Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:23

Батыш басма сөз каражаттарында Кыргызстандын ири державалар үчүн стратегиялык мааниси жана аскердик базалар, Түркиядагы референдум талкууга алынууда.

"Washington Post" гезитинин 17-сентябрдагы санында жарыяланган макаласында америкалык экс-сенатор, Улуттук демократия институтунун вице-президенти Томас Дащл жакын арада Кыргызстанга болгон сапары тууралуу маалымат берген. Томас Дащл Бишкекке болгон саякатынан кийин Кытай, Казакстан, Пакистан жана Ооганстан өңдүү мамлекеттердин көлөкөсүндө калган Кыргызстан стратегиялык мааниси жана демократиялык кубулуштары жаатынан алып караганда алда канча көбүрөк көңүл бурууга татыктуу экенине көзү жеткенин баяндаган.

Томас Дащл “ошол эле учурда кыргыз элин Ооганстандагы согуштун гана эмес, демократиялык амбицияларынын өңүтүнөн баалаш керек” деген пикир билдирген. Саясатчы Кыргызстанга байкоо салган көпчүлүк америкалык адистер Кыргызстанга бир гана “Манас” транзиттик борбору жайгашканы үчүн гана маани беришерин белгилеп, бул базанын келечеги экс-президент Курманбек Бакиевдин учурунда кепилдикке алынганы менен, апрелдеги ыңкылаптан кийин арсар болуп калганын белгилейт.

“Мен Кыргызстанга башкача өңүттөн карайм. Кыргызстан базага үй ээлиги кылган үчүн гана эмес, бул өлкө аймакта демократия жолунда өнүгүү жаатынан потенциалы эң күчтүү өлкө болгон үчүн да чоң мааниге ээ. Өлкөдөгү кырдаал элдин талабына төп келбей жаткан болсо да, элдин демократияга болгон талабы али да болсо күчтүү. Кыргызстан эки жолдун ортосунда. Ушул өткөөл мезгилден келип чыга турган жыйынтык өлкөнүн келечегине жана жалпы аймактын саясатына алып келе турган таасири абдан зор болмокчу” деп жазат автор.

"New York Times" гезитинде чыккан макалада кыргыз өкмөтү Орусиянын Кыргызстандагы аскерий базасынын ижара акысын кескин түрдө жогорулатышы мүмкүн деген пикир билдирилген. Коргоо министри Абдилла Кудайбердиев Орусиянын Кыргызстандагы базасы жана башка аскердик объекттери үчүн акысын 4 эсеге көтөрүү талабы коюла турганын билдиргени белгиленген макалада, бул тууралуу келишим 10-октябрга белгиленген шайлоодон кийин каралышы мүмкүн экени баяндалган.

"The Jamestown Foundation" аттуу кордун баракчасында да бул темага арналган макала жарыяланды. Кыргызстан жана Орусиянын коргоо министрлеринин ортосунда Москвада болгон сүйлөшүүлөр тууралуу маалымдалган макалада, Орусия Кыргызстандын түштүгүндө аскерий машыгуу базасын курууну пландап жатканы айтылган.

Өткөн аптада Батыштын басма сөз каражаттары 12-сентябрда Түркияда өткөн референдумдун жыйынтыгына көңүл бурушту. "The Washington Post" гезити 19-сентябрда жарыялаган макаласында референдумда басымдуу көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынган “Конституцияга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору аскер кызматчылардын иши жарандык сотто соттолуусу, аялдардын, майыптардын, балдардын укуктарын кеңейтүү, профсоюздук уюмдарга салынган чектөөлөрдү алып салуу өңдүү бир катар оң мүнөздүү жагдайларды камтыганы менен, Конституциялык Сот менен судьялар жана прокурорлор жогорку кеңешин түпкү тамырынан кайра куруунун да жолун ачканы эскертилет.

Макалада “бул өзгөртүүлөр, премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган бышыктагандай, түрк демократиясындагы маанилүү бурулуш учурбу? Же Германиянын канцлери Ангела Меркел айткандай, Түркиянын Евробиримдикке мүчө болуу жолунда ташталган чоң кадамбы? Же болбосо, Түркияда оппозиция айткандай бул референдумдун жыйынтыгы өкмөт башчы Эрдоган менен анын исламчыл маанайдагы АК партиясынын “жарандык диктатурасына” алып бара турган жолдун ачкычыбы” деген суроо коюлган. Анда “8 жылдан бери өлкөнү бийлеп келаткан премьер-министр Эрдогандын өкмөтүнүн мүнөзүнөн алып караганда, кишини терең ойго салган башкы жагдай – жогорудагы суроолордун жооптору бүдөмүк бойдон кала бергени” деген пикир айтылат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG