Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:57

Максатына жетпеген митинг


Батыш басма сөз каражаттары Ош шаарында америкалык база курулушу мүмкүн экендигин, “Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасовдун кармалышын жана Орусия жүргүзүп жаткан саясий оюндар тууралуу макалаларды жазышууда.

“Курч кырдаалга карабастан америкалык базаны куруу маселеси күн тартибинде” деп жазат “Washington Post” гезити. Макалада АКШ Ошко 10 миллион доллар бөлүп, аскердик машыгуу базасын куруу планынан баш тартпаганы, “Ош полигону” деп атала турган базаны түзүүнү алгач мурдагы президент Курманбек Бакиев сунуш кылганы белгиленип, бул тууралуу сүйлөшүүлөр президент Роза Отунбаева менен да уланып жатканы айтылат.

5-августта Урмат Барктабасовдун митинги тууралуу жазган гезит, “түштүктө аскерлер менен өзбек тектүү жарандардын ортосундагы абал курч бойдон сакталып турат” деген АКШнын мамкатчысынын Түштүк жана Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысы Роберт Блейктин сөздөрүнө да орун берген.

“Мекен туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасовдун кармалуусу менен аяктаган митинг Лондондун “Guardian” гезитинин да көз жаздымында калбады. Коопсуздук күчтөрү көздөн жаш агызуучу газ жана кулак тундурган гранаталарды колдонуп, Барктабасовдун курултайы таратылганын жана ал камакка алынганын маалымдаган гезит бул окуя өлкөдө туруксуздук кырдаалынын пайда болуу коркунучун эске салганы билдирилет.

Өкмөттүн басма сөз өкүлү Фарид Ниязов кармалган 27 кишинин айрымдарына “бийликти күч менен тартып алууга аракет жасаган” деген айып коюлуп, тергөө амалдары башталганын баяндаган. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Барктабасовдун “Мекен Туу” партиясын Бакиевдин үй-бүлөсү каржылаганын билдирген. Барктабасовдун премьер-министрлик кызматты талап кылганына токтолгон гезит, митингчилердин айрымдары Барктабасовдун президент болушун талап кылганына көңүлдү бурат.

Түркияда чыгуучу “Milliyet” гезити Барктабасовдун окуясын “Бишкекте төңкөрүш аракети” деген баш сөз менен чагылдырган. Барктабасовдун 2005-жылы президенттике талапкер болгону, бирок ал Казакстандын атуулу болгондуктан талапкерлиги алынып салынганын эске салган гезит президент Роза Отунбаева анын премьер-министр кылуу талабын четке какканы билдирилет.

Вашингтондо жарык көрүүчү “Foreign Policy” аттуу гезит Орусиянын Борбор Азиядагы тымызын амалдарына сереп салган көлөмдүү макала жарыялаган. Орусия аймакта таасирин арттыруу үчүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан пайдаланып жатканы бышыкталган макалада, кийинки 10 жылдын аралыгында дүйнөдө мунайдын баасынын рекорддук деңгээлге чыгышынын шарапаты менен өзүнүн экономикасын жөнгө салып, ошол эле учурда АКШнын дүйнөнүн булуң бурчтарындагы согуштар менен алаксып кетишинен пайдаланып, аймакта үстөмдүгүн кайра орнотуу аракетине күч бергени бышыкталат.
XS
SM
MD
LG