Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Абал кооптуу, кырдаал курч


Батыш басма сөз каражаттары Кыргызстандагы опурталдуу кырдаалга да көңүл буруп, кыргыз өкмөтүнө аларды алдын алуу керектигин эскертишүүдө.

“Washington Post” гезитинде чыккан макалада Кыргызстандагы саясий абалга сереп салынып, ансыз деле Ооганстандагы согуштан улам түйшөлүп жаткан АКШнын башын эми Кыргызстанда күн өткөн сайын аброюн колдон чыгарып бараткан бийлик оорута баштаганы белгиленет.

“Бишкектеги жылына 60 миллион долларга турган америкалык база боюнча келишимди дагы бир жылга узартууга макул болгон жана аброю күн өткөн сайын түшүп бараткан президент Роза Отунбаева, АКШ пландаган коопсуздук программасынан баш тартты. Ал программа террорчулукка жана маңзат аткезчилигине каршы күрөштө жергиликтүү коопсуздук кызматчыларын машыктыруу борборун ачуу, ошондой эле эл аралык полиция кеңешчилерин бул өлкөгө жиберүү өңдүү пландарды камтыйт эле” деп белгиленген макалада, өзгөчө түштүккө көзөмөлүн толук орното албай жаткан бийликтин авторитетинин чабалдап баратышы жакын арада америкалык базага коркунуч туудурбаса да өлкөдө кошумча кандуу окуялардын келип чыгуу жана аймакта АКШ каалабаган күчтөрдүн жайгашуусуна шарт түзүү ыктымалы бар экени бышыкталат.

“Коммерсант” гезитинде чыккан макалада ушул аптада Кыргызстанга бараары болжолдонгон ЕККУнун полициялык кеңешчи тобундагы 52 полициячы акыркы мүнөттө билеттерин кайра тапшырып, Кыргызстанга баруудан баш тартышканы айтылат. “Себеби ЕККУнун кеңешчи тобу бара турган Кыргызстандын түштүгүн борбордук бийлик башкара албай жатат жана ал жерде калк чет элдик кеңешчилерди көргүсү келбейт” деп белгиленет макалада.

Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык Human Rights Watch уюмунун интернет баракчасында кыргыз бийлигин июнь айындагы коогалаң менен байланыштуу соттолуп жаткан укук коргоочу Азимжан Аскаров баш болгон сегиз адамдын коопсуздугун жана соттун адилеттүү өтүшүн камсыздоого чакырган билдирүү жарыяланды. Анда алгачкы сот ишинде жабырлануучулардын туугандары айыпталуучу сегиз кишинин адвокаттары менен жакалашканы жана айыпталгандарга шише ыргытышканы белгиленет.

Ушул эле баракчада “Күкүрттүү чакага камалган Кыргызстан” деген тема менен чыккан дагы бир макалада “июндагы коогалаңга байланыштуу кармалган өзбек тектүү жарандар убактылуу кармоочу жайларда коопсуздук кызматчылары тарабынан ур-токмокко алынып, оор кыйноолорго туш болууда” деп айтылат. Кыргыз-өзбек чек арасында акыркы убакытта орун алып жаткан окуяларга да көңүл бурган макалада, Кыргызстанда кайрадан тополоң чыгып кетүү ыктымалдыгы чоң экени, кан төгүүлөрдү алдын алуу үчүн убакыт аз болгону эскертилет.
XS
SM
MD
LG