизги устаттарымдын бири деп айта алам.
Аалы Карашев

2010-жылы бийлик күч менен алмашып Бакиевдин кадрлары деген кодулоо башталганда Карашев кандайдыр бир себептер менен ордунда калган жана ошондон бери кызматтык тепкичтен жогорулап келет.

Апрель окуяларынан бери үч ирет вице-премьер-министр болду, Мамлекеттик кадр кызматын жетектеди. Быйыл март айынан бери президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп жатат.

Журналисттер Аалы Карашевди түнт аткаминерлердин катарына кошуп жүрөт. Ал дээрлик интервью бербейт. Биринчи вице-премьер-министр болуп турганда “Супер инфо” гезитине курган маегинде аны Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова көтөрмөлөп, жөлөп-таяган деген сөздөрдү жокко чыгарган:

- Чолпон Баекова менин кайненемдин эжелери болуп кетет. Тууганчылыгы бар. Бирок мен кызматтык тепкичтерден көтөрүлүп, 1996-жылы кой чарбасы боюнча кандидаттык диссертациямды жактагам. Ошондо мени өкмөт үйүнө чакырышып, жергиликтүү башкаруу органдары менен иштеп калдым. Ошол күндөн ушул күнгө чейин жумушумдун ар бир тепкичине Чолпон Баекованын бир дагы тиешеси жок. Ал киши бир дагы жерде бирөөлөргө айтып, көтөрмөлөп көмөк көрсөткөн жок. Эми саясатта ар кандай сөздөрдү чыгарышат да.

"Садыркулов устатым болчу"

Аалы Карашев өзүнүн устаты деп Курманбек Бакиевдин аппаратынын жетекчиси, киши колдуу болуп өлгөн Медет Садыркуловду атаган:

Буйрутма киши өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды

Буйрутма киши өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды

Буйрутма өлтүрүүлөр өскөн маал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин мезгилине туура келет. Ал өлкөнү башкарган беш жыл ичинде чоң кызматтарда отурган таасирдүү адамдарды, саясатчыларды, депутаттарды, журналисттерди өлтүрүп же аеосуз сабап кеткен учурлар көп болгон.

- Ыраматылык Медет Садыркулов менен биринчи жолу 1996-жылы өкмөт үйүнө келгенде тааныштык эле. Ал киши андан кийин Бишкектин Биринчи май районуна аким болуп кетти. Ошондон баштап ал киши менен чогуу иштешип калдык. 1999-жылы президенттик администрациясынын жетекчиси болуп келген. Ошондон баштап өтө тыгыз иштештик. Кадр болуп жаралышыма ошол кишинин салымы чоң. Тарбия, акыл-насаат берген негизги устаттарымдын бири деп айта алам.

Анткен менен Карашев Садыркуловдун өлүмүнө Бакиевдин режими күнөөлүү экени айтылып жатканда үн каткан эмес.

Аалы Карашев Аскар Акаевдин тушунда аппаратта иштегени менен дээрлик көмүскөдө жүргөн, анын эң жакын кеңешчиси деп айтылган.

Үч президенттин тилин тапкан

Президент Курманбек Бакиевдин маалында Ош облусунун губернатору болуп турганда “Ак жол” партиясынын курултайында сүйлөгөн сөзүн коомчулук унута элек. Ал ошондо айрым “акжолчуларды” жеке кызыкчылыгын ойлогон мансапкор деп айыптаган жана аларды партиянын катарынан тазалоого чакырган.

Айрым гезиттер 2009-жылы Бакиевдин туулган күнүндө ошол кездеги губернатор, мэрлерден акча топтоп, Сулайман Тоонун элеси түшүрүлгөн өңдүү бир килограмм алтын куюлма белек кылганын да жазып чыгышкан. Карашев бул тууралуу ак да, көк да деген эмес.

Кандай болсо да Аалы Карашевдин үч президенттин тең тилин таап, ийиндешип иштеп келгени таң калууну да, таң берүүнү да жаратат.

Коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев Аалы Карашев чогуу иштешип калган. Анын пикиринде, ал президенттерге ишбилги сапаты менен жагат:

- Президенттер деле ишти билген, алдыга тарта турган, кесипкөй кадрларды тандайт. Ошондуктан Аалы Азимовичтин үч президент менен тең иштеп жатканынын сыры ушунда окшойт. Мисалы, Аскар Акаевдин тушунда бир топ деңгээлге чейин өстү. Бакиевдин тушунда аппаратта эле иштебей, губернатор да болду. Мына Алмазбек Атамбаевдин кезинде аппарат жетекчиси болду, Кадр кызматын башкарды. Үч президент тең эле анын кесипкөйлүк деңгээлин, адамдык касиеттерин баалап, тандап жатышса керек. Кичи пейил, ишти билген, тажрыйбалуу кадрлардын бири.

Алмазбек Атамбаев жана Аалы Карашевдин атасы Азим Карашев.
Алмазбек Атамбаев жана Аалы Карашевдин атасы Азим Карашев.

Оштогу талдоочу Төлөгөн Келдибаев Карашевдин коомду иренжиткен деле сапаттары жоктугун айтты:

- Элге начар мүнөзүн көрсөткөн жок. Кээ бир саясатчылардын Акаевдин, Бакиевдин убагында калкты иренжиткен, жек көрсөттүргөн адаттары, кемчиликтери белгилүү болгон да. Ал кишиде андай адат жок. Түз жүрүп, түз сүйлөп, бир калыпта жүрөт. Сүйлөгөнү орундуу, шашпай, таразалап сүйлөйт. Ийгилигинин сыры ушунда деп ойлойм. Кайсы бийлик болсо деле, кандай команда келсе деле алардын ишенимине кире алгандыгы, артынан жаман сөздөрдү илештирбегени да себеп болсо керек деп ойлойм. Мындай сапаттары менен кийинки келген бийлик менен да иштешип калышы мүмкүн.

Анткен менен Аалы Карашевдин бардык бийлик менен коюн-колтук алышып иштеп жүргөнүн сындагандар да арбын. “Ата Журт” партиясынын өкүлү Нурлан Шакиев муну принциптин жоктугу деп эсептейт:

- Үч бийликтин тушунда тең чоң-чоң кызматтарда иштеп жүрүшү анын амалкөй, адамдар менен тил табыша билгендиги болсо керек. Бирок адамда принцип деген болот. Кандай бийлик келсе да ошонун баары менен иштей бериштин өзү жеке анын принцибинин жоктугунан кабар берет. Принцип деген баалуу нерсе. Бирок ошол эле учурда мен Карашевди мамлекетчил адам деп билем. Ал мамлекеттик кызматты жакшы өздөштүргөн, кайсы бир маселелерди өзү чече албаса да чечүүнүн ыкмаларын, жолдорун, интриганы, дагы башка нерселерди билген жетекчилердин бири. Эми муну бир канча жылдан бери мамлекеттик кызматта жүргөн адам үйрөнөт. Аны акыл-эси аз адам деле үйрөнөт.

Аалы Карашев 1968-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. Аны тектүү жердин баласы деп айтууга болот. Атасы Азим Карашев Советтер союзунун тушунда бир топ райондорду башкарган, партиялык жооптуу кызматтарда иштеген. Мамлекеттик кызматтын элге көп билинбеген, чоңдорго жагуу, көңүлүн алуунун көмүскө сырларын атасынан үйрөнгөн деп кеп кылышат.

"Мырзакматов менен тирешкен"

Ак үйдөгү ишенимдүү булактардан алган маалымат боюнча Мелис Мырзакматовду кетирүү операциясынын башында Аалы Карашев турат жана Алмазбек Атамбаев дагы анын ушул “эмгегин” өзгөчө баалайт.

Бийликтеги тамырлашкан тууганчылык

Бийликтеги тамырлашкан тууганчылык

Кыргыз коомчулугунда бийликтеги, жогорку мамлекеттик кызматтагы үй-бүлөлүк, туугандык байланыш тууралуу талкуу жанданды.

Ош шаардык кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов убагында Карашев менен Мырзакматовдун тирешип жүргөнүн айтып берди:

- Чындыкты, ким эл үчүн иштегенин тарых таразалайт. Карашевдин тагдырында бардык бийликтин тушунда иштөө бактысы бар экен, иштеп жатат. Мүмкүн бул анын билими, кесипкөйлүгү. Мырзакматов менен Карашев иштеп жүргөндө бири-бирине каршы мамиледе болгон. Бул эми саясат экен да. Мен ал учурда шаардык кеңештин депутаты элем. Сенден мен жакшы иштейм дегендей бири-бирине атаандашуу бар болчу. Бирок адамгерчилик жактан жакшы эле мамиледе болгон.

Аалы Карашев былтыр парламенттик шайлоодо Социал-демократтар партиясынын тизмесинде 47-орунда болгон жана бул партиянын түштүктөгү штабын жетектеп, үч облусту көзөмөлдөгөн. Анын кезеги деле жакындап калды эгер эки депутат мандатын кандайдыр бир себептер менен мөөнөтүнөн эрте тапшырса, парламентке келип калышы дагы мүмкүн.

Жогорку бийликтеги абалды жакшы билгендер азыр Аалы Карашев менен азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган топтун тымызын тиреши күч экенин айтышат. Карашев президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновду шынааралап жүрөт жана жакын санаалаштары деп Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев менен ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковду айтышат. Президент болот дегендердин арасында анын аты да аталат.

Аалы Карашевдин карачечекей иниси Азат Карашев жакында эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматынын Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG