Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:27

Батыштын басма сөз каражаттары Кыргызстандын түштүгүнө ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүү маселеси, Өзбекстанда аялдарды амал менен жатынын бууп коюу көрүнүшү (гистерэктомия) жана Казакстандын тамеки талааларында иштеген өспүрүмдөр проблемасына да көңүл бурушту.

“16-июлда ЕККУ Кыргызстандын түштүгүнө эл аралык полиция күчтөрүн жиберүү жөнүндө убактылуу өкмөттүн суранычын колдоду” деп билдирет "International Herald Tribune" гезити. Анда берилген маалыматка ылайык, ЕККУга мүчө 56 өлкөнүн макулдугунан өтүүгө тийиш болгон келишимдин алкагында 52 куралсыз полиция офицери кыргыз милициясына көмөк берип, абалды байкап барат. “Кийин кошумча 50 полиция дагы жиберилиши мүмкүн” деп жазат гезит.

Бул маселеге "Neue Zurcher Zeitung" гезити да кайрылып, “эл аралык полиция күчтөрү Кыргызстанга жиберилгени жатат. Буга байланыштуу өтүнүч менен Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева кайрылды” деп билдирген. Гезиттин макаласында Германия менен Франциянын тышкы иштер министрлери Гидо Вестервелле менен Бернар Кушнердин Кыргызстанга сапары жөнүндө баяндалып, “Вестервелле Кыргызстан жаңы президент менен туруктуу абалга келет деген үмүтүн билдирип, бул Европанын жана жалпы дүйнөнүн таламдарына төп келет” деп айтканы билдирилет.

“Кыргызстандын түштүгүндөгү капсалаңдан кийинки качкындардын абалына карата расмий Ташкендин мамилеси президент Ислам Каримовдун бийлигине чоң упай алып келди” деп айтылат Eurasia View интернет баракчасында чыккан макалада. Чет элдик байкоочулар коогалаңдан кийинки гуманитардык кризиске карата расмий Ташкендин мамилесине оң баа беришкени белгиленген макалада өзгөчө президент Каримовдун оор басырык саясий туруму Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялардын жайылып кетүүсүн алдын алууда маанилүү рол ойногону баяндалат.

Лондондо чыгуучу "Independent" гезити Өзбекстанда мажбурлоо жолу менен аялдардын жатынын бууп коюу операциясы дагы эле уланып жатканын билдирет. Саодат Рахимбаева аттуу өзбек аялдын башынан өткөргөн окуя мисалга тартылып, макалада президент Ислам Каримовдун 1990-жылдардын соңунда баштаган гистерэктомия өнөктүгү быйыл кайра күч алганы, февралда Саламатыкты сактоо министрлигинин жарлыгы менен бардык медициналык жайларда гистерэктомия бойдон бүтүрбөөнүн эң коопсуз жолу катары аялдарга сунушталып жатканы, айрым учурларда мажбурлоо жолу менен жасалып жатканы бышыкталат.

Макалада мусулмандар басымдуулук кылган өлкөдө жумушсуздардын саны көбөйүп, алар Ооганстандагы талиптер жана “ал-Каида” уюму менен байланышы болгон радикалдуу топторго тартылып кетүүсүнөн өзбек бийлиги чочулап, төрөттү көзөмөлдөө ыкмаларын үгүттөөнүн ордуна аялдардын жатынын бууп коюу, же бойдон алдыруу өңдүү Батыштын талаптарына төп келбеген ыкмаларды колдонуп жатканы баяндалат.

Аталган гезитте жарыяланган дагы бир макалада Казакстандын тамеки талааларында өспүрүмдөрдүн эмгеги пайдаланылып жаткандыгы тууралуу кабарларга сереп салынган. Макалада тамеки тармагында ири компания деп эсептелген “Филип Моррис” Казакстандын тамеки талааларында 10 жаштагы өспүрүмдөр күнү-түнү дебей иштеп келатканын акыры мойнуна алууга аргасыз болгону айтылат. Макалада тамеки талааларында орун алган мыйзам бузуулар, укуктары одоно бузулган ишчилердин көргөн кордуктары тууралуу кенен маалымат берилет.
XS
SM
MD
LG