Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Дача СУ тургундары коопсуз жерге көчүрүүнү талап кылууда


Авиакырсык болгон жер.
Авиакырсык болгон жер.

Бул тууралуу Дача СУ айылынын тургуну Айнагүл Үсөнова “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, быйыл 16-январда учак кулап түшкөн айылдагы 230 үй учуп-конуу тилкесинин маңдайында жайгашкандыктан ал жерде жашоо кооптуу.

Айнагүл Үсөнова бул конушту толугу менен коопсуз жерге көчүрүү боюнча өкмөттүн планы жок экенин айтып, эл маселе жакында чечилбей турганына көзү жетип калганын кошумчалады. Андыктан жакында турак жай маселесин чечип берүү талабы менен бийликке кайрылууга ниеттенип жатышат.

Буга чейин өкмөт өкүлдөрү менен жолугушууда жергиликтүү тургундар башка жактан жер бөлүүнү сурашкан. Бирок, кырсыктын кесепеттерин иликтеген өкмөттүк комиссиянын төрагасы, биринчи вице-премьер-министр Мухаметкалый Абулгазиев Сокулук жана Аламүдүн райондорунун аймагында жер жок деген жооп кайтарган.

16-январда “Манас” аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна түркиялык “Боинг” жүк ташуучу учагы кулап, 20дан ашуун үй кыйраган. Кырсыктан 39 киши набыт болуп, жүздөн ашууну жаракат алган. Курман болгондордун 35и жергиликтүү тургундар, алардын жарымына жакыны жаш балдар. Бүгүн маркумдардын кыркылыгы. (KJ/NT)

XS
SM
MD
LG