Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:09

Кыргызстандын келечеги көңүл чордонунда


Батыштык медиа каражаттары Кыргызстандагы саясий абалга, өзгөчө түштүктө орун алып жаткан окуяларга байкоо салууда.

Eurasia View интернет баракчасында чыккан кабарда “АКШнын Ошто аскердик база куруу планы ордунан чыкпай калды” деп билдирилет. “Пландын жараксыз болуп калышы Кыргызстандын түштүгүндөгү абалды турукташтыруунун келечеги тууралуу күмөндүү сезимдерди туудурат” деп белгиленген макалада башынан тартып эле пландалган бул долбоор геосаясий чыр-чатактын булагы болуп келгени; аймакта ЖККУнун аскердик машыгуу базасын курууну пландаган Орусиянын кыжырын келтирип, акыркы убакта Кыргызстандын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү бул тууралуу өкмөттөн эч кандай сөз чыкпаганын АКШдан да андай талап келбегенин билдире башташканына көңүл бурулат.

Лондондо жарык көрүүчү “The Guardian” гезитинде “Азиянын ичиндеги жарака” деген тема менен чыккан макала жарыяланып, Кыргызстанда июнь айында болгон коогалаңдан кийинки абалга сереп салынган.

“Борбор Азиянын картасында бир учурда Кыргызстан жайгашкан жерде эми чоң бир жарака гана бар” деп айтылган макалада, авторитардык режимдер бийлеген бул аймактагы демократиянын жана толеранттуулуктун аралы катары эсептелчү Кыргызстан бүгүн иш жүзүндө иштебей калган бир өлкөгө айланганы бышыкталат.

Жылдарга созулган начар башкаруучулук жана коррупциядан кийин кулатылган Курманбек Бакиевдин ордуна бийликке келген өкмөт бүт өлкөгө өзүнүн көзөмөлүн орното албаганы белгиленген макалада, ошонун айынан июнь айында түштүктө жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйылган жана өзбектер менен кыргыздар ортосундагы жараны ырбаткан коогалаң келип чыкканы баяндалат.

“Бул окуялардын алкагында Бишкек Ошко болгон көзөмөлүн колдон чыгарды. Ошто улутчул маанайдагы мэр Мелис Мырзакматов саясий күчү менен алдыга чыга келип, эктремисттик маанай күч алды. Жакын арада Бишкек аны кызматтан алууга аракеттенсе да, колунан келбеди. Эми аброюна доо кеткен Убактылуу өкмөт менен кыр көрсөткөн мэрдин ортосунда кысылып калган Түштүк Кыргызстанда жана анын айланасында олуттуу коркунуч пайда болду” деп айтылат макалада.

Ошондой эле бул макалада БУУнун баңги зат жана кылмышка каршы бөлүмүнүн божомолуна ылайык, жыл сайын 95 тонна героин Орусия жана Европага Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу өткөнү, Ош болсо аймакта маң зат боюнча транзит борборуна айланып калганы белгиленет.

“Түштүк Кыргызстан ошол эле учурда исламчыл экстремисттердин уясы болуп калышы да ажеп эмес. Бул жерде сөз июндан кийин пайда болгон саясий боштук экстремисттик уюмдарга жаңы мүчөлөрдү тартуу мүмкүнчүлүгүн жаратып отурганында гана эмес, июнь капсалаңы өзбектер менен кыргыздардын ортосундагы жараны тереңдештиргендиктен эгерде улутчулдук маанай мындан ары күчтөнө берген абалда жаңы кагылышуулардын келип чыгуу ыктымалы жөнүндө болуп жатат” деп эскертет “The Guardian” гезити.

Эл аралык Кризис тобунун интернет баракчасында да Кыргызстандагы кырдаалга көңүл бурулуп, эгерде июнь айында болгон окуялардын натыйжаларына каршы тез, чечкиндүү жана бардыгын камтыган чаралар көрүлмөйүн, бул коогалаң кайталанышы мүмкүн экени эскертилет.

Макаланын автору Эндрью Штрөлейн (Andrew Stroehlein) Оштун мэри Мелис Мырзакматовдун борбордук бииликке баш ийбей жатышына токтолуп, Кыргызстандын убактылуу бийлиги өлкөгө толук көзөмөлүн орното албай жатканын белгилеп, “түштүктө абал ушул калыбында сакталып кала берсе, ансыз деле күчтүү бир фактор болгон маң зат аткезчилиги өзүнүн күч базасын андан ары жайышы толук ыктымал. Эл аралык коомчулуктун чечкиндүү чаралары ишке тартылбаса, аймак бат эле исламчыл экстремисттердин эркин талаасына айланып калышы ажеп эмес” деген Кризис тобунун Азия программасынын жетекчиси Роберт Темплердин (Robert Templer) пикирин кошумчалайт.
XS
SM
MD
LG