Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:19

Кыргызстанда 27-июнда өткөн референдум жана Роза Отунбаеванын президент болушу Батыш басма сөз каражаттарында талкууга алынууда.

Түркияда чыгуучу “Hürriyet” гезити “Кыргызстандагы референдумдан кийин Роза Отунбаева президенттик ант берип, Борбор Азиядагы алгачкы аял президенти болуп калды” деп кабарлаган.

Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу Роза Отунбаеванын президенттик ант берүү аземине катышканына көңүлдү бурган гезит, “салтанат учурунда кудум кыргыз өкмөтүнүн бир мүчөсү сыяктуу коргоо министри менен тышкы иштер министринин ортосунда турдум” деп, кыргыздарга канчалык жакын экенин билдиргиси келген Давутоглунун сөздөрүнө орун берген.

Гезит Ахмет Давутоглу Кыргызстанга 21 миллион доллар көлөмүндө жардам берүү жөнүндөгү келишимдерге кол койгонун белгилейт. Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу журналисттерге курган маегинде Борбор Азия жана түрк дүйнөсү расмий Анкаранын күн тартибинен эч качан түшпөгөнүн баса көрсөткөн.

“Zaman” гезитинде чыккан макалада Роза Отунбаеванын ант берүү аземине катышкан бирден бир чет өлкөлүк бийик даражалуу конок Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу болгонуна басым жасалган. Гезит Ахмет Давутоглунун учакта кабарчылар менен болгон маегинин үзүндүсүн баскан.

Өз сөзүндө Давутоглу Түркия Кыргызстанда туруктуулукту калыбына келтирүү үчүн колунан келгенин жасаганы жана мындан ары да уланта берерин белгилеп, Түркия Борбор Азиядагы боордош жумуруяттардын ортосундагы келишпестиктердин жоюулушу үчүн дагы көп күч жумшаларын маалымдаган.

Jamestown Foundation аттуу кордун интернет баракчасында “Кыргызстандагы референдум: маселелер кала берүүдө” деген тема менен көлөмдүү макала жарыялаган.

Анда ЕККУнун байкоочулары референдумга оң баа бергени, бирок көпчүлүк кыргыздар жаңы Конституцияны толугу менен түшүнбөсө да өлкөдөгү туруктуулук үчүн добуш беришкени, жаңы Конституцияга байланыштуу чатак эми чыгышы мүмкүн экени айтылат.

“10-октябрга белгиленген парламенттик шайлоонун натыйжасын азыртадан билүү кыйын болгондуктан шайлоо жараяны же бүгүнкү күнгө чейин аймакта болуп көргөн эң таза шайлоо болуп калат, же болбосо бир канча саясий партиянын, анын ичинде Алмазбек Атамбаевдин Социал-Демократиялык партиясынын, Өмүрбек Текебаевдин “Ата Мекен”, Темир Сариевдин “Ак шумкар” жана Феликс Куловдун “Ар Намыс” партиясынын ортосундагы талашка айланып кетет. Аталган партиялардын айрымдары кылмыштуу топтор менен байланышы бар” деп баяндалган макалада жаңы президент Роза Отунбаеваны жакын арада күткөн кыйынчылыктар тууралуу ой жорулат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG