Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:16

Ошко авиакаттамдар толук аткарылбай жатат


Ош аэропортунда учак күтүп отургандар.
Ош аэропортунда учак күтүп отургандар.

Бишкек-Ош багытындагы авиакаттамдар аткарыла баштаганы кабарланганы менен учактар дагы эле толук коё берилбей жатканын эки шаардагы аэропорттордо тургандар маалымдашууда.

Ыңгайсыз аба ырайына байланыштуу 10-декабрдан бери Оштогу аэропортто авиакаттамдар токтогон. “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы буга калың туман себеп болгонун билдирген. Бишкектен Ошко барчу каттамдарга да учууга уруксат берилбей, Орусиядан Ошко келе жаткан айрым учактар Бишкекке конгонго аргасыз болду.

“Манас” эл аралык аэропортунун өкүлдөрү 11-декабрда түшкө жакын туман тарай баштаганын, кармалган каттамдардын баары бүгүн аткарыларын маалымдашкан. Аэропорттордо ондогон жарандар учууну күтүп отурушат.

Жүргүнчүлөр Ош аэропортунда 20 сааттан ашуун убакыттан бери отурганын билдиришип, сүрөттөрүн интернетке жүктөштү. Айрымдары күткөндөн тажап, таксиде жолго чыкканын жазышууда.

Маалыматтарга караганда, ондон ашуун учак учпай турат. (SE)

Ош: ондон ашык учак кармалууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:04 0:00

XS
SM
MD
LG