Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:17

Москвада мигранттар нааразылык билдиришти


Москвада мигранттар полициянын ыксыз текшерүүлөрү көбөйүп, кыргызстандыктарга кысым күчөгөнүнө нааразылык билдирип элчиликке барышты.

Кыргызстандын элчилигине чогулган отуздай мигрант соңку күндөрү түзүлгөн жагдайга даттанып турушту. Элден суурулуп чыгып сөз алган келин полиция кызматкерлери жогору жактан көрсөтмө алгандай эле Кыргызстандын гана жарандарын текшерип жатканын айтты:

- Мурунтан эле көчөдөн токтотуп документтерди текшерип, ОМОН, Миграция кызматы мигранттар жашаган батирлерге келип турушчу. Бирок азыр кыргызстандыктарга гана болуп көрбөгөндөй кысым күчөдү. Мисалы, мен жашаган батирге полиция текшерип келе берип, эми кожойке чыгып кетүүбүздү талап кылууда. Биз төлөгөн ижара акыны, депозит акчаны эми кантип кайтарып алам?

Москвада мигранттар нааразылыкка чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:50 0:00
Түз линк

Мигранттар полициянын рейддери учурунда бир топ мыйзамсыз иштер жана укук бузуулар болуп жатканын белгилешет. Тилек Таалайбеков мыйзамсыз камакка алуулар адамдын аброюна шек келтирүүлөр жана кемсинтүүлөр менен коштолуп жатканын айтат:

- Бир байкени кармап кетишип, эки күн ачка камап коюшту. Анан эки күндөн кийин “документтериң таза экен” деп шылдыңдап коё беришти. Бул эмне деген кордук!

Ал эми Айчүрөк батирди текшерип келген полиция кызматкерлери пара талап кылышканын айтып берди:

- Көчөдөн чогуу жашаган эже менен кирип келишти. Аны метродон кармап эле өздөрү ээрчип келишкен. Анан документтерди текшергенден кийин эле ар кандай шылтоо менен акча доолай башташты. Адегенде 100 миң рубль сурашты, анан соодалашып отуруп 30 миң рубль берип кутулдук.

Мигранттар менен консул Анвар Тохтаходжаев жана миграция боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлү Төлөнбай Кожобаев жолугушуп, арыздарын угуп, бул жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өкмөткө кат жөнөтүлөөрүн билдиришти.

Орусияда кыргызстандык мигранттардын толук мыйзамдашуусу үчүн жашаган жери боюнча каттоого туруу жана эмгек келишиминин негизинде иштөө талап кылынат. Бул эки маселе кыргызстандыктар үчүн башкы көйгөй болуп келет. Мыйзам боюнча өлкөдө юридикалык дарекке каттоого турууга уруксат берилгени менен, полиция мигрантты жашаган жеринен кармап алса, мигрант ошол заматта мыйзамсыз болуп калат.

Жаныбек Иманкасымов бул көйгөйлөр мигранттар арасында мурунтан эле бар болгонун белгилеп, Москвада кыргызстандыктардын абалынын оорлогонун бийлик төбөлдөрүнүн билдирүүлөрү менен байланыштырат.

- Мурунтан эле башка жерге агенттиктер аркылуу каттоого туруп, башка жерде жашап келгенбиз. Акыркы убактагы кысым президент Атамбаевдин Кыргызстандагы орус аскер базасы тууралуу айткандары, ГЭС боюнча келишимдерди бир тараптуу токтоткону менен байланыштуу деп ойлойм. Москванын мэри Собянин кыргыздарды гана жаман көрсөтүп койду. Ал эми полиция кызматкерлерине президент, мэр сыяктуу адамдардын айткандары буйрук да.

Мигранттарды нааразылык билдирип элчиликке барууга чакырган видео кайрылуулар эки-үч күн мурун Одноклассники социалдык тармагында таркай баштаган. Мындай кайрылуу жасаган Тилек Таалайбеков кыргыз өкмөтүнүн көңүлүн бул көйгөйгө бурдурууга аракет кылганын айтат.

- Биз эч кандай саясатты көздөбөйбүз, колдоо көрсөтүп, каржылап жаткан эч ким жок. Биз жаштардын “Мекенчил” деген жаңы түптөлгөн уюмунун мүчөлөрүбүз. Биз кыргызга күйгөнүбүз үчүн ушуга бардык. Элчиликке келип, биригип, маселени талкуулап чечели дегенбиз. Эртең менен метродон чыксак эле элчиликтин жанында ОМОНдун автобустары турат. Бүгүн келип, пикирин айтайын дегендердин көбү ошол метронун оозунан эле артка кайтышты.

Бүгүн элчиликке арыз-муңун айтууга барган мигранттарды ОМОН беш автобус менен тосуп алганы мигранттардын нааразычылыгын жаратууда. Элчилик болсо аскерлер жергиликтүү бийлик органдарынын коопсуздукту сактоо үчүн көргөн чарасы болгонун билдирди.

Консулдуктагы жыйындан кийин “Мекенчил” бирикмесинин беш мүчөсүн полиция кызматкерлери бөлүмгө алып барып, бир сааттай кармагандан кийин коё беришкен.

Кыргызстандык мигранттар текшерүүлөр, өлкөдөн чыгаруулар күчөгөнүн айтып келишкени менен, канча кыргызстандык ушул айда Орусиядан чыгарылганы, канчасы мыйзамсыз деп табылганы расмий түрдө айтыла элек.

Москвада мигранттар нааразылыкка чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:11 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG